Кыргызстанда «Ак шумкар», «Реформа», «Адилеттүү Кыргызстан», «Демократиялык альянс» жана «Кыргыз либерал-демократиялык партиясы» биргеликте бийликке конструктивдүү оппозиция катары чыгууну көздөөдө. Бул 5 партиянын лидерлеринин айтымында, азыркы оппозициядан айырмаланып, жаңы түзүлүп жаткан альянс мурунку ыкма менен иш жүргүзбөй тургандыгын билдиришти.
«Ак шумкар» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Курманбек Молдокуловдун айтымында, аталган партиянын лидери Темир Сариевдин бийликте экендигине карабай өкмөткө сын айтып, каршы пикирин билдирүүгө ниеттенишүүдө. «Биздин партия бийликте эмес. Темир Аргенбаевичтин бүгүнкү күндө айрым максаттары ишке ашпай калууда. «Ак шумкар» саясатка жаңы маданият алып келүүнү каалайт. Ар кандай митинг, пикеттерден эл тажады»,- дейт Молдокулов.
Алардын пикиринде, парламенттеги оппозиция колунда бар куралын натыйжалуу колдоно албай жатат. Алар жаңы саясий элитанын негизи болууну көздөп жаткандарын кошумчалашты.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg