Кичинекей бөбөктүн аруулугу, тазалыгы турмуш арабасында кылдыраган адамдын баарын суктантып келет. Бөбөктөрдүн тунук жан дүйнөсү адам өмүрү өткүчө сакталса кандай керемет болор эле. «Муну айтып койсом эжекем урушат, апам капа болот» деп ойлогонду билбеген жан дүйнөсү таза бөбөгүбүз – Ынак кызы Айдай бүгүн бизде мейманда.
– Айдай, канча жаштасың?
– Бештемин.
– Бала бакчага барат турбайсыңбы анда?
– Барам, күнүгө баргым келет. Азыр каникулдабыз. Адеми, Медина деген досторум бар. Аларды дайыма көргүм келет. Экөө бүгүн мени Айдай деп чакырышты.
– Бала бакчадан кыздар, балдар урушпайбы?
– Балдарды жаман көрөм. Мени тээп, тийише беришет. Мен дагы чуркап барып тебейин деп кубалайм, бирок жетпей калам.
– Эжекеңер жакшыбы, оюндарды үйрөтөбү?
– Венера эжекебиз мени жакшы көрөт. Тентектерди урушат. Мен тентек кылбайм да. Венера эжебиз сыртка чыгарып ар түрдүү оюндарды ойнотот, чуркатат, уктатат. Мен кээде такыр уктабайм, эжеке келе жатканда уктамыш болуп калам. Куурчак, жумуртка оюнчуктарды жакшы көрөм.
– Бакчадан кандай тамактарды жейсиңер, курсагыңар ачпайбы?
– Борщ, плов, каша, гречка, макарон, нан жейбиз. Чай, компот да ичебиз. Курсагыбыз кээде ачат.
– Бакчага сени эртең менен ким алып барат да, кечинде ким алып келет?
– Эртең менен уйкум келип араң турам. Апам алып барат, кечинде Элиза эжем алып келет.
– Эки эжекең бар да, алар сени урушпайбы?
– Сумая, анан Элес деген эки эжекем тең мени урушушат. Жинине тийсем Элес чабат.
– Кантип жинине тиесиң?
– «Тигини алып кел, муну алып кел» деп жумшай берет. Мен тил албайм, анткени жаткым келет, бутум ооруп калат да. Чапканда «жинди, эшек» десем, алар «апама айтам» дешет. «Сен айтсаң, мен деле айтам» дейм.
– Сумаяны жакшы көрөсүңбү же Элестиби?
– Сумаяны жакшы көрөм. Анткени ал мени көп урушпайт, чаппайт. Элес мени туалетке камап коёт. Бакырып ыйласам, анан чыгарат.
– Ырдап, бийлегенди жакшы көрөсүңбү?
– Чыгыш бийин бийлейм. Бала бакчадан эжеке үйрөткөн. Орусча ырларды ырдайм. Анан да атамдын «Аппак кар», «Менин гүлүм», «Таласым», «Сени күтөм» деген ырларынын дискин коюп алып кыйкырып ырдайм.
– Апаң менен атаң сени эркелетишеби?
– Атам «күнүм, күчүгүм» деп эркелетет, Сумая экөөбүздү. «Элес урушту биринчи баштайт» деп айтабыз да, ошон үчүн аны көп эркелетпейт. Апам болсо мени «Элеске каяша айтасың» деп кичине урат.
– Апаң менен атаң эмне деп сүйлөшүшөт?
– Экөө унчукпай эле тамак жей беришет. Атам кеч келет. Тойго барып ырдап акча таап келет да. Апам болсо бизге тамак жасап берет.
– Атаң тойдон көп акча алып келеби?
– Ырдап аз эле акча алып келет. Бизге мороженое алып бергенде акчасы аз экенин көргөм.
– Чоңойгондо ким болгуң келет?
– Бала бакчада тарбиячы болгум келет. Тентек кылгандарды сабайм. Жана да чаң сүрткүч болгум келет. Азыр чаң сүртөйүн десем, Сумая майлык бербейт.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg