ЖККУ АСКЕРИЙ БАГЫТТЫ КҮЧТӨНДҮРӨТ
Кыргызстанды, кошуна жайгашкан мамлекеттерди, тактап айтканда, ЖККУга мүчө мамлекет башчыларын 2014-жылы коалициялык күчтөрдүн аскерлери Ооганстандан чыгарылгандан кийинки кырдаал тынчсыздандырууда.
28-майда Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун бейформал саммитине Кыргызстан, Казакстан, Орусия жана Тажикстандын президенттери Алмазбек Атамбаев, Нурсултан Назарбаев, Владимир Путин, Эмомали Рахмон менен ЖККУнун башкы катчысы Николай Бордюжа катышты.
Жолугушууда кыргыз президентинин демилгеси менен Орусия-Казакстан-Кыргызстан-Тажикстан темир жол долбоору талкууланды.
Саммиттен бир күн мурун иш сапары менен Бишкекке келген тажик лидери Эмомали Рахмон менен Алмазбек Атамбаев чек ара көйгөйлөрү боюнча маселелерди сүйлөшүштү. Өлкө башчы Кыргызстан менен Тажикстан өндүргөн электр энергиясын Ооганстан жана Пакистанга Дүйнөлүк банктын долбоору боюнча экспорттоо маселесин көтөрдү.
Жыйынга келген Орусия башчысы Владимир Путинди Алмазбек Атамбаев «Ала-Арча» Улуттук сейил багындагы «Ак- Сай» резиденциясында кабыл алды. Эки өлкө башчы жаратылыш кучагында, сууну жээктей баса башкалардын катышуусу жок сүйлөшүштү.
Орусиянын парламенти жакында эле Кыргызстандын карызын кечүү боюнча документти ратификациялады. Камбар-Ата ГЭСине берилчү насыя азырынча Бишкекке келе элек. Анын мөөнөтү «Манас» аэропортундагы АКШнын Жүк ташуучу транзиттик борборунун чыгарылышына байланыштуу ишке ашары белгилүү.
Бейрасмий жолугушууга Беларустун президенти Александр Лукашенко менен Армения президенти Серж Саргсян келбеди.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg