ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (3-июндан 9-июнга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Бул аптада күтүүсүз окуяларга чалдыгасыз. Ар биринде туура чечим кабыл алганга аракеттениңиз. Көздөгөн максаттарыңыздан баш тартпай эле койгонуңуз оң. Бөтөн бирөөлөрдүн сөзүн укпастан, ички туюмуңузга таяныңыз. Түгөйлөр арасында калп айтуудан оолак болуу сунушталат. Болбосо көңүлдөрдүн муздап калуу коркунучу бар.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Иштерди маалында бүтүрө албай, бирөөлөрдүн колдоосуна муктаж болушуңуз ыктымал. Жардам берүүчүлөр четтен чыгат, бирок алар шектүү туюлушу ыктымал. Ишенич артпоо менен жакшы адамдардан кол жууп калуу коркунучу бар экенин унутпаңыз. Бул аптада сылыктык жана токтоолук менен жолдош болуп турганыңыз оң. Жолдо жүргөндө бир жериңизди кокустатып алуудан сак болуңуз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Мурда таарынышып кеткен адамдар менен мамилени калыбына келтирүүгө ыңгайлуу апта. Каржы жаатында ишиңиз оңунан чыгат. Кандайдыр бир жаңы иш баштоодон мурун, андан пайда табасызбы же жокпу, ойлонуп көрүңүз. Максаттардын баарын бир учурда ишке ашыруу мүмкүн эмес. Өзүңүздү бекер кыйнап, ден соолугуңузга зыян келтирбеңиз. Айрым эгиздер баш кошуу тууралуу ойлонушат.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Шартка байланыштуу ишиңизди же жашаган жериңизди алмаштырууга туура келет. Анын айынан жакын адамдар менен түшүнбөстүктөр жаралат. Сүйүү маселесин чечүүдө башкалардын жашоосуна салыштырып чечим чыгара көрбөңүз. Өз ой, көз карашыңызды айтуу менен туура жол табасыз. Ден соолук жаатында таза абага көбүрөөк чыгып, суукка урунбоо сунушталат.

АРСТАН (23.07-23.08)
Баштаган ишиңизди өжөрлүк менен аягына чыгарууга аракет жасайсыз. Жыйынтыгында ийгилик сизди куру калтырбайт. Сиз колдоо күткөн адамдар жардам бере албай калганы түйшүккө салышы ыктымал. Бирок өз күчүңүзгө ишенип чоң иштерге аттана бериңиз. Сүйүктүүңүз менен болгон мамиледе өзгөрүү күтүлбөйт. Ден соолукта маселе жаралбашы үчүн өз маалында тамактаныңыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Ишиңизде кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн. Жаңы ыкмаларды өздөштүрүүдө башкалардын кеңешине таянууга туура келет. Ага карабастан жалпысынан бул апта жакшылыктарды алып келет. Жакындарыңыз тараптан жагымдуу кабар угуп, көңүлүңүз жайгарылат. Жаңы адамдар менен таанышуунун натыйжасында бойдоктор ортосунда сүйүү романы түзүлүшү мүмкүн.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Ишиңизде башчыңыз менен тил табышпай, бир аз кейийсиз. Мурда сиз колдоо көрсөтүп келген адамдар да көңүлүңүздү калтырышы ыктымал. Жеке жашооңузда кооптуу абал жаралып, сүйүктүүңүз менен чырдашууңуз мүмкүн. Аллергияга же ууланууга чалдыкпоо үчүн жеген тамагыңызга көңүл бөлүңүз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Киреше кирет. Буга чейин жасаган ишиңиздин үзүрү сиз күткөндөн да жакшы болуп кубантат. Билимиңизди жогорулатуу максатында ар кандай ийримдерге, семинарларга баруу сунушталат. Жаңы таанышкан адамдар менен келечекте жакын досторго айланасыз. Түгөйлөр чырдын алдын алып, кайым айтышууга жол бербөөсү зарыл.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Түйшүктүү апта күтмөкчү. Андыктан токтоолук жана сабырдуулук талап кылынат. Айрыкча үй-бүлөлүүлөр чыр-чатактан оолак болуп, үчүнчү жактын сөзүнө кирбөө керек. Кандай кырдаал жаралбасын, ой калчап иш алып барган туура. Аптанын аягында мончо, укалоо ден соолугуңузду калыбына келтирүүгө өбөлгө түзөт, жыргап эс алыңыз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Апта башында ишиңиз көбөйүп, сапарга чыгышыңыз ыктымал. Үй-бүлөдө улуулар менен маселе жаралышы мүмкүн. Оюңузду толук айтып салбастан, сыр сактаган туура. Достор арасында жагымсыз ушактардан оолак болуңуз. Болбосо сүйүктүүңүз менен таарынышып каласыз. Бир жериңизди кокустатып албаш үчүн техниканы кылдат колдонуу оң.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Бул аптада кайсы жерде болбосун: иштеби, окуудабы же башка жердеби, кылдат болуу талап кылынат. Көңүл коштуктун натыйжасында каржы жана моралдык жактан жабыркап калышыңыз ыктымал. Эски тааныштарыңыз жаңы ишке өтүүнү сунушташат. Сырттан тамактанбай эле койгонуңуз туура. Азыктарды да чыгарылган убактысын карап жеңиз, болбосо ууланып калуу коркунучу зор.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Жетишилген ийгиликтерге алымсынбай, андан да бийик көтөрүлгүңүз келет. Ушундан улам мээнеткеч болуп чыга келесиз. Жагдайдан пайдаланып буга чейинки иштерди бүткөрүп калууга шашылыңыз. Апта аягында чарчоону жазыш үчүн жакындарыңыз менен табият койнуна чыгып, эс алыңыз. Ал эми жеке жашоодо кубанычтуу көз ирмемдердин болуусу күтүлүүдө.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 552, 31-май-6-июнь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан