2010-жылдын жай айы. Азиз демейдегиден бүгүн эрте турду. Аңгыча телефону чырылдап калды. Апасы экен. «Уулум, туулган күнүң менен! Сендей уулум бар экенине сыймыктанам!» Азиз уялып калды. «Мени жарык дүйнөгө алып келген адамга мен биринчи болуп чалышым керек эле. Эх, жумуштун көптүгүнөн баары эстен чыгыптыр. Туулган күн демекчи, бүгүн эмне кылсам?» Жигит көпкө ойлонду да, шаша-буша кийинип квартирасынан чыкты.
Жумушка келсе пол жууган Мухабат апа муңдуу отуруптур.»Сизге эмне болду?» деген үндөн чочуган Мухабат «эч нерсе, тынччылык эле» деп чакасын көтөрө басты. Кызык, дайыма жетекчисин жаркылдап тосуп алган бул аялды эмне кыйнап калды? Кабинетине кирген Азиз катчы кызга кайрылды.
– Мухабат эжени ким капа кылды?
– Эч ким, Азиз Оморович. Бул аял бүгүн жинге тийди.
– Мына айтпадым беле, күнөө сенде окшойт.
– Жо-ок, ал жөндөн жөн эле «бизди батырбайсыңар» деп сүйлөгөндө чыдабай кеттим.
– Аксана, сенин жумушуң апаңдай болгон аял менен айтышуубу? Андан көрө мен дайындаган документтерди алып кир.
Кеч кирди. Туулган күнүн белгилегенге кафеге жөнөдү. Достору менен отурушкан. Бир убакта кафенин администратору официанттарды күтүүсүз чакыртып, топтолуп калышты. Чайын ичип-ичпей туруп кетип жаткандар, бири-бири менен шыбырашкандар... Түк түшүнбөдү. Бир олбурлуу досу сыртка чыгып эле бозоруп келди.
– Кыргыз-өзбек чыры чыгыптыр. Кеттик, балдар, үйүбүзгө.
Баары таңдана карап, кафеден чыкканча шашышты. Азиз шаардын Курманжан датка көчөсү менен бараткан эле. Жоон топ адамдар, ызы-чуу, кыйкырык-өкүрүк. Шарт машинасын буруп айдап жөнөдү. Үйүнө келсе ата-энеси чалып «Ошто уруш чыгыптыр, айылга кел» деп айтышты. «Тынч элебиз, паникага алдырбагыла» деп аларды жооткоткон жигит эмне кыларын билбей башы катты. Улам бирөө чалып шумдуктуудай кабар айтышат. Эмне кылуу керек? Бир убакта үйүнүн коңгуроосу кагылды. Бет маңдайында кароолчу турат.
– Азиз Оморович, иш чатак.
– Билем, кир үйгө.
Бутун чечпей кирген кароолчу ишкананы адамдар басып алганын айтты.
– Эки жаат болуп тирешип жатабыз, азыр өрттөшөт,- деп ыйламсырап жиберди кароолчу.
– Жүрү кеттик, ишкана өрттөлсө мейли, адам өлбөсүн, адам өлбөсүн.
Келсе чын эле Азиздин ишканасынын жанындагы дүкөндөр күйүп жатыптыр. Машинанын жолун тороп, таш бараңга алып киришти. Бир заматта түшкө кирбес иш болду, кароолчу
экөө эптеп машинадан түшүп, элге аралашты.
– Өрттөбөгүлө! Мен ушул жерден нан таап жейм...
Өзбекче сүйлөгөн тааныш үн. Мухабат эже тура. Чачы жайылып бакырып ыйлап жүрөт, имараттын жанында.
– Анда сени кошо сабайлыбы? Сен да тоого кет булар менен кошо! Ош биздики!
Аялды эч ким уккан жок, былчылдаша сабашкан жаштар, кыргызы-өзбеги аралаш. «Чыкпаңыз, атып салышат сизди» дегенге болбой Азиз кошулду аларга.
– Мына кожоюну келди, эми муну куруталы, көөп кеткен эле!- деди ары жактан бирөө. Баары тегеректеп алышты.
– Өзүңөрдү баскыла! Бир чыккынчынын сөзүнө кирип эки элди бөлбөгүлө! Эзелтен мекендеп келген жериңерге түкүрбөгүлө! Бириңден коон сатып алсам, экинчиң мени менен
иштейсиң. Имаратты өрттөп эмне табасыңар?- деди Азиз.
– Бизди коон саттырган ким? Сен, сага окшогондор! Ургула муну!
Олбурлуу Азизге алы жетпей бешөө жабалактап ур-тепкиге алып киришти.
– Айланайындар! Сабабагыла бул жигитти!
Мухабат эне Азиздин үстүнө үйрүлө түшө калды.
– Сен өзбекти туудуң беле же мунубу?
– Мен энемин, эне улутка карап бапестебейт баланы!
Ушинтип арага түшө калган энеге ары жактан бирөө кошулду.
– Келгиле, бул экөөнү мага бергиле, өзүм жайлайм! Энени калтырсам да, мына бул ит кыргыздарды мага койгула, көзүн тазалайм!
Ушул кишинин сөзүнөн кийин алар башка тарапка чурулдап жөнөштү. Бети-башы кан болгон Азиз менен Мухабатты, кароолчуну ээрчиткен өзбек жигит Азизге карап:
– Азиз аке, качыңыз! Мухабат энени да ала кетиңиз, мен сизди көргөн жокмун, сиз мени...
Андан бери үч жыл өттү. Азиз баягы жумушунда. Мухабат эжесине башка жумуш таап берген, ашпозчулардын чоңу кылып дайындаган. Бул өзбек аял жетекчисине өз колу менен
түрдүү тамактарды жасап берип кубантат, Азиз болсо айлыгына кошуп сыйлык да берип коёт кээде.
Азиз мурда ушул жерде иштеген, өзүн өлүмдөн алып калган адамды издей берет. Адамдын башка мүчөсү өзгөрсө да, көзү ошол бойдон калат экен, боорукер ошол кишинин көз
карашы дале эсинен чыга элек. Аны миң кишинин арасынан жазбай тааныры турган кеп. Бирок аны менен тагдыр кездештире элек азырынча... Азиз үч жылдан бери «жаман улут
болбойт, жаман адамдар болот» дегенге ишенип калды. Чагымчынын сөзүнө кирип, баш көтөрүп, колтугуна суу бүрккөн адамдарды жек көрөт. Ошол кандуу, каргашалуу күндү
эстегиси келбейт...
Жаңыл Калыкова