(Башы өткөн сандарда)
Асман машинасын токтотуп күтүп турду. Колуна кучак толо гүл көтөрүп Мирзат адатынча жымыйып жетип келип:
– Кымбаттуум, сен бүгүн өзгөчө болдуң! Бул гүл аздык кылат сен үчүн!
Асман эмне кыларын билбей гүлдү алып делдейип туруп калды, «рахмат» деп коёт ооз учунан. Айтор, сүйүүдөн көңүлү катуу калган кыз жүрөгүн ушинтип күтүлбөгөн жоруктары менен жибитип алды жигит. Күндөр өтө берди, кез-кезде жолугушуп, сырдашып калышат Мирзат экөө. Мирзат ага арнап ыр да чыгарып салганын айтты бир күнү. Чыгармачылыкка аралашканы Асмандын дээрлик көпчүлүк күнү дөңгөлөк үстүндө өтүүдө. Гастролдоп Кыргызстанды кыдырып, эми Орусиянын кыргыздар көп жайгашкан аймактарына концерт коюп баратышат. Мирзат экөөнүн таанышканына 2 жылдын жүзү болсо да, ынак мамиледе болгонуна алты айдан ашты. Алгач кооптонуп, кыз кылыгына салып тоотпой, теңсинбей жүрдү ырчы жигитти. «Экөөң кыз-жигитсиңерби?» деп сурагандарга Мирзат дароо эле «жеке жашоого кийлигишмей жок, менин жашоом бул – менин жашоом, сыр» деп жооп кайтарат. Асман буга көнүп калган, анткени Мирзаттан өзү суранган «экөөбүздүн мамилени элге жайбай эле коёлу, ак көз, кара көз бар дегендей, көз тиет, сөз тиет» деген шылтоо айтып. Анткен менен акыркы күндөрү Асман баарына «ооба, биз сүйлөшүп жүрөбүз» деп айтып жибере жаздап араң токтоп калат. Ушундай күндөрү элде уу-дуу кептер жүрө баштады, «Асман менен Мирзат арзышкандар» деген. Мирзаттын апасы уккан экен, бир күнү уулунан сурады.
– Отурчу, балам, эл айтып жаткан чынбы?
– Кайсы чындыкты билгиңиз келди, апаке?
– Сени менен тиги ырчы кызды, Асманды айтам.
– Аа, эми убакыт көрсөтөт да, апа. Асманды мына бүгүн алам дегенден алысмын, көрүш керек, бири-бирибизге көнө элекпиз.
– Көнө элек болсоң эмнеге сүйлөшүп жүрөсүң, чын көңүлүң болсо ачык айт, сөйкө салып коёлу.
– Апа, баарын убакыт көрсөтөт, балким, келечекте келиниңиз башка болуп калсачы...
– Эмнеге, ага ишенбейсиңби? Бир татынакай кыз. Көрүп жатпайбызбы, бирок артында ээрчиген суук сөздөрү укмуш экен, атаңа кыйытсам «эки кочкордун башы бир казанда кайначу беле» деп кагып койбодубу.
Ушуну менен эне-бала ачык сүйлөшө албай калышты. Мирзат канчалык сүйүп-күйбөсүн, Асманды ээрчиген ушак сөздөр жигиттин көңүлүндө турар эле. Ушундай күндөрдө Асман менен таарынышып калышты. Москвага гастролдоп барышкан, концерт аяктаган соң баягы чыгармачыл «банда» шаар кыдырып эс алып жүрүштү, сүрөткө түшүштү. Эмнегедир Асмандын ачык-айкын мүнөзү жигитке жакпай турду, күйөрмандары менен кучакташып сүрөткө түшкөнү, ырчы жигиттер менен тамашалашканы кызганыч жаратты. Аны байкаган Асман ого бетер кантер экен деп сулуу сымак жигиттер менен тамашалашканын койбоду. Булардын баарын үн-сөзсүз карап отурган Мирзаттын ачуусун Асмандын телефонундагы СМСтер кайнатып, жигитти туталантып жиберди.
– Демек, сен чыгармачылыгыңа чиновниктерди аралаштырып ийген экенсиң да, жеткен акылың ушул беле? Мен сен жөнүндө элден угуп, көрө албастык деп ишенчү эмесмин!
– Бирөөнүн буюмуна уруксатсыз тийгенге, СМСти окуганга кандай акың бар?! Ооба, алар мага кезегинде жардам берген, бири апамдын таанышы, экинчиси таякем, үчүнчүсү сахнадан тапкан тагдырлаштар! Анын эмнеси жаман экен? Тааныш-тамыр, дос-туугандын кабар алышып, ал-жай сурашып турганы ушакпы? Талантымды сыйлап колдоо көрсөткөн адам сага жаманбы? Ансыз да атым жаманга жабышып жүргөндө ого бетер жараны ырбаттың, сен ишенбесең, башкаларга баш оорутуп не керек?!
Асман ачууланып бакырып ушуларды айтты. Ыйлап да алган.
– Мен сени сооротпойм, жакшысы, сахнадан гана көрүшөлү, кош!
Жигит озунуп ушул сөздү айтып ийди.
– Кош дечи. Сенин заар сөзүңдөн кийин мен колуңду кармап, көзүңдү кантип карамак элем?! Кетсең кете бер, бар, жогол!
Буулуккан кыз көөдөнү ыйга толуп, конок үйгө кирип кетти. Эртеси көзү шишип, башы ооруп, денеси жанчылып калгансыйт. Дагы 2-3 шаарга концерт коюшмак, кыз дароо чемоданын жыйыштыра баштады. Буларды тосуп алган балдардын бирине самолётко билет таап берүүсүн өтүндү эле, Кудай жалгап, бүгүн кечки саат 5ке бар экен. Кээде ууртап койчу, албетте, арак эмес, вино, коньяк, коктейль сыяктууларды. Тамеки тиштеп көрбөгөн жаны махабат дартын, өзүнө жабышкан жаман сөздү ошону менен кетиргиси келди окшойт. Ырчылардын бирөө берген кутуну алды да, бирөөнү сууруп чыгып оозуна тиштеп балкондо турат ойлуу. Алгач какап-чакап көк түтүнгө чыдабай кетти. Ага деле болбой кайра башкасын тамызып, айтор, кере-кере соруп чылымга көнө түштү. Кайра ваннага чуркап кирип, оозун чайкап, айтор, азапта Асман. Ушинтип отуруп күндүн кантип өткөнүн деле байкабады, номерде кетүү убактысын күтүп жата берди. Буларды тосуп алган бала машинасы менен аэропортко алып жөнөдү. «Жол тыгын, эки саат алдын ала чыга берели» дешти. Мына, Домодедово аэропорту. Чемоданын сүйрөп барып отургучка отурду, кайра-кайра кулагына «кош» деген үн жаңырат. Кабагы чытылып, жаагын таянып отурган сулууну көргөн Адилет бир саамдан бери андан көзүн албайт.
– Маңдайымда Асманбы? Ырчы беле, актриса беле? Керемет жан экен, карачы сулуулугун!
Адилет ушинтип кызды карап суктанып, бирок даай албай койду таанышканга. Бир аз убакыттан соң жүргүнчүлөрдү учакка чакырып калышты. Асман ар жак-бер жагын карап:
– Киргизияга уча тургандар экинчи кабатка бекен?
– Кыргызстандыктар экиге чыгабыз, ооба! Сулуу кыз, келиңиз, чемоданды мен көтөрүшө чыгайын.
– Жок, рахмат, өзүм...
Адилет мындай мүмкүнчүлүктү кантип коё берсин? Шыпылдап Асмандын жүгүн алды да, тепкичке жакындай берди.
– Оу, мынча эмне оор? Орустардын алтынын ташып кетип жаткан жоксузбу?
– Оор деле эмес, Акаев ташып келген алтынды мен мекениме жүктөп баратам!
Асман өзү тапкан сөзүнө өзү күлүп жиберди, кечээтен бери кабагы бүркөлүп, кубана элек болчу.
– Бакиевге тапшырасызбы? Же өзүңүз үчүнбү?
– Элиме, кыргызга берем алтынды, ха-ха!
– «Киргизия» десең ачуум келген эле, кайдагы орус деп, кыргыз эле турбайсыңбы. Атың ким? Меники – Адилет.
– Кыргызстан десем орус туугандар Киргизия дей берет экен, ошого көнө түшкөм го! Атымды айтпайм.
– Мен тааныйм, Асмансың да сен!
Экөө ушинтип таанышып кобураша кетишти, тагдырдын тамашасы белем, самолётто орундуктары да жанаша экен. Адилет учакта өзү тууралуу кенен айтып берди, бизнесмен
экенин, чет жерде байпак сатып жүрүп байып кеткенин да кыстара кетти. Өзүнө «эркектерге ишенбе!» деп чек койгон эле кечинде. Ошон үчүн жигиттин айткандары кулак сыртынан
кетип жатты. Өзү тууралуу эч нерсе айтпады, тескерисинче, Адилет анын жашоосун билгендей айтып кирди.
– Сахна, артист көйнөк, микрофон, гүл. Булар сага жат эмес, жүрөгүңө жакын көрүнүш да, ээ?
– Ммм...
– Азыр жарым сааттан соң Бишкекке конобуз, чет жерде жүрүп мекенимди кандай сагындым, билесиңби? Бишкектин кээ бир жерлерин унутуп да калдым окшойт. Баарынан да
кымызды, шишкебекти катуу сагындым.
– Эмне, Нарындансыңарбы?
– Түшүнбөдүм?
– Эт дебедиңерби, нарындыктар эт дегенде бети менен түшө калат го?
– Ха-ха-ха, туура. Кандай дейсиң, кара көз, экөөбүз отуруп шишкебек жегенге болобу?
–Жок!
Асман дароо жооп берди, анткени Мирзаттын ачуу сөзүн кимден чыгарарын билбей, урунарга тоо, урушарга жоо таппай турган эле!
(Уландысы кийинки санда)
Жаңыл Калыкова