2012-жылы кызматын өтөп жатып курман болгон чек арачы аскер Канат Дүйшөналиевдин аты Нарындагы «Торугарт» чек ара бекетине ыйгарылды. Эстелик Кыргызстанда 28-май күнү белгиленүүчү чек арачылардын майрамына карата ачылды. Канат Дүйшөналиев 2012-жылы 12-февралда Баткен чек ара отрядынын «Самаркандек» тозотунда аткезчилер менен болгон жаңжалда курман болгон. Анын жаркын элесин түбөлүккө калтыруу максатында өкмөттүн 2013-жылдын 11-февралындагы токтомуна ылайык, аскердин ысымы «Торугарт» чек ара тозотуна ыйгарылган.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg