«Super.kg» футбол командасынын капитаны Азамат Нуралиев:«ЫНТЫМАК МЕНЕН БИРИМДИКТИН АРТЫНАН ЖЕҢИШКЕ ЖЕТТИК»

«Супер-Инфонун» футбол боюнча Кубогунда бул команда мыкты оюн көрсөтүп келет. Курамында жалаң спортту сүйгөн, энергиясы ашып-ташкан курч жаштар. Оюн талаасында колдонгон ыкмалары да өзгөчө. Кеп нугу www.super.kg порталынын колдонуучуларынан түзүлгөн «super.kg» командасы тууралуу. Команданын түптөлүү тарыхы жөнүндө команданын капитаны Азамат Нуралиев жана «ардагер» оюнчулары Жыргал Файзуллаев, Адыл Ражаповдон билдик.

– Жигиттер, кептин башын «super.kg» командасынын түптөлүүсүнөн баштасак...
Азамат: – Жакшы болот. Ал кезде мен «Супер-Инфо» гезитинде дизайнер болуп иштечүмүн. Ошондо эле гезиттин футболдук командасында Жыргал, Адыл болуп чогуу ойночубуз. Кийин жетекчилик тарабынан «www.super.kg порталы өзүнчө команда болсо кандай болот?» деген сунуш түшүп калды. Анан биз дароо активдүү колдонуучулардын арасынан футболду сүйгөндөрдү чогултканбыз. Жыргал, Адыл, Темирлан, Талант деген балдар команданын түптөлүшүнө зор салымын кошкон жигиттер.

– Суперфутбол мелдешине катышып жатканыңарга канча жыл болду?
Жыргал: – Быйыл үчүнчү жолу катыштык. Алгач 2011-жылкы таймашта 2-орунду алганбыз. Кийинки жылы командадагы ич ара түшүнбөстүктөрдөн улам жакшы даярдана албай калдыкпы, айтор, пенальтиден «Тамашоу» командасына утулуп калдык. Быйыл болсо, өзүңүздөр билгендей, 3-орунду алып, үйгө козу жетелеп кеттик.

 

 

– Команданын курамы жыл сайын өзгөрүп турабы?
Адыл: – Ооба, жыл сайын бир эле жүздөр ойной берсе, көпчүлүктө «порталдын колдонуучулары ушул 11 эле балабы?» деген ой туулушу мүмкүн. Анан да команданын «ардагерлери» Темирлан, Талант деген оюнчуларыбыз «биз жолду жаштарга бошотолу. Өзүңөрчө команда түзгүлө» деп батасын беришти.
Аталган мелдешке эки ай калганда порталдын колдонуучулары арасында чакан футболдук мелдеш өткөрүп, мыкты оюнчуларды тандап алганбыз. Жаңы оюнчулар командага жаңы дем-күч кошуп, бизди алдыга сүрөп турушту. Дарбазачыбыз Бекжан Бакаев быйыл жаңы кошулганына карабай мыктылыгын көрсөтүп, көптөгөн кооптуу абалдардан куткарды. Ал эми командадагы кыздардын көпчүлүгү жаңы кошулгандар. Алар өз функцияларын биз ойлогондон да мыкты аткарышты. Оюн талаасында коргоо чебинде турган кыздарыбыз чабуул да жасап жүрүштү.

– КТРК командасынан жеңилүүңөрдүн негизги себеби эмнеде болду деп ойлойсуңар?
Азамат: – «Бийчилер» командасы менен ойноп жатканда Жыргал акырегинен жаракат алып калды. Биз баарынан «Бийчилер» командасынан коркуп жатканбыз. Аларды жеңгенден кийин «Мегаком», «Аю», КТРК командалары деле коркунучтуу сезилбей, «уфф» деп жеңилдеп калдык. Бирок Жыргал жаракат алып, ойной албай калганына байланыштуу КТРК менен кара күчкө салып эле ойнодук. Анан да калыстар менен тартышып калбадыкпы, бизге психологиялык басым жасап коюшту, эмоцияга алдырып, ал нерсе оюндун жүрүшүнө таасирин тийгизди окшойт. Топ тоголок, тепкен жагыңа түзбү же кыйшыкпы кете берет. Бирок 18 команданын ичинен 3-орунду алуу деле чоң жетишкендик. Бул жеңиш биримдик менен ынтымактын артынан келген жеңиш болду.

– Элиза, командага кантип кошулуп калдың?
Элиза: – «Super.kg» командасына ойноону командадагы Бексултан сунуштаган. Өзүм деле Кыргызстанда кыздар арасында футбол бар экенин жакында эле билдим. Спорт менен 18 жаштан бери машыгам, күрөштүн самбо түрү боюнча бир нече эл аралык мелдештердин катышуучусумун.


– Оюн учурундагы кызыктуу учурлардан айтып өтсөң...
Элиза: – Биринчи эле «Актёрлор» командасы менен ойнободукпу. Ошондо бири-бирибиз менен учурашып жатканда колдорунан катуу-катуу кысып койгон болчумун. Кийин «ээ, бул кыздан качкыла, чаап салат» деп тамашалап жүрүштү.

Лунара Бекиева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жүрөгү команда деп соккон Суперстандыктар
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
kanu
2013-06-03 11:31:57
Азамат деген бала молодец,биздин жакын дос балдарыбыздан болот,окуп жургон кезде да аябай жакшы ушундай нерселерге уюшумдуу бала болчу.Ийгилик сага Азамат.Жибек и Каныкей
0
№ 552, 31-май-6-июнь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан