Алпаруучу, фотомодель Ляйсан Утяшова Америкадагы клиникалардын биринде уулдуу болду. Ымыркайдын атасын экс-спортчу айым сыр тутканы менен, орус шоу
чөйрөсүндөгүлөр наристенин атасы «Comedy Club» долбоорунун күлкү жаратуучусу Павел Воля дешүүдө. Эске салсак, 1-апрель күнү интернет булактарында «Ляйсан Утяшова Павел Волянын жубайы болду, жакында наристелүү болушат» деген маалымат тараган. Муну көпчүлүк тамаша катары кабыл алып, көңүлдөн сырт калтырышкан эле. Айтор, чындыкты Ляйсан Америкадан келгенде өз оозунан угат экенбиз.
Лунара Бекиева
star@super.kg