Кыргызстан жакында Ош жана Жалал-Абад шаарларында үч жыл мурун болуп өткөн каргашалуу коогалаңды эскерет. Жакындарын жоготкондор, жарааты айыга элек жабыркоочулар, өрт коюлган коломтонун ээлери дагы бир ирет жүрөгүнөн ошол суук күндөрдү өткөрүшөт. Ал күндөрдү утурлай биз айрым цифраларга көз жүгүртүп көрдүк.
Расмий маалыматтар боюнча, Июнь окуясында жалпысынан 2300 имарат талкаланып-өрттөлгөн. Анын ичинен 1975и турак жай, 299 соода түйүнү, 32 мамлекеттик мекеме жана 15 инфраструктуралык объект болгон. Ош жана Жалал-Абад шаарларын кайра калыбына келтирүүчү мамлекеттик дирекциясына биринчи кезекте үй-жайсыз калган адамдарды кышка жеткирбей баш калкалоочу жай менен камсыздоо тапшырмасы берилген. 2010-жылдын августунан декабрь айына чейин жалпысынан 1780 үй-бүлөгө 2-3 бөлмөлүү батирлер салынып берилген.
Ал эми 2010-2012-жылдар аралыгында Ош жана Жалал-Абад шаарында 1576 батирлүү 36 көп кабаттуу үй курулуптур. Булардын арасынан 29 көп кабаттуу үй Ош шаарында, Ош облусуна эки көп кабаттуу үй (120 батирлүү) жана Жалал-Абад облусунда 184 батирлүү 5 көп кабаттуу үй салынган.
Каржы министрлиги 2010-жылы жабыркаган аймактарга 694 миң сом бөлсө, 2011-жылы 3 миллиард 38 миллион 421 миң 500 сом чегерген. 2012-жылы 883 миллион 700 миң сом бөлгөн.
Убактылуу өкмөт 2010-жылдын 1-сентябрында Ош жана Жалал-Абад шаарындагы жабыркаган адамдарга мамлекеттик жардам көрсөтүү тууралуу атайын токтом кабыл алган. Ага ылайык, 2012-жылдын 1-сентябрына карата 1906 үй-бүлө 138 миллион
725 миң сомдук жеңилдетилген шартта ссудаларды, кайтарымсыз жардамдарды алышкан.
Июнь окуясында ишкерлер да жабыр тартканы белгилүү. 2010-2012-жылдар аралыгындагы статистикага таянсак, ишкерлерге компенсация иретинде 425 миллион 300 миң сом таркатылган. Жыйынтыгында 10 миңдеген бизнесмен ишин андан ары улантууга мүмкүнчүлүк алган.
P.S. Эмки саныбызда Июнь окуясынан жапа чеккендердин тагдыры, бүгүнкү күндөгү абалдарына токтолобуз.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg