ЭКИ ДОС ЖАНА ТАГДЫР АЖЫРЫМЫ

ЭКИ ДОС
Алгач бардыгы жайында болчу. Аида менен Мелис жашоолору укмуштуудай бактылуу болбосо да эл катары жашашчу. Ал учурда жаш үй­бүлө элге чындыгында эле сүйү­шүп баш кошкондой сезилээр эле. Өзү де­ле Мелисти сүйгөндөй болгон. Биринчи көргөндө эле Мелистин ачык-айрымдыгы, курчтугу, тамаша сүйлө­гөн сөзү жагып калган эле. Анын таасиринен ушуга чейин көзүн карап келген Мелистин досу Жоодатты да унутуп койду.
Бири-бири үчүн жанын бергенге даяр эки достун ортосуна ошентип жарака салган Аида болду. Өзүн ээрчий караган эки жигит тең Аиданын бажырайган көздөрү менен чарк айланып калды. Алардын жүрөгүнө чок салганын билген кыз ого бетер өзүнө-өзү ыраазы. Таанышкандан аз убакыт өтпөй эле Мелис үйлөнүү тууралуу сөз баштады.
– Аида...
– Ов...
– Cен меникисиң!
Мелистин сураныч эмес, талап кылган өкүм үнү Аидага коркунучтуу сезилди. Бирок, баш ийбей коюуга болбойт эле. Уяң, тартынчаак Жоодатка караганда Мелис өткүр болчу. «Мен макулмун...»
Анда бул сөздү өзү айттыбы же эркинен тыш чыгып кеттиби, өзү да сезбей калды. Бирок, көкүрөгүнүн бурчунда бир гана суроо чыңырып, жооп сурап жаткан эле. Ал «А Жоодатчы? Жоодат кантет?» деген суроо эле. Бирок, көкүрөгү жооп бере алган эмес бул суроого.
Сен мени сүйбөйсүң...
– Жоодат, досуң аял алыптыр го.
– Ким?
– Мелис.
Жоодат муну угаары менен ошол замат чарбагын сугарып жаткан кет­менин ыргытып жиберип, шашып жөнөдү. «Мага эмне үчүн айткан жок? Бул жакшы жышаан эмес. Менден эч кандай сырын жашырчу эмес эле го?» Ушинтип ойлогон сайын алкымы буулуп, шашып бара жатты.
Кирип келип эле опур-топур болгон көпчүлүктүн арасынан Мелисти издеди. Негедир көзүнө чалынган жок. Анан түз эле үйгө кирип, көшөгө­нү булка тартып жиберди.
– Сенби?
– Жоодат, мен...
Үлпүнчөк жоолук салынып отурган бул келин Аидасы экенине ишен­гиси келбей кетти. Көптөн бе­ри жат көздөн коргоп, өзүнүн гана көкүрө­гүнө сактап келе жаткан адамы эмес беле. Ушинтип колунан жулдуруп жи­бердиби? Болгондо да досуна. Бүгүлүп отура калды Жоодат.
Бул жүктүн оордугуна кең ийини солкулдап, шылкыйып бараткандай.
Ошентип, Аида менен Мелис жашап калышты. Аида кийинки күндөрү өзүнөн-өзү жүдөп, корунуп баратканын бардыгы эле байкашты. Ага себепчи Мелис эле. Үйлөнгөнүнө аз күн өтпөй эле корулдап кыйкырып, болоор-болбоc нерсе үчүн жаза-буза шилтеп калчу болду.
– Аида...
– Ии...
– Кел, башыма суу куюп бер.
Унчукпай кумганды алып келе жаткан Аида бери басканда Мелис дагы бурк этти:
– Эмне тултуясың? Элдин аялдары...
– Анда элдикиндей аял алып албай, мени эмнеге алдың?
Көптөн бери буулугуп жүргөн ыза, жин ушул бир ооз сөз менен айтылып кетти.
– Кана, эмне дедиң?
– Эч нерсе.
– Кайтала деп жатам!
Жаалданып кыйкырып жиберген Мелис Аиданын башы-көзүнө карабай койгулап жиберди.
– Мен сени билем, эмнеге тултуюп жүргөнүңдү. Сен мени сүйбөй­сүң. Жоо­дат келгенде көзүнүн агы менен айланып, тегеренип каласың, ээ. Мы­на сага, көрсөтөм силерге.
Жүзтөмөндөн кулаган Аида буркурап ыйлап жатты. Ушунчалык жаңылышат беле? Эмнеге көрүп туруп көздүүнүн сокуру болду? Мелистин бул сапаты кайсы жерде бугуп катылып жаткан? Мындан арычы? Кантип жашайт мындан ары? Муз болуп тоңуп баратты жүрөгү. Ого бетер жаны сыздап, оор улутунган аялын көргөн сайын Мелистин жини кайнайт. Мындай жашоонун аркасы эмне менен бүтөөрүн билбей Аида күндөн күнгө соолуган гүлдөй болуп бара жатты.

КЫЗГАНЫЧ
– Кандайсыңар, аяш эне? Аида кандай? Силерди көрө кетейин деп бурулдум.
Cырттан Жоодаттын үнүн уккан Аида эрдин тиштеп алды. Көңүлүндө эч нерсе жок аяш эне айланып, тегеренип чайга чакырып калды. Ал эми Аида бөрсөйүп чыгып турган ичин кайда катаарын билбей, жок шылтоону айтып эшикке чыкканга шашты. Ансайын жигиттин көзү телмире жүрөгүнө тынчтык бербеген караанды издейт.
– Эмне, мага келдиңби?
Аркы үйдөн чыга калган күйөөсүнүн үнүн угуп, Аида кирпидей жыйрыла түштү. Муну кайнене да, Жоодат да байкады.
– Эмне корсулдап калгансың, балам? Кел, биз менен отуруп чай ич.
– Ичпейм,- деген Мелис Аиданы кекете карап алып чыгып кетти. Эки достун ортосунда кандай ажырым болуп кеткенин түшүнбөй энеси да аң-таң.
Ушундай күндөр өтүп жатты. Аида кыз төрөдү. Кичинекей наристенин деми жылытат деп үмүттөнгөн менен Мелис экөөнүн мамилеси оңолгон жок. Кийинки кездери деле эч кимге жакшы сүйлөбөй, жадыраган шат жигит түндөй түнт болуп барат. Анткени, аялынын жүрөгүн ээ­лей албаганы ага деген бүлбүлдө­гөн сезим отун биротоло өчүрүп алганын ачык болбосо да бүдөмүк сезээр эле. Ошого кыйналып, аны ачык айта албай тез эле ташбоор адамга айланды. Кээде бети-башы көгөрүп, шишип кеткен Аидасын карап алып, ичи ачышып кетчү. Бирок...

БУЗУЛГАН ТУРМУШ ЖЕ КАПИЛЕТ КЫРСЫК
Эшик шарт ачылды. Кызын уктатып коюп, кир жууганы камынган Аида эми чаканы алып, эшикке бет алган эле. Жоодатты көрүп, тык токтоду.
– Сен...
– Жөн эле өтүп баратып кире калдым. Мээримге алма ала келген элем.
Аида чөнтөгүнөн сууруп чыккан алмаларды бир карап, Жоодатты бир карап чечкиндүү сүйлөдү.
– Жок, Жоодат. Алманы өз бөбөгү­ңө алпар. Өз кызына Мелис өзү алып келет.
– Антип айтпачы, мен... Билесиң го өзүң деле....
Кучактай калмакчы болгон Жоодатты түртүп жиберди. Көзүнөн жаш куюлуп кетти.
– Суранам сенден, кетчи, кетип калчы. Жанымды кыйнап бүттүңөр го. Жаныңда жүргөнүмдө кармап ка­ла албагандан кийин эми эмнеге кый­найсың?
– Аида...
– Кыздын өз тагдыры өзүндө эмес экен. Досуң озунуп кетти. Баш ийбегенге чарам жок эле. Эми сага эмне керек? Кетип кал дебедимби...
– Кете албайм мен. Кетсем эмдигиче...
Чагылган чартылдап жамгыр жаап кирди. Ошол учурда эшиктен Мелис кирип келе жаткан эле. Чочуп артка чегине берген Аиданы көрүп калды. Мына, канчадан бери шектенип, бирок, өзүнөн алыс кубалап жүргөн чындык. Ошол замат каны башына тээп чыкты.
– Ушундай белең сен? Ушундай белеңер? Оо, жараткан, бул эмне деген жаза?
Мелис Жоодатты жакадан ала басып жыгылды. Былч-былч урулган муштумдар. Ызы-чууну укпай өзүнчө дел болгон Аиданын бир көргөнү, бир билгени томолонуп баткакта оонап жаткан эки эркек.
Мелистин кончундагы жалтыраган бычакты көрүп, кыйкырып жиберди.
– Жок, жок, Мелис, мени өлтүр. Ага тийбе.
– Ошондой де, макул, бирок, сен кет! Кечтим сенден... Көзүмө көрүнбө!
Мелис эч нерсени түшүнгүсү келбеди. Алып учурган ачуунун, ызанын айынан ошол эле күнү Аиданы төр­күнүнө жеткирип салды.
«Мен кызыңар менен жашабайм» деди да, артына карабай жолго түш­тү.
– Мелис, эсиңе кел! Жоодат экөө­бүздүн ортобузда эч нерсе болгон эмес. Кызыңды ойло. Суранам, ата-энемдин эл караган бетин жер каратпачы. Азыр кичине таарыныша түштүк эле деп коёлук.
Аиданын артынан ээрчип ыйлаганына болбой колун силкип салып баса берген Мелистин карааны түнгө сиңип кетти.

ТАЛКАЛАНГАН ТАГДЫР
Ушул боюнча тагдырдын ташкындаган дайрасы экөөнү эки жакка сүрүп таштады. Мелис айылда ордун таба албай жүрүп, шаарга сапар алды. Шаарда жумуш издеп жүрүп, акыры куруучулардын бригадасына кошулуп калды. Күндө тапкан акчасын ичип, аялдар менен көңүл ачууга өттү. Бул жашоодо Мелис үчүн мындан башка эч кандай кызыкчылык калбагандай. Дээринен кыялы чатак жаны эчен жолу таяк жеди. Акыры өзүн-өзү токтото албай жүрүп, түрмөгө да түшүп чыкты.
Акыры акыл эсин аракка алдырып отуруп Мелис кадимки эле бомжга айланып бара жатты.
Ал эми Аида да турмуштун арабасын тартып жүрдү. Кичине кызы менен кыйналып жүргөн учурда кайрадан Жоодатка жолукту...
Балыкчынын автобекетинде кичинекей кызын көтөргөн жаш аял турду. Бул кыштын кыраан чилдесинде жука кийинген экөөнү өткөн-кеткен жүргүнчүлөрдүн бири таңкала караса, экинчиси аяй карап өтүп жатышты.
– Апа... мен ачка болдум,- кыңылдаган кыздын үнү араң эле угулат.
– Тысс... акырын, кызым. Азыр жетебиз. Кичине чыда,- калтыраган кол­дору менен кыздын оозун жаба салды..
Кыз апасынын абалын түшүндүбү же чарчадыбы, айтор, андан кийин ооз ачып унчуккан жок. Алыстан карап турган Жоодат Аиданы жазбай тааныды.Тез басып жанына келген Жоодат Аиданы ийинден ала өзү­нө карата берди.
– Аида, кандайсың?
Кылчая караган Аида өзүнөн көзүн албай турган Жоодатты көрдү. Экөө тиктешип калышты. Аиданын көзү­нөн аккан жаштар мөлтүлдөп наристенин бетине тамып жатты.
– Аида ай, мен сенин бир тамчы көз жашыңды жерге тамызат белем? Эмнеге мындай кылдың? Мелис сенин баркыңа жетпесин билип, ичим күйүп...
– Кечир мени. Мен сенин алдыңда эмес, кызымдын алдында кү­нөө­­лүү­мүн. Жанымдан деле кечип коёр элем. Бирок, бул байкуштун тагдырын ойлоп, токтойм. Ушул гана менин тушоом да, бактым да болуп турат.
– Жок, сен жашайсың. Болгондо да бактылуу жашайсың. Мен эми сенден эч качан ажырабайм. Кызыңды да, сени да бактылуу кылам. Эми экөөбүз чогуу болобуз, ардагым. Сени таптым.
Аиданы кучагына кыскан Жоодат ушинтип сүйлөп турду. Аида жаш толгон көздөрү менен ыраазы боло карады. Аиданын колунан наристени абайлай колуна алган Жоодат бир колу менен Аиданы ийнинен кучактай кадам таштап узап баратты.
Арадан аз өтпөй экөөнүн үйлөнүү тою болду.

БОМЖ АТА
Ушулардын бардыгы көз алдында калкып өткөн Аида бомжга жакындап сөз айта албай турду. Ошол учурда кылчая берген Мелис өзүнөн көзүн албай турган келинди көрүп, көзү умачтай ачыла түштү. Тааныды! Анан келиндин жанында турган кичинекей кызга көзү түштү. Эч нерсе менен иши жок апасына бир нерселерди айтып жаткан Мээрими жанындагы бомж атасы экенин билген жок. Аңгыча кыздын сөздөрү кулагына шак дей түштү.
– Апа, тигине атам! Бизди карай келе жатат. Ата...- деп барып апасынан колун жулуп алып, ары жакта келе жаткан Жоодатка карай чуркады.
– Аида, мени тааныдыңбы? Бул мен...
Калтыраган бомжду бир карап алып, келин аста башын чайкап коюп, артына чегине берди.
– Аида... Мээрим!- дал колунан бакыты учуп бара жаткандай алардын артынан темтеңдеп кадам таштады Мелис.
Бирок, бул кечиккен кадам эле...

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
MIRBOLOT
2018-02-27 21:28:08
"Колдо бар алтындын баркы жок" деген чын да...
0
№ 203, 22-28-сентябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан