«Кыз-Бурак» тобунда алты жылдан бери эмгектенип келаткан Аида Маканбаева деген селки бар. Мына ошол Аида «топтон кетиптир» деген сөздөрдөн улам топтун жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасовага кайрылсак, «Аида топтон кеткен жок. Болгону болочок кайын журту келип сөйкө салып кетишти. Алардын таанышканына жарым жылдай болуптур. Күйөө баланын жерлиги Көлдөн, буюрса, жакында той болот» деген жооп узатты. Ал эми Аида топтон кеткенин өзү тастыктады. Кыздын барар жери күйөө, эртеби-кечпи баары бир турмуш жолуна аттанышат. Эгер Аида топтон чыгып турмушка аттанып жаткан болсо, бакыт кушу башыңдан кетпесин дейбиз.