25-майда Лондондогу «Уэмбли» стадионунда УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын акыркы коңгуроосу орун алды. Беттеш айыгышкан курч мүнөздө өтүп, мюнхендик «Бавария» атаандашы дортмунддук «Боруссияны» 2:1 эсебинде утуп, өз тарыхында 5-ирет Чемпиондор Лигасын утуп алды.
25-МАЙ. ЛОНДОН. «УЭМБЛИ» СТАДИОНУ.
«Боруссия» (Дортмунд, Германия) – «Бавария» (Германия) – 1:2
Голдор: Марио Манжукич, 60-мүнөт (0:1). Илкай Гүндоган, 68-мүнөт пенальтиден (1:1). Арьен Роббен, 89-мүнөт (1:2).
Чемпиондор Лигасынын финалы бирөөлөргө сыра ичүүгө шылтоо болсо, бир жагынан футбол тарыхта жазылды. Дүйнөдөгү эң беделдүү мелдештин финалы катары эле эмес, финалда биринчи жолу 2 немис клубунун кези келиши менен... Бирок буга чейин деле аталган мелдештин финалына бир өлкөдөн 2 клуб чыккан мисалдар бар: «Реал» – «Валенсия» (испаниялык клубдар, 2000-жылы ойношкон), «Милан» – «Ювентус» (2003, Италия), МЮ – «Челси» (2008, Англия). Акыркы 4 жыл ичинде 3-ирет финалга чыгып, акыры Кубокко жеткен «Бавариянын» оюнчулары кубанычтан көздөрүнө жаш алышты.
КУБОК
Чемпиондор Лигасынын Кубогу. Жогору жагында кармагычтары бар күмүш түстүү Кубок. Курамынын көпчүлүк бөлүгү алтындан турат.
Кубоктун оригиналы кайсы бир команданын музейине коюлганда аны кайра жасап чыгышат. Азыркы Кубок 6-ирет жасалганы.
ЛИГАНЫ 3 ЖАНА АНДАН КӨП ЖОЛУ УТКАН КЛУБДАР
1955-56-жылкы жана 1990-91-жылкы сезонго чейин
Мелдеш европалык чемпиондордун Кубогу деп аталып, командалар өз үйүндө жана конокто ойногон беттештердин эсебинен кийинки турга чыкчу же учуп кетчү.
1991-92-жылкы сезон
Мелдеш «Amstel Чемпиондор Лигасы» деген аталышты алган. Командалар мурункудай бир оюндан кийин мелдештен четтеп калбаш үчүн тайпалык баскычка бөлүнүп ойной башташкан. Атайын гимн жана эмблема да жасалган.
1993-жылдан бүгүнкү күнгө чейин
Мелдеш УЕФАнын Чемпиондор Лигасы деп аталып калган.
Европадагы футбол боюнча эң беделдүү мелдеш франциялык «L`Equipe» басылмасынын редактору Габриэль Анонун сунушу менен ишке ашкан. 1954-жылы англиялык клуб «Вульверхэмптон» орусиялык «Спартак» менен венгриялык «Гонвед» клубдарын утуп алган. Ошондо англиялык басылмалар «Вульверхэмптонду» «дүйнөнүн эң күчтүү командасы» деп атаган. Бул пикирге кошулгусу келбеген Ано ошол күнү клубдар арасында мелдеш уюштуруу боюнча долбоорун иштеп чыккан.
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg