Актрисалыгы менен күйөрман топтогон Асема драма, боевик жанрындагы тасма тартууга катуу белсенип турган учуру. Турмуштагы ар түркүн окуялардын башын бириктирип сценарийин өзү жазып, каражат бөлүп берүүчү булакты күтүп жатыптыр. «Жай мезгилинде Стамбул шаарында тартылчу тасмага болжол менен 300 000 доллардан ашык каражат сарпталмакчы. Тасмада мен майып кыздын апасынын ролун жаратам»,- дейт Асема.