Бир үйгө конокко барып калып, кызыктай абалга кабылдым. Жаш үй-бүлө. Күйөөсү бир ырчы кызды жактырат экен, тамашалап келинчегине айтып койсо, ал кызганат. Анан аялы түрк сериалындагы Сулейманды кумир тутуп алганын айтып, үйдө чыр чыккан учуру экен. Турмуштан алынган ошол окуя фотобаян тартуубузга түрткү болду. «Фоторомандагы» башкы каарманыбыздын аты – Айнура. Үй-бүлөлүү. Жолдошу экөөнүн ортосунда 3 жаштагы уулу бар. Учурда баласын карап үйдө.
Айнура кандай айла табат? Күйгөн тамак үчүн араздашууга барабы? Ушул сыяктуу жоопторго гезитибиздин кийинки сандарында жооп аласыздар.
P.S. Фотороманга катышкан актёр, актрисалар жөн гана образ жаратышты. Алардын бул окуяга эч кандай тиешеси жок!
(Уландысы кийинки санда)
Асхат Субанбеков
star@super.kg