«Жылына эки жолудан машина алмаштыра баштадым»,- дейт темир тулпары тууралуу кеп салган Ильяз Абдыразаков. Анан да үй-бүлөсү, чыгармачылыгы тууралуу да айтып өттү.
– Ильяз, рулда жүргөнүңө канча жыл болуп калды? Алгачкы унааң кандай үлгүдө эле?
– 5-класстан бери рулдамын. Ошондо 10 жылдан ашык убакыт болуп калат экен. 2006-жылы алгачкы жеке концертимди берип, ошондон түшкөн каражатка Гольф-3 үлгүсүндөгү алгачкы унаамды сатып алгам.
– Машина аларда эмнесине көңүл бурасың? Баасынабы же үлгүсүнөбү?
– Эч качан баасына көңүл бурган эмесмин. Эгерде машинанын абалы ойдогудай болуп, жолдо калтырбашына көзүм жетсе, сатып ала берем.
– Эң кымбат жана эң арзан машинаң канча акчаны чапчыды эле?
– Эң кымбаты Ленд Крузер 35 миң доллар болсо, алгачкы алган унаам Гольф-3 3500 долларды түзгөн.
– Эгер унааң бузулуп калса, өзүң оңдой аласыңбы?
– Жок, эгерде ошентип ара жолдо калтырса, мен үчүн оңдоо кыйынга турмак. Бирок кайсы тетиги бузулганын, эмнесинен кеткенин билүүгө баш жетет.
– Ушул кезге чейин ара жолдо калган учур болду беле?
– Ооба, болгон. Тойота Марк 2 үлгүсүндөгү машинам бар болчу. Бир жолу досум экөөбүз Оштон келатып Токтогулга жеткенде кыймылдаткычы иштебей калып жатпайбы. Айла кеткенде бир КамАЗдын айдоочусу менен сүйлөшүп, ошого жүктөп алып араң Бишкекке жеткенбиз.
– Азыр Мерседес минип жүрөсүң...
– Негизи, немистердин өндүрүшүнөн чыккан автоунаалардын баары бааланат эмеспи. Анан да алардын ичинен айрыкча Мерседеске жакшы мүнөздөмө берип жүрүшөт. Ошондой эле жогорку ылдамдыкты камсыздашына көзүм жетет. Биздин жумуш графигибиз абдан жыш болуп, дайыма гастролдордо жүргөндүктөн, чыдамкай машина керек болду. Менин оюмча, Мерседес абдан сүрдүү, мырзаларга ылайык келген машина. Ошондуктан буга токтолдум.
– Унаага байланыштуу ырым-жырым колдоносуңбу?
– Ырым-жырымдарга ишенбейм. Ошон үчүн колдонбойм. Ар бир айдоочу жол эрежелерин туура сактап, чектен ашпаса эле, баары жайында болот.
– Күнүнө бензинге канча акча сарптайсың?
– 500, 1000 сомдун тегерегиндеги акча кетет.
– Унааны дайым «эркелетип» турбаса, «характерин» көргөзөт дешет...
– Чынын айтсам, меники ылай болуп кирдесе да жуудурбай айдап жүрө берем. «Мүнөзүн» көрсөтпөйт деле. Кээ бирөөлөр өтө камкор мамиле жасап жүрүп, өздөрү «нежный» кылып алышат да, анан кантип жаман жагын көрсөтпөсүн.
– Чынын айтчы, унаага көп акча коротосуңбу же жубайың Мединагабы?
– Албетте, жубайыма көп акча коротом. Андайда, тескерисинче, Медина «машинаңды жакшылап кара, ичи-сыртын жаңылап алсаң боло» деп мага эскертип турат.
– Жол эрежесин бузуп көп кармаласыңбы? Эң көп канча сом айыпка жыгылгансың?
– Ооба, көп эле кармалам. МАИчилердин кээ бири «аа, ырчы Ильяз турбайсыңбы» деп таанып, жөн гана коё беришсе, айрымдары «ырчы болсоң өзүңө» деп айып салып коюшат. Телефон номеримди алып калып, кийин чалышып, ушул убакытка чейин дос болуп жүргөндөрү да бар. Чоң суммадагы айыпка жыгылып көргөн эмесмин. Ашып кетсе 300 сомго чейин болгон.
– Медина машина айдаганды билеби?
– Ал «мага деле айдаганды үйрөтүп койсоң боло» деп айтып эле жүрөт. Бирок биз турганда аялзатынын рулда отурбай эле койгону жакшы. Мен буга каршымын.
– Машинаны канча убакытта жана эмне үчүн алмаштырасың?
– Жогоруда айткан, мени ара жолдо калтырган машинамды эле эки жыл айдадым окшойт. Андан кийинкилерин жарым, бир жылдын ичинде эле алмаштырып келатам. Негизи, кичине эле кемчилиги билине баштаса, дароо сатып, башкасын алам. Кудай сактасын, учурдагы тулпарым мени таарынта элек.
– Эми үй-бүлө, чыгармачылыгыңа да кайрыла кетели. Неге мурункудай сахнага көп чыкпай калдың? Үй-бүлө түйшүгүн тартыппы?
– Сахнага чыкпаганым менен, чет өлкөлөргө гастролдоп көп чыгып жүрөм. Жакында эле Кытай, АКШга чейин барып, ал жактагы мекендештерибизге кыргыз ырларын тартуулап кайттым. Кытайдан жөн келбей, «Таарынба» деген ырыма клип тарта келдим. Ошондой эле май айында казак жергесинде болуп өткөн сынакка катышып, алдыңкы 7 катышуучунун катарына кошулдум. Баш байгеге жетпей калдым, тилекке каршы. Бирок казак боордоштор куру койбой
30 миң теңге (10 миң сом) байгесин берип узатышты.
– Сага чалсак эле балаңдын үнү угулат. Балага Мединага караганда сен жакыныраак болуп кеттиң окшойт...
– Туура. Бала жыты башкача экен да. Мен эле эмес, үйдөгүлөрдүн баары баламды көргөндө эзилип турушат. Кадимкидей бири-бирибизден талашабыз. Жашырганда эмне, кээде Медина бошобой жатса, тамагын берип, памперсин которуп дегендей, аталык милдетимди аткарып жатам. Эгерде менин жумуштарым чыгып калса, чоң ата-чоң апасы, инилерим каралашып турушат.
– Уулуң Розандын кандай өнөрлөрү чыгып жатат?
– Кээде мен студияда ыр жазып отурганда музыка чыгып калса, бир нерсе деп эле кыйкырып, башын кыймылдатып бийлеп кирет.
– Маегиңе рахмат!
Асел Асанова
star@super.kg