ИРИНА ШЕЙК

Бул айым дүйнөлүк подиум жылдызы, белгилүү журналдардын жүзү, «Орусча топ-модель» телеберүүсүнүн алпаруучусу, дүйнөлүк футбол жылдызы Роналдунун сүйүктүүсү. АКШда, Орусияда кайрымдуулук иштери менен алектенип, ишинде да, сүйүүдө да жолдуу. Ирина Шейк «Дүйнө жылдыздары» рубрикабыздын бул жолку каарманы.

Толук аты-жөнү – Шайхлисламова Ирина Валерьевна
Туулган жери – Орусиянын Челябинск облусунун Еманжилинск шаары
Туулган жылы, күнү – 1986-жыл, 6-январь
Жылдыз белгиси – Текечер
Бою – 178 см
Салмагы – 65 кг
Кийиминин өлчөмү – 40
Параметри – 88-60-90

ИРА ТУУРАЛУУ

  • «Glamour» журналынын 2012-жылкы тандоосу боюнча «Жылдын модели» наамынын ээси.
  • «Sports Illustrated Swimsuit Edition» журналынын башкы бетине чыккан орусиялык алгачкы модель.
  • Канье Уэсттин «Күч» («Power») аттуу ырынын клибине тартылган.
  • Ф.М.Достоевскийдин «Кылмыш жана жаза» романы – эң сүйүктүү чыгармасы.
  • Канье Уэст жана Жей Зинин ырларын сүйүп угат.
  • Идеал туткан айымдары – Анжелина Жоли, Жессика Альба, Синди Кроуфорд, Наоми Кэмпбелл.
  • Бош убактысында футболдук матчтарды көрүү, үй жандыктарына кам көрүү менен алектенет.

«КАРА КЫЗ» АТКА КОНГОН ИРА
Ирина Шейк учурда жер шарындагы эң сулуу, сексуалдуу айымдардын катарын толуктап, алардын 13-сабында турат. Анан калса дүйнөлүк мода чөйрөсүндө анын элдикинен өзгөчө экзотикалык кебетеси абдан бааланып, эң көп суроо-талапка ээ моделдердин бири. Албетте, татар жигити менен орус кызынын сүйүүсүнөн жаралган наристе кантип ай чырай жүзгө ээ болбосун?
Иранын атасы Валерий шахтёр, апасы Ольга музыка мугалими болгон. Татьяна аттуу сиңдиси бар. Карапайым турмуш кечирген үй-бүлө алгач Башкортостанда жашашкан. Кийинчерээк Орусиянын Челябинск облусуна караштуу Еманжилинск шаарына көчүп келишет. Кыздары жаңы гана чоңоюп келе жатканда оорудан улам атасы жарык дүйнө менен кош айтышат. Эки наристени багуу, аларга билим берип, тарбиялоо милдети апасынын моюнуна жүктөлөт.
Окуучу кезин эскерип Ира: «Мектеп курагында классташ кыздарым жигит күтүшсө, мени балдар «капкара кыз» деп шылдыңдашчу. Андыктан модель болуу үч уктасам түшүмө кирчү эмес»,- дейт.

«АБАЙЛАП ЖҮР, ӨЛТҮРҮП КЕТИШПЕСИН»
2004-жылы Челябинскте өткөн сулуулар сынагына катышып, жеңүүчү аталат. Ошондон тарта моделдик индустрия аны өзүнө тартып, Гия Жикидзе аттуу модельердин сунушу, жардамы менен жергиликтүү сулуулук агенттикте иштөөгө киришет. 2005-жылы Европада өз талантын көргөзүп, кийинчерээк АКШга аттанып, белгилүү бренддердин жүзү болууга жетишет. Ошентип, аз убакыт ичинде ийгилик жаратып, капчыгы да кампаят. Анын бирде бар, бирде жок турмушу акырындан жомоктогудай жашоого айланып, апасы менен сиңдисин ар тараптан каржылаганга, үй, катар-катар машина алууга үлгүрөт. Бирок, моделдин айтымында, апасы кызынын ушул чөйрөдө жүргөнүнө бир аз кооптонгон жайы бар. «Сулуу, белгилүү, акчалуу айымдар кимди гана кызыктырбайт? Абайлап жүр, өлтүрүп кетишпесин» деп эскерте берет. Ал үй-бүлөсүн эле каржылабастан, кайрымдуулук иштеринде да өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп келет.

РОНАЛДУНУН ЖҮРӨГҮН БАЛАСЫ АРКЫЛУУ БАГЫНДЫРГАН
Шейктин жашоосуна көз чаптырган ар бир аялзатында кызыгуу менен катар анча-мынча көрө албастык жаралары анык. Чынында эле 27 жашында сүйүктүү кесибинде да, жеке жашоосунда да бирдей ийгилик жаратуу ар бир бийкечтин кыялы экени талашсыз. Дегенибиз, бул сулуу бийкеч белгилүү «Реал Мадрид» футболдук клубунун чабуулчусу, футбол легендасы Криштиану Роналдунун жүрөгүн багындырууга жетишкен. Адатта, сулуу кыздарды кол каптай алмаштырчу Роналду жашоосунда Ирина пайда болгондон тарта мындай жоругун таштаган. Мындан улам Шейктин чынында эле өзүнө тартчу магниттей касиети бар экенин баамдасак болот. «Менин акыркы кездердеги футболдогу ийгиликтеримдин жардамчысы Ирина. Матч башталганда, оюндун жүрүшүндө, оюн аяктаганда да оюмда Ира. Анын кылгырган жашыл көздөрүн элестеткенде менде жаңы дем-күч пайда болот» дейт Роналду.
2010-жылдын 5-июлунда футболчу уулдуу болуп, бирок энеси ким экенин айтпай койгон. Бир топ убакыт өткөндөн кийин баланын апасы официант экени, бала төрөлгөн соң Криштиану миллиондогон акчага сатып алганын айтып чыгышкан. Дал ушул уулуна Ирина энесиндей мээрим төгө билген үчүн футболчунун жүрөгүн багындыра алганын айтып жүрүшөт.

АКТРИСА БОЛГУСУ КЕЛЕТ
Ирина «өзүмө абдан сынчымын. Колу-бутум кыйшыктай сезиле берет. Мен көбүнчө ич кийим, купальниктерди жарнамалайт эмесминби. Ошондуктан жарым жылаңач сүрөттөрүм өтө эле көп. Интернет менен жакын досмун. Фейсбукка ошондой сүрөттөрүмдөн жүктөп койсом, бардыгы менин фигурама суктанып, жалаң позитивдүү комментарийлерди калтырышса, абдан таң калам» деп айтканы бар.
Андан да кызыгы, Шейк өмүр бою моделдик бизнесте калгысы келбейт. «Киноиндустрияга аралашууну каалайм. Бирок ушул убакка чейин мага роль сунушташкан эмес. Келечектеги максаттарымдын бири – актриса болуу. Эгер бул оюм ишке ашса, моделдикти биротоло таштайм» деген оюн да билдирген. Көздөгөнү көктөн табылып, Шейк кино жылдызына айланабы же өмүр бою подиумдан түшпөйбү, аны келечек көрсөтөр...

Асел Асанова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
AFRODITA-89
2013-06-03 11:29:36
Демек бул кыз мусулманкабы атасы татар болсо. Фамилиясын окуп мусулмандын кызы окшойт дегем, сулуу кыз экен. Роналдонун юаласы мынча ширин.
0
shazi
2013-06-03 16:46:11
Ээ бул Ира мага бир да жакпады. Өтө эле өзүн көтөрө берет " топ- модель по русски" кыздарды эч эле тоотпой койгон. Ага караганда Тайра сонун жөнөкөй ар бир кызга бирдей мамиле кылып кучактап жөнөтөт, бул колун бергенге жарабайт. Кыскасы бой которгон кыз, албетте ушунча нерсеге жетишсе....
+1
nazira1989
2013-06-04 03:40:31
Роналду менен суротко тушкум келет,эстелике деп,бирок бирок бирок... :-)
+1
killer-star
2013-06-07 13:12:48
роналду раналду
0
№ 552, 31-май-6-июнь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан