БИР ТУУГАНЫМ – ТИРЕГИМ

Бир тууганың – тирегиң, жөлөгүң эмеспи. Алардын көптүгү бул жашоодо кошумча бакыт. Атактуулардын арасында андай бакыттын ээлери толтура, аларды көрүп алыңыз.

Алишер Тоотаев:«МЕНИН «КАПРИЗДЕРИМЕ» НАЗГҮЛ ЭЖЕМ ЖАЛГЫЗ ЧЫДАДЫ»

Бир тууган Тоотаевдер:
Салиякан
, 50 жашта, жеке ишкер
Абдымиталип, 48 жашта, мал доктур
Абдилашим, 46 жашта, юрист
Нурпаша, 44 жашта, тигүүчү
Талант, 42 жашта, жеке ишкер
Рапия, 40 жашта, жеке ишкер
Назгүл, 38 жашта, финансист
Абдырасул, 36 жашта, жеке ишкер
Майрамкан, 33 жашта, финансист
Алишер, 31 жашта, обончу, аткаруучу

-Бир тууган, балалык дегенде эле чоң энем эске түшөт. Ыраматылык ал мен 15 жашка чыкканымда дүйнөдөн кайтты. Энемдин көзү азиз болчу. Анын максаты – баарыбызга түшкү тамакты берип, арыдан-бери уктатуу эле. Анан да эшикке чыгып кетишпесин деп чоң таягын алып, босогого отуруп алчу. Башкалардан бекитип «ме, кагылайын, эч кимге көрсөтпөй жеп ал» деп момпосуй берчү. Көрсө, баарыбызга ошентип берип, көңүлүбүздү алчу тура (күлүп).
Бир үйдүн эң кенжеси эмесминби. Мен эс тартканча улуу ага-эжемдер алды-артынан окууга кетип калышкан. Үйдө менден улуу Абдырасул агам, анан 2 эжем болуп төртөөбүз жүрдүк. Эсимде, бир жолу кышында кар урушмай ойнойбуз деп эжемдин чекесин жарып алганбыз. Ошондо ага кошулуп алып ыйлаганыбызчы... Анын жарылган чекесин ата-энебизден канча жашырып жүрдүк.
Уялаштарымдын баары мен үчүн бирдей. Ошентсе да Назгүл эжемди апамдай эле көрөм. Себеби өткөөл курагымдын азабын тартып, «каприздеримдин» баарына жалгыз чыдады. Студент убагымда аны менен чогуу жашагам. Баламын да, оюма эмнелер келбейт, окууну таштап салам. Ыйлап, жалынып-жалбарып окуу жайга кайра ээрчитип барат. Эжекелеримден суранат «окуткулачы ушуну» деп. Достор менен ойноп кетип калам, дайыным жок. Кабатырланып канча түн уктабады?! Эгер ал мени сүйөп-таябаса, азыр жүрсөм керек эле эптеп-септеп. Азыр Назгүл эжеме башкача мамиле жасагым келет, ал мени асырагандай мен да аны бардык жаман нерселерден коргоп, колдосом дейм.

Мерген Турган:«БИР ТУУГАНДАРЫМДЫН ИЧИНЕН МЕН ГАНА ӨЗГӨЧӨМҮН»

Мерген Тургандын бир туугандары:
Бердибек
, 53 жашта, жеке ишкер
Медербек, 52 жашта, айдоочу
Берметкан, 50 жашта, технолог
Медалкан, 49 жашта, диспетчер
Бердигүлкан, 48 жашта, жеке ишкер
Мерген, 45 жашта, ырчы
Камчыбек, 43 жашта, айдоочу
Казыбек, 41 жашта, айдоочу
Жүзүмкан, 39 жашта, мээрман айым
Жылдызкан, 37 жашта, жеке ишкер
Кишимкан, 35 жашта, энергетик

-Бир туугандарымдын ичинен өзгөчөсү менмин, себеби баарынын фамилиясы Ырысалиев. Жалгыз мен Турганмын. Мурда мен деле Ырысалиев болчумун, бирок атамдын атын чыгаргым келди. Калгандары чоң атамдын атына жазылып жүрүшөт.
Үйдүн ортончусумун да, анан кичинекейимде ортодо эле жумуш аткарбай жыргап жүрчүмүн. Жумшаса кичүүсүн же улууларын жумшашчу да, мени эмес (күлүп). Анан менден кийинки иним экөөбүз шоктукту ой да бир кылабыз. Айылдын четинде чоң суу агат, киргилт. Жашпыз, үйдөгүлөрдөн жашынып барып жыргап ошого түшөбүз. Денебиздин баары жарылат, үйгө кайтканда улуу эжем вазелинди шыбап туруп шамалга тургузуп коёт. Эми ачышканын айтпа, ошентип 1-2 саат турабыз. Акырында чыдабай чыңырып ыйлап, «экинчи сууга түшпөйбүз» деп сөз берип кутулабыз. Кайдан, кайра эле барып түшө берчүбүз.
Дагы бир окуя эсимден кетпейт. Мен чыгармачылыкка аралашып калганымдан кийин эң улуу агам шаарга келип калды. Мен анда эчак узун чачты коюп алгам. Нарындан андайды көрбөгөн да, далай урушту го «кестир чачыңды» деп. Ал тургай ырларымды да укчу эмес, иши да жок болчу. Өзүм менен өзүм ырчы болом деп туйлаганым туйлаган эле. Азыр болсо бир туугандардын баары колдошот, сыйлашат.
Бир туугандар арасында сый-урмат аябай күчтүү. Улуу агам ата ордун басып калган. Анын айтканын айткандай аткарабыз. Мен да өз кезегинде кичүүлөр туура эмес иш кылса акылымды айтып, туура жол көрсөткөнгө аракет жасайм.

Нурзат Токтосунова:«ЭЖЕЛЕРИМ МЕНЕН СЫРДАШАМ, ЫЙЛАШАМ»

Бир тууган Токтосуновдор:
Тогузбай
, 53 жашта, агроном
Тегизбай, 51 жашта, агроном
Догдурбай, 49 жашта, куруучу
Мукамбет, 46 жашта, жеке ишкер
Гүлнара, 41 жашта, инженер
Максат, 39 жашта, жеке ишкер
Эльмира, 37 жашта, экономист
Нурзат, 30 жашта, телеалпаруучу

-Мен төрөлгөндө агаларым аябай уялышыптыр. Анткени алардын эр жетип, аскерге жөнөп турган чактары экен. Азыр айтып калышат «ошондо сендей кыз төрөлөрүн билгенде, апамдан дагы төрөңүз деп суранмакпыз» деп.
Бир үйдүн кенжеси болсом да, обу жок эркелетишпеди. Апам катуу киши, бир көз карашынан баарыбыз тизилип калчубуз. Анысы аз келгенсип, агаларым да сүрдүү. Алар менен чектен ашып тамашалаша албайм. Ортобуздагы жаш айырма да сый менен урматка гана жол берет. Ал эми эжелерим менен сырдашам, ыйлашам, баарын ошолор менен бөлүшөм.
Чынында, биздин үй-бүлө башкача. Агаларым көп болгондуктан, коргоочу чебим бекем. Эркек экенине карабай баары апама жардам берип жүрүшкөндүктөнбү, үй жумуштарына да тың. Алар мектепте окуп жүргөндө «классташтарыбыз көрбөсүн, «ии, тиги Тогузбай лагман чоюп, уй саайт экен» деп шылдыңдашпасын» деп бекинип уй саап, лагман чоюшчу экен. Алар менен кошо талаа жумуштарына да чыкчумун. Бирок менин милдетим – аларга сүйлөп берүү болчу. Жөн турмак белем, айылдагы акыркы жаңылыктардын баарын айтып берчүмүн.
Агаларым мени «жигит жандаба, мындай жүр, тигиндей жүр» деп катуу кармашкан жок. Ошентсе да негедир Максат байкемден тайсалдап турар элем. Эмнеге экенин билбейм, аны көргөндө эки бутум титиреп, жашынарга жай таппай калам десең. Маегимди окуса билет го эми, андан коркконумду (күлүп). Бир жолу апам жумушка кеткенде Гүлнара эжем жигитине жолугушууга чыгыптыр. Караса, тээ алыстан таягын көтөрүп алып апам келе жатат дейт. Байкуш эжем коркконунан үйгө чуркап кирип кетет. Артынан апамдын чапанын кийип, жоолугун салынып ушул Максат байкем кирип келиптир. Көрсө, эжемди коркутканы экен.

Атактуулардын бейнесине көз жүгүртсөк, бир тууганга бай белгилүүлөр четинен саналат. Келерки саныбызда алардын да кызыктуу окуяларына орун беребиз.

Нурдөөлөт Копоев – 16 бир тууган
Съездбек Искеналиев – 11 бир тууган
Өсөр Эшматов – 11 бир тууган
Автандил – 11 бир тууган
Сыймык Бейшекеев – 11 бир тууган
Салима Балтаева – 10 бир тууган
Майрамбек Осмонов – 10 бир тууган
Гүлнур Сатылганова – 10 бир тууган
Ырыскелди Осмонкулов – 10 бир тууган
Абдылда Иманкулов – 10 бир тууган
Нуриза Абасова – 10 бир тууган
Роза Отунбаева – 8 бир тууган

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Бир тууганым - тирегим
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Angel92
2013-06-03 14:32:21
Бир туугандын жашоодо болгон орду жогору.Бир туугандарыма амандык тилейм
0
guli09
2013-06-03 15:45:53
Aта-эне, бир тууган-кайталангыстар,аялды,куйоону,баланы кайра тапсан болот. Ата-энелерибиз, бир туугандарыбыз бар болсун.
+2
flavor
2013-06-05 09:45:34
Byr kishinin byr agasi uch balasi sogushka ketip byrynchy uch balasinan byrden byrden ajyradin degen kara kagaz kelet eken amda kishi kapa bolup beshenege jazgany da deit eken anan inisi kaza boldu degen kabar kelgende aiabai jer chapchip yilait kyiyn el nege uuldaryna minchalik yilap kaigyrbadyn dese bala meniki kaira balaluu bolo alam byr tuuganduu bolo albaim degen eken....munu da ushul super.kg saitinan okusam kerek..Menin aska zoom byr tuuganim,bek bolsun daiym omur janin.
0
flavor
2013-06-05 09:47:13
Byr tuugandarymdan 4 jildan beeri alista jurup aiabai sagyndym
0
rozka
2013-06-05 10:13:38
Бир туугандарым тынч омурлору узун болушсун бири бирибизди колдоп журо берели.. 10 бир туугандар кандай бактылуу
0
aizish
2013-06-06 09:08:33
Апам онду торойум деп кыялданчу экен. Кудайга шугур азыр бешобуз. Бирок кези келгенде аздык кылып калабыз. Менда чоон уйбулоолулорду жакшы кором. Божурашып кандай жакшы уйун толуп турса.
0
ayse
2013-06-06 15:46:40
guli09, Kuyoonu, balani kayra tapsan bolot degenin dele kandaydir bir dengeelde tuura emes. Baary Kudaydin kolunda. Cawoodo ata-enen da, bir tuugandarin da, kuyoon da, balan da bolso kanday Baktiluusun!
0
tynara81
2013-06-07 17:49:49
ayse, албетте силер айтып откон бардык жакындарын аман болсо, мындан откон бакыт жок. Бирок копчулук турмуш кургандан кийин, тугойун, бала- чакасын деп, бир туугандары экинчи планга жылып калган учурлар коп. Мындай икаялар бир туугандын ордун баса белгилеш учун айтылып келген болсо керек.
0
tynara81
2013-06-07 18:03:15
Илгерки заманда бир аялдын куйоосун, инисин, уулун падыша жазага тартат экен. Анан аялды чакыртып сага караштуу 3 киши жазага тартылыптыр, бирин гана олумдон сактап кала аласын, танда дейт. Ошондо аял бир тууганымды дейт экен. Падыша тан калып, тогуз ай которуп торогон уулун турса, балдарындын атасы турса, ининди тандадын деп сурайт. Анда аял: куйоону тапса болот, баланы кайра торой алам, бир тууганымды ата- энем кайра таап бере албайт, ата- энемден калган аманат, деген экен. Аялдын акылына ыраа
0
tynara81
2013-06-07 18:05:00
Аялдын акылына ыраазы болгон падыша, учоону тен бошоткон экен.
0
№ 552, 31-май-6-июнь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан