БРИТНИ СПИРСКЕ ТӨРӨӨГӨ БОЛБОЙТ

Артынан ээрчиген ушактардын агымы тыйылбаган популярдуу ырчы Бритни Спирске төрөөгө тыюу салынды. Дегенибиз, бул кепти врачтар айткан эмес. Ырчы Лас-Вегастагы казинолордун бири менен узак убакытка келишим түзгөн. Келишимде ырчы жок эле дегенде акыркы бир жылда кош бойлуу болбош керек экен. Соңку убакта «ырчы учурдагы сүйүктүүсү Дэвид Лукадодон кош бойлуу» деген кептер тараган эле. Бул өңдүү сөздөрдүн аягы сууду окшойт, сыягы. Дэвидге «кыз төрөп берем» деп сөз берген Бритни эми жигитинен күтө турууну суранып, аны жубатуу үчүн каалаган темир тулпарын же көл жээгинен вилла сатып берүүгө убада бериптир. Кошумчалай кетсек, Бритнинин мурунку никесинен 2 уулу бар.

Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
AFRODITA-89
2013-06-03 10:48:38
Мына сага эй...
0
AZIK01
2013-06-04 11:20:56
бир кем дуйно суйууктусуно эле сонун болуптур
0
ulina
2013-06-04 17:03:14
куйоосу эгерде чындап суйсо Бритнини тушунуп,эч кандай белегин кабыл албаш керек эледа. значить?
0
Anjella89
2013-06-07 20:37:51
Байлыгына кызыкканда!
0
kanat4ik
2013-06-09 02:25:02
Кызга дагы зарыл экен да эээ тообо
0
KaSuBa
2013-06-09 16:15:40
эк дайыма эле альфонстор менен журо берет ушул,убагында бритнинин фанаткасы болчумун,чачын таз кылып,наркотикке берилип кеткенден кийин анча жакпай калган,бирок ырларын угам
0
№ 552, 31-май-6-июнь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан