Урмат Аманбаева, ЖКнын депутаты:«ЭНЕҢДИ ЖАКШЫ КӨРСӨҢ, ЭНЕ ТИЛИҢДИ УНУТПА»

Биздин кезектеги каарманыбыз эмгек тажрыйбасын эсепчиликтен баштап, ишкердик менен улантканы үчүнбү, ар бир суроого так жана кыска жооп узатып отурду. Анан да композитор жана аткаруучу Исрадин Аманбаевдин карындашы экенин көпчүлүк биле бербесе керек.

ТАРАЗАДАН БАШТАЛГАН ТАРЖЫМАЛ
1966-жылы 23-мартта Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Көңдүк айылында туулган.
1982-жылы Ош соода техникумуна тапшырып, кийинчерээк экономикалык жана юридикалык жогорку билимге ээ болгон.
Эмгек жолун заводдун катардагы жумушчусу, ийрилген жипти таразага тартуу менен баштаган.
1988-2010-жылдар аралыгында ар кандай мекемелерде башкы эсепчи, башкы директор болуп иштеген.
2 кыздын энеси, 1 небереси бар.
Учурда ЖКда «Республика» фракциясынан депутат.

КӨЙРӨҢ КЫЗ
– Азан чакырылып коюлган, күбөлүгүмө жазылган ысымым – Үрүлкан. Бирок күнүмдүк тиричиликте бул атым колдонулбай, баары Урмат деп чакырышчу. Шарты ушундай экен. Себеби ата-энемдин тун балдары кайтыш болуп, анын ичинен экөөсүнө көз тийип, бир күндө көз жумуп кетишет. Ошондо эң улуу эжебизди ырым кылып атайын сатып алышып, кырк үйдөн алдырылган кездемеден жамаачы кийим кийгизип чоңойтушуптур. 5 жылдан кийин ата-энем наристе жытын искеп, 7 балалуу болушкан. Депутат болгондон кийин хадистен алынып коюлган ысымым жаман-жакшы сөз менен айтылбасын деп документтик түрдө атымды Урматка алмаштырдым.
Туулган топурагыма келсем, ар бири өз жерин мактагандык эмес, чынында эле ал жер Кыргызстандын эң кооз өрөөнү болуп саналат. Ошол мезгилде Москванын түз каржылоосунда турган, мамлекет тарабынан кайтарылган коруктун ичинде мектепти аяктаганга чейин жашадым. Бекеринен «Алайкуу болк этсе, Москва солк этет» деген сөз калган эмес. Көңдүк айылынын абасы, суусу, ташы – мунун баары чоң таасир калтырган.
Үйдө чогулуп калганыбызда кезектешип ыр созуп, комуз ойнотуп калабыз. Атам өзү да кезинде Мыскал Өмүрканова менен чогуу ырдаса, апам – айылдын кошокчусу. Агаларымдын бири Исрадин Аманбаев – композитор, ырчы сиңдим экөө учурунда биринчилерден болуп «Мөл булакты» аткарып чыгышкан. Иним Бакыт Аманбаев журналистика тармагында иштеп келет.
Атам айылдын карапайым кишиси, колхозчу, апам үйдө бала багуу менен алек болсо да, баарыбызга билим беришкен. Бул жагынан тартип катуу кармалчу. Атам университетке өтпөй, кайра айылга келгендерди «Кантип? Акмак!» деп туталанып урушуп калчу.
Жогоруда айтып өткөндөй, Алайкуу дотацияда тургандыктан, мектепке да күчтүү мугалимдер жөнөтүлчү. Анын ичинен физикадан берген агайым Шамалдак мени «көйрөң кыз» деп калар эле. Улуу эжем Фрунзеде Медициналык институтта окучу, анан шаардын кийим-кечелеринен тоого, бизге чейин көтөрө барчу. Ошолорду кийип алсам өөн учурачу окшойм. Өзүм да ачык-айрым, чечкиндүү жана оңой менен баш ийбеген болуп өстүм.

БИЗНЕСВУМЕН
– «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгелеп чыкканда мага карата ар кандай сын-пикирлер жаады. Бир журналист эмгек китепчемден өйдө казып, мен тууралуу макаласын «Таразачы мыйзам жазганда» деп атаптыр. Бир жагынан намысыма тийди, бирок сыймыктандым дагы. Ооба, мен кезинде фабрикада ийрилген жипти таразага тартып алчумун. Ал мезгилде студент элем, алыста жашаган ата-энемди кыйнабайын деп окуумду кечки бөлүмгө которуп, иштеп да, окуп да жүрдүм. Окууну аяктагандан кийин Фучик атындагы сейил багында жайгашкан ооруканага эсепчи болуп орноштум. 20 жылдан ашуун бул кызматты аркаладым.
Турмуш тегиз болбойт экен, оор 1990-жылдарда ишкердикти кошо ала кетүүгө туура келди. Башынан эле соода тармагына кызыкчумун, бул багытта Ош шаарындагы техникумду да аяктагам. Сиңдим экөөбүз Түркиядан товар алып келип, бизнес баштаганбыз. Ошондой эле даамдуу тамак жасоо колумдан жакшы келет, ашканаларды ачтым.
Бизнес кеңейген сайын бул тармактын ачуу-таттуу күндөрүнө быштым, ар кандай текшерүүчү органдардын мыйзамсыз жоруктарына күбө болгом, керек болсо ишимди тартып алууга чейин жеткен күндөрдү басып өттүм. Өзгөчө Ош шаарына түрк ишкерлер менен чогуу биринчи болуп муз аянтча ачмай болгонубузда жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнүн бири көрө албастыкка алдырып, куюлган пайдубалды буздуртуп салган. «Эмне үчүн аял ушундай чоң ишти алгачкы болуп ачышы керек?» деген сөзү мага да жеткен. Ошол үчүн ишкерлердин укугун коргоо, алардын үнүн бийликке жеткирүү максатында саясатка келдим.

ЭНЕ
– Эки кызым бар, аларды өзүм өстүрдүм. Жашоонун кыйынчылыгын жакшы эле көрдүм, андыктан бүгүнкү жетишкендигиме түрткү болгону, шык бергени – менин кыздарым. Алар адегенде орус мектепте, кийин түрк лицейлеринде билим алышты. Үйдө кыргызча сүйлөшөт, мени мама эмес, апа дешет. Аларга башында эле «мени жакшы көрсөңөр, эне тилиңерди унутпагыла» деген талап койгом.
Депутаттыкка чейинки иштеримди учурда кичүү кызым күйөө балам менен чогуу Ошто улантып келүүдө. Улуу кызым окуусуна байланыштуу үй-бүлөсү менен Түркияга кетүүгө даярданууда. Неберем 2 жашта, экөөбүз өтө ынакпыз.

КОЖОЙКЕ
– Ашканада алдыга бирөө-жарымды оңойлук менен салдырбайм. Улуттук тамактардын даамын чыгара жасай алам. Чет жактан кандайдыр бир даам сызып калсам, Кыргызстанга келгенде кайталап жасап көрүүнү адатка айландыргам. Тикмечилик жагынан шыктуубуз. Бир тууган төрт кыз ийне-жип, кездемелердин кесиндилери менен чоңойдук. Азыр деле жайкы көйнөктү тигип алып кийип чыгып калам. Парламентте эле дресс-код сакталбаса, калган убакта, унааны өзүм айдаганым үчүн да ыңгайлуу жана эркин стилде кийинем.
Суунун жээгинде таңга маал басканды жактырам, телефондон радио угам, көбүрөөк гезит окуйм. Айтмакчы, жакындан бери өзүмдү урушуп, англис тилин үйрөнүүгө кириштим.

АКТУАЛДУУ
– «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамга киргизилген өзгөртүүнү депутаттык корпус кабыл алды эле. Аптанын башында президент вето коюп, кайра толуктоого жөнөтүптүр. Ушундай жоопту күтүп жаттыңыз беле?
– Аталган мыйзам долбоорун иштеп чыгып, аны биринчи окууда кабыл алып жатканда эле президент тарабынан вето коюларын күткөнбүз. Бирок ал өз билдирүүлөрүндө, маектеринде жана улуттук концепцияны кабыл аларда «кыргыз тили саясатка айланбашы керек» деген сыяктуу пикирин өктөм айткан болчу. Андыктан демилгечи топто «документке кол коюлат» деген үмүт жаралган.
Минтип мыйзам долбоордун кайтарылганын сураштырсам, президенттик аппараттын ЖКдагы өкүлү Мамлекеттик кадр кызматы каршы болгонун айтты. Бул документ бир жарым жылдын ичинде кабыл алынды. Ошол мезгил аралыгында президент менен өкмөттүн өкүлү бир да жолу каршы пикирин айткан эмес, алар мыйзамды кабыл алууда макул болушкан.

– Сиздин кийинки кадамыңыз кандай болот?
– Президентке маалыматты туура эмес, бурмалап беришкендир деген ойдо калдым. Биз мамлекет башчынын эмне үчүн каршы пикир билдиргени, кайсы беренелерге макул эместиги боюнча жоопту күтүп жатабыз. Азырынча үч жолубуз бар. Макулдашуу: атайын жумушчу топ түзүлүп, ошонун үстүнөн иштейбиз. Депутаттардын жалпы добушу менен президентти жеңүү. Үчүнчүдөн, ар бир адам өз катасын билбей калышы мүмкүн, андыктан кай жерде кандай толук иштелбей калган учурларды карап чыгуу жана аны менен келишүү жолубуз турат.
Баарынан кызыгы, башка улуттун өкүлдөрү кыргыз тилине каршы эмес. Кыргыз улутундагы, бирок орус тилдүү жарандарыбыздын айынан мыйзам кайрылып келди. Айрыкча мамлекеттик кызматкерлер кресломдон ажырап калышым мүмкүн деп чочулашты. Мамлекеттик тилдин душманы башка улуттар эмес, өзүбүздүн эле эне тилин билбеген улутташтар.

– Интернет баракчаңыздан жат жазуу боюнча иш-чаранын сүрөттөрүн көрүп калдым. Сынак болуп өттүбү?
– Ош шаарында жакшы бир демилге көтөрүп чыгышкан экен. Кыргыз тилинде баары эле сүйлөй бериши мүмкүн, бирок алардын канчоосу туура жазганды билет деген кызыгуу пайда болуптур. Жат жазууга жаш курагына карабай 150 киши катышыптыр. Арасында мына мектепке барам дегени, базарда иштегени, пенсионерлер да бар. 12си гана «5» деген баага татыктуу болуп, анын ичинен экөөсү кыргыз экен. Жогорку баа алган өзбек улутундагы пенсионер мектепте кыргыз тили боюнча сабак берерин айтып, көп сунуштарды киргизди. «Биз Ошто туруп, балдарыбыз кыргыз тилин жакшы билишпейт. Анын айынан да коркуп жашап келебиз. Мектептерде кыргыз тили басымдуу болушу керек, ошондо гана улуттар аралык араздашуу болбойт эле» деди. Биз тил саясатына жакшы маани беришибиз керек, антпесе кеч болуп калышы мүмкүн.

Эльвира Караева
(Айрым сүрөттөр эл өкүлүнүн өздүк архивинен алынды)
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
Урмат Аманбаева: "Энеңди жакшы көрсөң, эне тилиңди унутпа"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Imagine
2013-06-07 19:04:29
Кыргыз тилине жамынып упай топтоо менен чектелип калбастан, жаңы чыгып келе жаткан акын-жазуучу балдарга же жазып коюп, чыгара албай жүргөн акын-жазуучуларыбыздын китептерин чыгарууга колдоо көрсөтсөңүз жакшы болоор эле. Же дүйнөлүк бестселлерди кыргызчага котортуп аны басмадан чыгарсаңыз кыргыз тилинин өнүгүшүнө кошкон салымыңыз болот эле. Үч жылдан бери эле "Чиновниктерди кыргызча
0
Imagine
2013-06-07 19:07:04
сүйлөтөм" деп жүрөсүз. Андан башка кылаарга иш жокпу? Сиздин кылгандарыңыз патриотизмге жатышы мүмкүн...Бирок, аларды орусча сүйлөтпөй коюуу менен тилибиз өнүкпөйт. Тилди өнүктүрүү үчүн башка иш-чаралар бар. ЖАКШЫЛАП ОЙЛОНУҢУЗ! ПОПУЛИЗМ МЕНЕН АЛЕКТЕНБЕҢИЗ!!!
0
Саби
2013-06-09 12:53:43
Жонокой эле маселе эгер орусча билбесен сени коп жумушка кабыл албайт же кыргызча суйлосон кыргызстанда туруп сени мыскылдай карап а бул бир кыргызбай турбайбы дешет.Эмне учун ушул нерселерге жол беришибиз керек.Эгер тилди коом талап кылса,жогорку жак талап кылса гана тилибиз онугот мындан башка жол жок.
0
№ 552, 31-май-6-июнь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан