ОРУСИЯДА КЫРГЫЗ ЖАРАНДАРЫН ТОНОП ЖҮРГӨНДӨР КАРМАЛДЫ

Жакында Чүй ОИИББинин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын эки кызматкери Орусияда кызматтык иш сапары менен болуп кайтышты. Бир айга созулган иш сапар өз жемишин берип, алар ошол жактагы жергиликтүү кесиптештери менен биргеликте Кыргызстанда жасаган ар кандай кылмыштары үчүн эл аралык издөөдө жүргөн кылмышка шектүүлөрдү колго түшүрүшкөн. Арасында алдамчылык, каракчылык, зордуктоо, ал тургай буйрутма киши өлтүргөндөр да бар. Мындан сырткары Орусияда иштеген мекендештерибизди коркутуп тоноп, карактап жүргөндөрдү да кармашкан.

Бул тууралуу Чүй ОИИББинин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары АСКАТ АЛИЕВ төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Кесиптешим Назир Бадалов экөөбүз 2013-жылдын 19-апрелинде министрдин буйругу менен Орусиянын Москва шаарына жана Москва облусунун аймагына кызматтык иш сапары менен барганбыз. Бир ай ичинде москвалык кесиптештерибиз менен биргеликте Кыргызстанда кылмыш кылганы үчүн эл аралык издөөдөгү 13 кылмышкерди кармадык. Ал жакта иштеген биздин мекендештерибизге каршы кылмыш кылып жүргөн 7 кишиден турган кылмыштуу топтун мүчөлөрүн да колго түшүрдүк.
Бул топ түнкүсүн «жортуулга» чыгып, кыргыз жарандарын тоноп, карактап жүрүшкөн. Алар курмандыктарын Москва шаарындагы сейил бактарга, токойлорго алып барып сабап, кордоп, акча, баалуу буюмдарын тартып алып жүрүшкөн. Биз бул топтун мүчөлөрүнөн жабыр тарткан жаранды тапканбыз. Ал арыз жазып, 20 миң рубль акчасын тоноп алганын билдирген.
Оперативдүү иликтөө иштеринин жүрүшүндө Москва шаарынын «1905-жыл» метросунун жанында Азамат Асанакунов, Койчубек Жумали уулу, Абдукаим Исманкулов, Таалай Исаков, Алтынбек Бакытбек уулу жана Арзимамат Мамасадыков дегендер кармалды. Эми алар Орусиянын Кылмыш жана жаза кодексинин «тоноо» беренеси боюнча жоопко тартылышат.
Мындан сырткары Москва шаарында жана облусунда иштеген кыргыз жарандарын опузалап жүргөн Рустам Абдукаимов, Назар Шералиев, Айбек Сапарбаев жана Эдилбек Кыдышев аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү колго түшүрүлдү. Бул топ кыргыз жарандарын коркутуу менен акчаларын алып, салык салып жүрүшкөн. Алардын бири Рустам Абдукаимов Жалал-Абад шаарында буйрутма киши өлтүргөн кылмышы үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн. Кармалгандар Москвадагы изоляторлорго киргизилди. Орусиянын аймагында кылмыш кылгандар ал жактын мыйзамы алдында жоопко тартылса, ал эми издөөдө жүргөндөр жакынкы арада Кыргызстанга экстрадицияланмакчы.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Эл аралык издөөдө жүргөн 13 кыргыз жараны Орусиядан кармалды
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (50)
fenix
2013-06-06 13:40:12
колдорун кесиш керек.Кытайда ошондой закон бар.Бизге да керек ошол закон
0
Meri.91
2013-06-25 15:22:22
fenix, Туп туура айтасыз!!!
0
chinko
2013-06-06 18:25:21
Биз кыргыздар ото кыйын эл болот экенбиз мисал келтире кетсем. Документ жасап берем деп канчасын курутуп атат, орустардын жумуштарын озубуздун кыргыздарга сатышат, талап тоношот, дагы кызык нерсе орусяда хлоп деген нерсе бар ото жаман нерсе. Ошол хлопко каршы дизинфексорлорду чыкырса аларда кыргыздар, кр дан жонокой арзан пахтанын даарысын алып келип алышып ааздан сууга кошуп алышып даарылап кетишет 3 мин 4 мин рубльдан. Эки кундон кийин эле хлоп дагы эле ошол акыбал болот имиш. Укмуштар коп.
0
shiko
2013-06-07 01:38:17
chinko, ооба,мен да кубо болгом,бир кыргыз жигит оштон болот иштеп уй салып анан кетмекчи болуп кыргызстанга,(бирок жакшы иште иштечу,кунуно 5000р.таза тапчу)анан озунун жердешине,таанышына жумуш ордун 40000р.сатып кетти,бир айда эки эсе актап аласын деп,анысы карызга 40000р.таап берди.....башкага болсо бир жон эле..жумуштан кеч калсан дворлордон коркосун...
0
Gulzat.kg
2013-06-07 02:13:10
бул жакта бироого жакпай калсан эле болду экен,мындай каракчылардын номерин баардыгы эле билишет экен,салып берип коюшат экен. Бир куну квартирадагы байкенин телефондон суйлошуп жатканын угуп калдым,"менин аялыма бир бала чалып жатат,аты мындай экен,номерин берем,эмне кылышты озунор билесинер,акчасы аягында 30% меники,калганы силердики деди". Угуп алып жакамды кармадым. Ботон жерде алтын башыбыз аман болсун. Бул жерде баардыгын жаман дештен алысмын,адал эмгек менен акча тапкандар коп.
0
mhemi
2013-06-07 02:52:14
ушундай кыргыз жигиттери сырт жакта жургон,оз эмгеги менен кыйналып иштеп жаткан мекендештерибизди тоноп жаткандары окундурот.Акылынарга келгилечи сураныч.тоногондун ордуна бири бирибизге жардам берсек Кыргызстандын келечегин ойлосок,и так эле башка улуттагылар бизди басындып жатышат...
0
Toni.ow
2013-06-07 10:23:55
Москвада дал ушундайле жашоо. Кыргыздар бирин бири уруп, тономой, кидала кылмай. Кыргыз кыргызды подержка кылбайт. Не дейбиз эми айла жок.
0
kamo
2013-06-07 11:42:13
Биз кыкенбайлар башка элдерге шылдын эле болуп журобуз. Ботон эл ботон жерде ,бири бирибизди талап тоногондон коро ынтымакта журсок соонун болбойт беле. Уйбулоо багалы ,нан таап жейли деп жан талашабызго баарыбыз эле. Ошол мандай терибиз м.н тапкан ырыскыбызды талашкан ЛОХТОР!!!
0
Erik65
2013-06-07 19:10:13
Бул каракчыларды атуу упрек, болбосо мындай кликнул токтобойт. Жана булар эч кандай коомго кереги жок.
0
PROS
2013-06-07 21:29:50
Мындай зоокурлор, РФнын ар бир ири шаарларынан кенири жолугат, далай кыргыздарды какшатышкан, АРАМ ТАМАКТАР!!!
0
allan
2013-06-08 00:58:20
кыкемдерге Москвадан кой деген кожо жок,ай деген ажо жок.Кудай эле берип жатат деп оз билгендерин кылып,кутуруп эле журушот..Кандай кана окунучтуу..Кыкемдерге соз деле жок калды!!!
0
Doritos
2013-06-09 03:02:48
Россия - бардак. ошондуктан эч качан барбайм ал жерге, даже кыргыздар бири бирин тонойт экен.
Позорники! тьфу на вас мырки!
0
altinim
2013-06-09 18:29:51
Doritos,мм келбегииин туп туура айтасын баааардак
0
Belekbai
2013-06-09 15:32:12
Москвада чогуу иштеген бир бала бар еле ошол бир жолу 2кун ишке келбей калды.Анан келгенден кийин сурасак бироолор токойго апарып уруп сабап акча талап кылышып жанында жоктугунан туугандарына чалдыртып акча таптыртышыптыр.Угуп алып ишенбедик еле корсо чын айткан екен да ал бала.
0
KaSuBa
2013-06-09 16:27:33
Бироонун жеринде бири бирине жардам берип,колдоонун ордуна,кайра бири бирине кол салышат,Москвада журуп келгендиктен,коптогон мисал келтире алам...Ырас болуптур,милициянын колуна тушкондору,эми баягы кыздарды сабап,жыланачтап видеого тартып,интернетке чыгарган типа "патриот" балдарды кармашса,абдан сонун болмок.
0
moskva
2013-06-15 20:01:07
бети жоктор .Бироонун элинде Бироонун жеринде кылмыш кылган айбандар.Москвада чиритиш керек.1905-метродо бир жылдай иштедим эле.кудай сактаптыр.кудаага шугур.
0
Asul
2013-07-02 22:03:16
"Оздон чыккан жат жаман, озоктон чыккан орт жаман" деген сымал, Казакстандан инимдин айлыгын эртен, бурсугуну, хозяин эс алганы кетиптир, сен кете бер, келгенде мен алып барып берем деп коюп 5 жыл болду жок. Биз озубузду озубуз тоноп-талап жатсак, ботон эл, ботон жерде бизди ким коргойт.
0
Basmachy111
2013-07-05 14:04:52
Булар Рустамдан башкасы боштондукта. Эх мына, эмне деген шумдук. Кылган кылмшына, жаза албай боштондукта журшот. Ал эми сот итебайлар, ушинтип иштеп жатат биздин сот.
0
№ 552, 31-май-6-июнь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан