ЫСЫК КУЧАКТЫН СЫРЛАРЫ ЖЕ ЭРКЕКТЕР «ЭМГЕКТЕНҮҮ» УЧУРУНДА

Эркектер үчүн төшөк оюну жөн жатып алып футбол көрүп рахаттануу эмес. Аларга психологиялык жактан да, физикалык жактан да бир топ эмгектенүүгө туура келет. Так ошол рахаттануу учурунда эркектердин организминде төмөндөгүдөй өзгөрүүлөр жүрөт.

МЭЭ
«Кандай кереметтүү түн өтөт!» Ушул ойдон улам мээ чыңала баштайт да, бардык организмге сигнал кетет. Бул боло турган төшөк оюнуна даярдануу болсо, рахат учурунда мээдеги башка ойлор таптакыр жоголуп кетип, ошол процесс гана калат. Ошондуктан кумарлануудан кийин депрессия, стресстен адамдар арыла түшөт.

ЖҮРӨК
Жүрөк бул иште өтө жоопкерчиликтүү орган. Анткени жыныстык катнаш башталгандан тартып жүрөк тез-тезден согуп отуруп, кумардын туу чокусуна жеткенде мүнөтүнө 80ден 200 жолу согууга чейин жетет. Рахаттануу учурунда эркектердин жүрөк оорусу көп кармап калышы мүмкүн. Андыктан, жүрөгү алсыздар, абайлаңыздар...

ӨПКӨ
Албетте, бул учурда тез-тезден дем алуу, демигүүгө дуушар болот. Ошондон улам өпкөдөгү кычкыл газдар сыртка көбүрөөк чыгып, өпкөнүн иштешин жөнгө салат. Ушундан улам кээ бир учурда жөтөлүү же тамак оорулары башталып келе жатса, аны токтотуп калуусу мүмкүн.

АШКАЗАН
Көп учурда кумарлануудан кийин эркектердин карды ачып же суусап чыгат. Анткени ашказандан башка учурга караганда көбүрөөк суу бөлүнүп чыгып, табитти ачат. Андыктан кумарлануудан кийин түгөйүңүз шарт ашкана тарапка кетсе, ага кабатыр болбоңуз.

БӨЙРӨКТӨР
Кызыгы, кандагы адреналин гормону так ушул бөйрөктөрдөн башталып, мээге жетет. Бөйрөк жыныстык органдарга түздөн-түз тиешелүү орган болгондуктан, бул учурда бөлүп чыгаруу активдүү жүрөт.

КАН БАСЫМ
Жүрөк тез-тезден согуп, буга байланыштуу кан айлануу организмде жакшы жүрөт. Кумарланууга даярданып жатканда жамбаш булчуңдарына кан көбүрөөк куюлуп, топтолот. Анткени боло турган «майданга» жыныстык мүчөлөрдүн даярдалышына өбөлгө түзүлүшү кажет.

ТЕРИ
Сүйүү түнүнөн кийин тери жылмакай болуп калганын байкасаңыз керек. Тери секс учурунда сезимтал келип, айрыкча эрогендүү зоналар өтө назик болот. Керектүү гормондор иштелип чыккандыктан, тери жылмакай тартып калат.

БУЛЧУҢДАР
Адатта буттун жана жамбаштын булчуңдарына күч келгендиктен, катуу чыңалууга дуушар болушат. Дал ошол чыңалуудан улам булчуңдар күчтүү боло баштайт. Спорт залдан машыгууга жетпесе да, форманы жоготпой алып жүрүүгө жардам берет.

ОРГАЗМ
Жыргалдын туу чокусуна жеткенден кийин эки эсе күч менен иштеп жаткан бардык органдар жайланышып, калыбына акырындык менен келе баштайт. Булчуңдардын чыңалуусу токтоп, жүрөктүн согуусу жайлайт.

МУРУН
Сексопатологдордун айтымында, мурун кумарлануу учурунда жыт сезүүсү эки эсеге күчтүү болуп калат. Бул өзгөчөлүк эркек жаныбарларда да билинген. Жыт алардын ышкысын күчөтүп, ого бетер кумарлантат. Ошондой эле адам рахаттын туу чокусуна баткан учурда бүтүп жаткан мурун дагы ачылып, анча-мынча сасык тумоолор жоголуп кетет.

МЫНДАН ТЫШКАРЫ...

  • Аялдардын организминде деле жогорудагыдай көрүнүш болгону менен, эркектердикине салыштырмалуу аз күч керектелинет. Кыргызча айтканда, бул «улуу ишти» аткарып жатканда эркектер эки кап көмүр көтөрүп чуркагандай эле эмгек кылышат. Эмгек кылып чарчоодон кийин айрымдардын оозуна сөз деле келбей калышы мүмкүн. Андыктан «сага ушул эле керек, анан менин керегим жок» деп наалый бергенди бир аз азайтсаңыз болот. Маңдайыңыздан чоп эттире өөп ыраазычылык билдирип койсо деле жакшы.
  • Эркектер көпчүлүк учурда капа болушса же кыжалат болгондо төшөк мамилесин каалашат. Анткени бул алардын организминдеги толкунданууну, кыжалатчылыкты сүрүп чыгарат жана гормондордун нормага түшүшүнө жардам берет. Бул нерседен кийин гана алар маселени чечүүгө даяр болот.
  • Эркектердин сырын тартууга же бир ишке макул кылуу үчүн дал ушул учурду тандасаңыз ыңгайлуу. Анткени алар акылы жана денеси эс алып, допамин гормону көбөйүп, ачык болуп калышат.

Астра Айдарова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (51)
Gulzada91
2013-06-23 15:23:16
Жакшы кенеш рахмат, а суроттогу Роналдодон биздин кыргыз жигиттери кем бекен?
+1
tilek88.88kg
2013-07-19 20:48:30
Аялдардында рахат алуу жолдорун жазып койсонор мисалы арбир эркек аял менен жатканда сосуз рахатка канат ал эми аялдар андай эмес неге не себептен аялдарды туу чокусуна жеткизу учун кандай жолдору бар же анча мынча аялдар кумардын ту чокусуна чыгалбай жаткандыр ошо себеп аялдын жынысы жонундо тема ачсаныздар канча турго болунот семиз менен арык узун кыска аялдар аркандай болот дегендей .ерогонду зонасы жынысынын кайсы болугундо жайгашкан, эркектерге окшоп аялдар туу чокусуна чыга алабы кебир аял
0
tilek88.88kg
2013-07-19 20:54:17
19.07.2013 жогоруда жазган tilеk88.88kg дын каты Супер Инвого сунушталган каты аялдын жынысы туралу толук бир тема жазып койгулачы рахмат.
0
sydykova.janna1989
2013-07-30 17:56:01
Хе хе мындан келип чыгып баардык мучого таасирин берет экен да волшебный витамин или витамин роста
0
indira.1991
2013-08-13 05:37:54
жакшы кенеш экен
+1
kultaev
2013-09-19 18:46:12
мен учун баары туура
0
BAIELBEK
2013-09-22 15:38:50
туура мен учун себеби практикада болгон
0
Neizvestnaya
2013-10-03 21:47:15
Jakwy temago birok talabyny sexke chein aitsan sonun sozsuz makul deit...
0
bayash
2013-12-09 22:21:11
maga abdan jakty men da biro menen jatkym kelip ketti
-1
Muni-muni
2014-01-21 21:30:30
жубайлардын кумардын туу чокусуна жетиши учун ортодогу сезим эн 1 орунда. Аялынын оргазм алышы учун эркек коп аркеттерди жасап эрогендуу зоналарын, оргазм алуу точкаларын таап алуусу керек. Ал эми аялы да жон эле жата бербестен куйоосунун эрогендуу зоналарын козгогонду билиши керек. Мына ошондон кийин тошок кумарынын туу чокусуна жете алышат экоо тен! Аялынын точкаларын билбесе аялы кайдан кумар ала алат?! копчулук жубайларда ушул маселе жаралат эмеспи....
0
Muni-muni
2014-01-21 21:51:40
аялын кумардын туу чокусуна жеткируу чыныгы эркектин колунда. Андыктан аялынын " точкаларын" билип, ошого жараша иш кылса эч кандай маселе жаралбайт! тескерисинче аялын куноолоп тескери жакка баргандар канча!!! маселе жарала турган болсо женил ойлуулукка алдырбай экоо ачык суйлошуп, тошокто жаны ыкмаларды колдонушса эн жакшы натыйжа берет. О.э эн башкы нерсе ортодо ысык сезим болуш керек!!! бул менин гана оюм..
+1
kuba-kj
2014-08-05 17:29:24
Жакшы темалар. Мен тошокту ото суйго адамга кирем,бир поза мени канаатандырбайт анан аялдан жагымсыз жыт келсе илхамдын баары качып кетет. Жашсынбы колдоно бил!
0
BEGIMKYZYM
2015-11-19 14:36:43
сага ушул эле керек, анан менин керегим жок» деп наалый бергенди бир аз азайтсаңыз болот. Маңдайыңыздан чоп эттире өөп ыраазычылык билдирип койсо деле жакшы.МАГА УШУЛ СОЗУНОР ЖАКТЫ,НААЛЫВАЙТ ЭЛЕМГО ...ИЧИМДЕН ОШЕНТИП ОЙЛОНОТ ЭЛЕМ.РАХМАТ СИЗДЕРГЕ
0
aizirek...
2016-02-12 00:49:32
Даа тушундум баарын. Жакшы маалымат экен
0
muni5
2016-04-06 16:57:06
Бир да жолу оргазмга батпаган аялдар бар э
кен. угуп алып аябай тан калгамын. копчулук аялдар ушундай экен. аялдар жонундо да маалымат берсениздер
0
№ 552, 31-май-6-июнь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан