«Кээде эстрада ырчыларынан «дуэт ырдайлы» деген сунуш түшүп калат. Бирок мен рэп менен эстраданы аралаштыргым келбейт» деп рэпер Бегиштин айтканы бар. Мына ушул сөзүнөн Бегиш жаза тайды. Дегенибиз, Мирбек Атабеков экөө жаңы ырды дуэт аткарганы жатканын Бегиштин продюсери Мирлан Саткымбаев билдирди. Ыр жаздыруу боюнча сунуш эки жактан тең болуптур. Демек, жакында эки мырзанын репертуары жаңыланып, күйөрмандарына жаңы дуэт тартуулашат. Таланттуу эки жигит кандай хит жаратышар экен, күтө туралы.