Жаман адаттардын бири – чылым чегүү. Эгер сиз тамекини таштасам же таштабасам деп эки анжы ойдо жүрсөңүз, анда тамекинин зыянын дагы бир ирет эске алып, эркиңизге бек турсаңыз, мүмкүн таштап коёрсуз.
СТАТИСТИКА
- Дүйнөдөгү 1,3 миллиард адам тамекиге көз каранды.
- Ар бир 6 секунд сайын тамекинин кесепетинен ооруга чалдыккан бир адам көз жумат. Ал эми жылына 5 миллиондой адам чылымдын айынан жарык дүйнө менен кош
айтышат.- Өпкөнүн рагына чалдыккандардын 90 пайызы тамеки тарткандар.
- Жашы жеткендер боюнча тамекини көп колдонгон 121 мамлекеттин ичинен 1-орунда грециялыктар турат(ар бир адамга 3017 даана тамеки туура келет). Эң аз чеккендер эфиопиялыктар (жылына 51 даана гана чегет) эсептелет. Ал эми 49-орунда кыргызстандыктар (ар бир адамга 1017 даана, казакстандыктар 19-орунда (1805 даана), 7-орунда орусиялыктар (2319 даана тамеки туура келет).
ТАМЕКИДЕГИ УУЛУУ ЗАТТАР
ТАМЕКИНИ ТАШТООНУН НЕГИЗГИ ЖОЛДОРУ
Республикалык наркология борборунун психиатр-наркологу ВЕНЕРА АСАНБЕКОВА тамекини таштоонун жолдорун айтып берет:
– Тамекини таштоо үчүн эң биринчи адамдын өзүнүн эрки, «тамекини таштайм» деген максаты болуш керек. Ага чейин анын ден соолукка кандай зыяны бар экендиги тууралуу маалыматты өзүнө сиңирип бүтүрүшү кажет.
Андан кийин адистер дарылоо жолу менен жардам бере алат. Биз алгач тамчылатма дарыларды кан тамыр аркылуу куябыз. Бул дарылар организмдеги зыяндуу заттарды сыртка чыгарууга, канды канчалык бир деңгээлде тазалоого көмөк берет. Анан да атайын таблеткалар бар. Алар он күнгө чейин ичилет.
Тамекини таштап жаткан адамга үй-бүлөсү да жардам көрсөтүүсү керек. Анткени тамеки чегип жүрүп, чекпей калган адамдын 3-4 күн ичинде эле нерв системи чыңалып, ачууланып, урушчаак болуп калат. Бул учурда анын жинине тийбөө, кыжырдантпоо зарыл.
Эң негизгиси, тамеки чеккен адам тамекини жөн гана адатка айлантып, зериккенден чегип жатканын аңдашы керек. Мисалы, менин жолдошум өзүнүн айтуусу боюнча 15 жашынан тарта тамеки чегип баштаптыр. Жашы отуз беште. Тамекини таштоо үчүн алгач табекс деген таблетканы күнүнө 4-5 маал ичти. Ага кошумча, алаксуу максатында кофе ичип, семичке чагып, төө буурчак жеп жатты. Балдарыбыз менен кошулуп киного барып алаксып жүрүп 3 күн ичинде эле таштап койду.
ТАМЕКИДЕН КАЙСЫ ООРУЛАР КЕЛИП ЧЫГАТ?
ТАМЕКИ ТАШТООДО ӨЗҮН АЛАКСЫТЧУ КАРАЖАТТАР
ОШОНДОЙ ЭЛЕ...
Кош бойлуу айым тамеки чексе, кан тамырлары ичкерип кетет да, балага кан аркылуу азык-заттар, витаминдер толук жетпей, бала аз салмакта, оорукчан болуп төрөлүшү мүмкүн. Андан да коркунучтуусу, баланын жүрөк кемтиги, баш сөөктүн басымы, ар кандай майыптык менен төрөлүшү мүмкүн.
«Супердин» сурак бурчу
ТАМЕКИНИ ТАШТООГО АРАКЕТ КЫЛГАНСЫЗБЫ?
ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВ, акын:
– Тамекини таштаганыма 15 жыл болду. Аны аскерге барганда үйрөнүп, ошондон тартып 35 жыл чектим. Мунун азабын аябай тарттым. Кышылдап кыйналдым. Таштоого аракет кылып, бирок жыйынтык чыкпай жүрдү. Анан бир күнү теңтуштар мен, Түгөлбай Казаков, Баратбай Аракеев жана Алым Токтомушев чогуу таштамай болдук. Биринчи күнү эки даанадан чегип, эртеси бирден чектик. Анын эртеси колубузга алган жокпуз. Кайра чегип албайлы деп төртөөбүз бир топко чейин бири-бирибизди кайтарып, текшерип турдук. Ошентип жүрүп таштап салдык. Бирок кийинчерээк Түгөлбай улантып кетти. Таштаганым жакшы болгон экен, ден соолугум калыбына келип калды.
АСКАТ СУЛАЙМАНОВ, актёр:
– Тамеки чекпей 2 айдай жүрдүм. Сүт ичип, момпосуй жеп өзүмдү алаксытууга аракет кылдым. Аябай кыйналдым, жаман экен. Тамакка тойгондон кийин эле бир нерсе жетпегендей болуп, өзүңчө эле туталанып, урушчаак да болуп кетет экенсиң. Ошентип жүрүп кайра эле чегип алдым. Болду эми таштабайм, аракет да кылбайм.
МАРАТ ЖАНТАЛИЕВ, актёр:
– Тамекини баштаганыма 30 жылдай болуп калды. Мындан 10 жыл мурун жөтөл менен ооруганда таштаганга аракет кылгам. Бирок таштай албай келатам. Зыянын телевизордон көрсөтүп калышса, кыздарым «көрүңүз» деп кыйнашат.
А мен «көрбөйм, которгула башкага» дейм. Буюрса, жакынкы аралыкта бир куту тамеки алып, бирок бирди да чекпей ыргытып жиберип, тамекиден дароо кутулайын деп өзүмдү даярдап жатам. Болбосо, «мына, эртең» деп жүрө берет экенмин.
АСЫЛБЕК ӨЗҮБЕКОВ, ырчы, актёр:
– Оо, убагында 5-6 жыл күркүрөтүп чектим го. Күнүгө 1-2 кутудай түгөтчүмүн. Көбүнчө обон жазып, ар бир нотаны терип кыялга батканда тиштеп отура берчүмүн. Кийин тамекинин азабын тарттым. Эртең менен турсаң денең оорлошуп, көңүлүң жок. Анан бир күнү атайын бир куту тамекини алдым да, «энеңди урайын, сага кор боломбу» деп кутусу менен кошо мыжып, мыжып туруп ыргыттым. Кудай жалгап, ошондон кийин тамекиден кутулдум. Мурдагы ит өлгөн жыт жок, оозум таза, көкүрөгүм таза. Жаңы таштап жатканда бир жума аябай кыйналдым. Тамеки тиштеп тургандарды көрсөм сурайын деп баратып, кайра өзүмдү эптеп тыйып кетип калчумун. Мына 5 жылдын жүзү болду, азыр тамеки тартпай жыргап эле калдым.
НУРДӨӨЛӨТ КОПОЕВ, телеалпаруучу:
– Тамеки чеккениме 10 жылга жакын болуп калды. Таштайын деп ойлогом, бирок аракет кылып көрбөптүрмүн. Көп деле чекпейм, сахнага же эфирге чыккандан кийин тиштей калам. Тамеки алып жүргөнүм менен, көбүн сурагандарга «щедрая душа» болуп берип коём.
Төрт жумушта иштейм. Жумуштан чарчаган учурда өзүмдү алаксытыш үчүн элдерге окшоп арак же сыра ичпегендиктен тамекиден күчүмдү чыгарып алам.
Кубаныч Сыдыков
star@super.kg