ХҮРРЕМ ГОНОРАРЫН ЭКИ ЭСЕ КӨТӨРҮҮНҮ ТАЛАП КЫЛДЫБЫ?

«Даңазалуу кылым» аттуу түрк сериалында Хүрремдин ролун аткарган актриса Мерьем Узерли тартуу аянтына кайра келбей калышы мүмкүн. Анткени актриса бир нече убакыт мурун өзү жашаган Германияга кетип, кайра тартуу иштерине Түркияга келбей койгон. Себебин Мерьем моралдык жактан чарчап, бейтапканага жатканы менен түшүндүргөн. Маалымат айдыңында Германияга кеткиче актриса сериалдын продюсерлеринен гонорарын эки эсе көтөрүүнү сунуштаганы жөнүндө айтылып жүрөт. Популярдуу сериалда баш каармандын ролун жараткан Мерьем бир серия үчүн 13 миң еврого жакын гонорар алары белгилүү. Бирок бул да аздык кылып, актриса сериалдын продюсерлерине кыр көрсөтүп көрөйүн деген окшойт.

Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
AZIK01
2013-06-04 11:18:31
вау ушунча акча алат бекен 1 серия учун канча серия бар ал жерде жиргап эле жатып калатго
0
kosmomir
2013-06-04 17:18:30
чет мамлекеттерде гонарар кучтуу биздей эмес!
0
raha84
2013-06-04 22:58:52
чындыгында мындай узун сериалга тартылуу адамга коп залака келтирет .ошондуктан ойлойм гонорарына дагы акча кошуп берсе деп
0
jansezim26
2013-06-05 04:35:37
эн туура,бут дуйно коргон сериалдын башкы каарманына кобуроок акча берсе берсин,бизден аны айырбасын,Мериемсиз сериал тузу жок тамактай.
+1
rozka
2013-06-05 09:58:39
Ошонд жуз серия тартылды миллардер болгон окшойт.. Хюремсиз кино кызыгы жок болуп калат кетпесе экен
0
Oshanka2013
2013-06-05 15:29:30
Турк элинин кадыр баркы учун да аягына чыгарса болмок, тарыхый болуп жатпайбы?
0
aizish
2013-06-06 06:04:04
Кинодо толукко, суротто арык эле экен жэ кино учун атайын толдубекен ээ?
0
Саби
2013-06-06 17:37:59
Мерьем Узерли чыныгы жашоодо озун Хуром кылып корсотойун деген го акча талап кылса продюс макул болсо керек анткени бул сериялды коп олколор корот да.Мен дагы ар бир сериясын кууп кором.
0
jamiyla
2013-06-07 01:41:00
Mer'em uje ketti,orduna bashka kyz kelet,jany szondo jany kyz oinoit!
0
orun
2013-06-08 19:01:06
мерьем кетсе анда сериал кызыксыз болотко. биро кечее 101-болумундо хюрремди такыр корсотподуго. менин да оюм кетти бир нерсе болгонго деп.
0
KaSuBa
2013-06-09 16:13:22
Аягына чейин эле тартылса болмок...бирок смерть хюррем деген видеодо озу эле го,аягына чн эле ойнойт болуш керек.
0
Pon4ik
2013-06-09 18:28:00
Хюррем тартылбай калса жакшы болмок.Ал мага жакпайт.Исхак
0
patma.mahmud-kyzy
2013-06-14 09:03:27
Мага жагат Хурремсиз кызыксыз болот экен кино
0
aiko-maika
2013-07-06 14:40:11
уч эсе которсо да аздык кылат,кино коркун ушул аялдын суру,сыры,манера-жесттери эле ачып тургандай...
0
jano207
2014-01-10 11:15:01
Хуррем кинонун тузу деп эсептейм, элестеткиле Хуррем жок болсо кино кандай супсак болмок.
0
№ 552, 31-май-6-июнь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан