«Мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн эрте бошотулушун иликтеген депутаттык комиссия бирдиктүү чечим чыгарды. Комиссия жетекчиси Болот Шердин айтымында, акыркы чечимге комиссиянын бардык мүчөлөрү – 9 депутат кол койгон. «Азиз Батукаевдин ишин иликтеген депутаттык комиссия вице-премьер Шамиль Атахановдун, башкы прокурор Аида Салянованын, ИИМ башчысы Абдылда Суранчиевдин, Жазаларды аткаруу кызматынын жетекчиси Зарылбек Рысалиевдин, саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаеванын отставкасын талап кылат»,- деди ал. Ошондой эле акыйкатчы Турсунбек Акунду мыйзам чегинде кызматынан мөөнөтүнөн мурда чакырып алуу чечими чыгарылган.
Талкууда «Республика» фракциясынан Алтынбек Сулайманов «Азиз Батукаевдин жан-жөкөрлөрү Орусиядагы баш көтөргөн кыргыз бизнесмен жигиттерин кордоп жатканын билесизби?» деп ИИМдин жетекчиси Абдылда Суранчиевге суроо салды. ИИМдин жетекчиси «билебиз» деп тим болду. Эмнеси болсо да жоо кеткен соң кылычыңды ташка чап болду. Кримавторитеттин чыгарылышына кам көргөндүн баары тиешелүү жазасын тартса гана кийинки мындай иштерге сабак болот. Жыйынтык чыкпаса, депутаттардын кезектеги «шоусу» катары кала бериши мүмкүн.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg