Гезитибиздин тандоосу менен «2010-жылдын супер актёру» наамын алган Камчы Сарыбаев шайыр тамадалар мекенин ачты. Команданын курамында элге аты таанылып калган актёр, ырчы, алып баруучулар бар. «Мындай кызмат көргөзүү идеясы эки жыл мурун жаралган. Бирок убактысы келип, ачылганына бир ай болду. Бизде той башкаруудан сырткары да бир нече кызматтар көргөзүлөт. Мисалы, баш кошкон жаштарга улуттук кийимдерди ижарага берүү, кимдир бирөө ат тартууласа, аны килем жаап залга алып чыгуу, эки жашты атка мингизип сейилдетүү сыяктуу»,- дейт актёр.