Канн кинофестивалында PSY`дын ордуна өзү эмес, ырчыга коёндой окшош түгөйү ырдап-чоордоп, интервью берип жүргөнү айтылууда. Маалымат боюнча корей ырчысы комментарий бербесе да, интернеттеги жеке баракчасына «Канн фестивалында башкача мен жүрөм го. Менден салам деп койгула» деп жазып калтырган. Ал эми өзүн PSY атап, эки күн Канн кинофестивалында атактуулар менен сүрөткө түшүп, кол тамга берип жүргөн алдамчы франциялык 34 жаштагы Денни Карр болуп чыкты. Деннини алгачкы жолу Дублинде эс алып жүргөндө PSY`дын фанаттары кумирине окшоштуруп баса жыгылышкан.
Лунара Бекиева
star@super.kg