Бул жигит чыгармачылыгын куудулдуктан баштап, кийин гана кино дүйнөсүнө кадам таштаган. Алгач «Саяктар» командасынын курамында ойноп, «Тамашоунун» экинчи сезонунун чемпиону аталышкан. Андан соң «Саяктар» командасынын жигиттери тарткан «Көк салкын» тасмасында Бакулянын ролун аткарып, өзүнүн актёрдук дареметин көрсөтө алды. Бүгүнкү маектешим жаш актёр Бакыт Тынайбеков болмокчу.
КААРМАН ТУУРАЛУУ
Туулган жери – Нарын шаары
Туулган жылы, күнү – 1990-жыл, 27-июнь
Тартылган тасмалары – «Көк салкын», «Сүйөм дечи» жана жарнамалык түрмөктөргө тартылган
Терс сапаты – Кээде сөгүнүп коёт
– Салам, Бакыт! Алгач чыгармачылыгыңды элди күлдүрүү менен баштаган экенсиң...
-Ооба, Нарын шаарында окуп жүргөндө «Нарынский вариант» командасы менен Евгений Акопяндын оюнуна катышып турчумун. Кийин «Тамашоу» ачылып, «Нарынский вариант» командасы «Саяктар» болуп өзгөрүп алдык. «Саяктар» чемпион аталгандан кийин «Тамашоудон» кетишти. Ал эми биз кайра «Нарын Юнайтед» командасын түзүп, Нарындын атынан чыга баштаганбыз. Бирок үй-бүлөлүк шартка байланыштуу, анан да окуубузга тоскоол болуп, тамаша жаратканга убакыт таппай команда жоюлуп кеткен. Андан кийин жарнамага, «Көк салкын» тасмасына тартылып, актёрдук карьерамды улантып келе жатам.
– «Көк салкын» демекчи, аталган комедияга тартылууга сунуш түшкөндө дароо эле макул болгонсуңбу?
-Башында айтышкан, кыздын ролун ойнойсуң деп. Мен «ойлонуп көрөм, ойлонуп көрөм» деп жатып эле тартылып калдым. Башында бир аз чочулагам, «тууган-урук кандай кабыл алат, достор шылдыңдабаса экен...» деп. Жыйынтыгы жакшы чыкты, эч кимден деле терс пикир уга элекмин.
– «Жоолукчан сүрөтүмдү чыгарбай эле койчу» дебедиңби, эмне, уяласыңбы?
-Жок, уялбайм деле, жөн эле бир ролго таңууланып калгым келбейт. Себеби бардык жерде эле менин жоолукчан түшкөн сүрөтүмдү бере беришет.
– Кинодогу кайсы каарманың өзүңө окшош?
-Жакында эле «Сүйөм дечи» тасмасына тартылып, Адыл деген нукура кыргыз жигитинин ролун жараткам. Негизинен кыргыздын жигиттери оңой менен сүйөм деп айтпайт эмеспи. Адылдын кээ бир мүнөздөрүн өзүмө окшоштуруп жиберем. Мен да баарын ичке катып, оңой менен сүйөм деп айта албайм.
– Акыркы жолу сүйөм деп качан айттың эле?
-Мм... Качан айттым эле?.. Эстей албай жатам, жок, эч кимге айтып көрбөптүрмүн.
– Койчу?
-Чын, кинодо эле айтпасам, жашоодо айткан эмесмин (күлүп).
– Кинодогу сүйүү менен турмуштагы сүйүүнүн айырмасы эмнеде деп ойлойсуң?
-Экөө бирдей эле. Кино деле турмуштан алынып тартылат да. Бирок кинодо кичине көркөмдөлүп, кооздолуп кетет, анан сүйүүнүн кызыктуу жерлери гана сүрөттөлөт. Ал эми турмушта кызыктуусун да, кызыксызын да кезиктирүүгө болот.
– Кандай селкилерге көз кырыңды саласың?
-Мага кара чачтуу кыздар жагат. Капкара болгон чачын көрсөм, кадимкидей делебем козголуп кетет. Мага деле сулуу кыздар жагат. Мисалы, мага жаккан кыз бардык досторума жагат. Ал эми досторума жаккан кыздар мага жакпай калышы мүмкүн. Сулуу кыздарды тандоодо табитим мыкты.
– Демек, сулуу кыздарды көчөдөн көрүп калсаң мойнуңду 90 градуска буруп карайт экенсиң да?
-Билдирбей караганга аракет кылам. Алыстан келе жатканын көрүп калсам, «повод» бербей өтүп кетем. Алдымда баратса жакын басып, ашып кетпегенге аракет кылам .
– Кыздар менен кандай максатта таанышасың?
-Жакшы эле максатта таанышам. Кээде жаман ой келип калса, көңүл ачуу үчүн деле таанышып коё берем, ха-ха... Апам өлтүрөт го мени.
– Неге? Чоң эле жигитсиң го?
-Ата-эне деген ата-эне да эми (күлүп).
– Учурда жүрөгүң бошпу?
-Бош эмес. Же бош деп койсом боло береби? Бирок таарынат да (күлүп).
– Демек, сүйлөшкөн кызың бар экен да?
-Ооба. Аты – Эсена, таластык болот. Жашы өзүм менен тең. Сүйлөшкөнүбүзгө 1 жыл 2 ай болду. Кудай буюрса, үйлөнөбүз деген тилектерибиз бар.
– Сүйүктүүң эмнеси менен сени арбап алды?
-Мындай да. Мисалы, мен бир сулуу кыз менен таанышсам, аны менен жөн эле кыз-жигит болуп басканга эле таанышам. Кыз-жигит мамилесинен ары өтпөйм. Ал эми үйлөнө турган кыз менен сүйлөшсөм, анда сулуулугунан башка сапаттарын да байкаштырганга туура келет. Мүнөзүн, жан дүйнөсүн дегендей. Учурдагы сүйүктүүм үйлөнө турган кыз.
– Келинчегиң кандай адам болсо деп кыялданасың?
-Мен бир үйдүн жалгыз баласымын. Эң улуусумун, менден кийин төрт карындашым бар. Жубайым ата-энемди, бир туугандарымды өзүнүкүндөй көрүп, сыйлап берсе эле болду. Калганына, мисалы, ызы-чуу салса деле кайыл элем (күлүп). Мага ачык мүнөз, тарс-турс сүйлөгөн, далдаке, «дикий» кыздар жагат.
– Эс алуунун кайсы түрүн жакшы көрөсүң?
-Түнкү клубдарга барып бийлейм. Бийлегенди жактырам. Бая күнү досум экөөбүз супермаркетке кирсек, ритмикалуу музыка болуп жатыптыр. Аябай бийлеп, каткырып чыктык. Мурун түнкү клуб десе өлүп-талып бара берчүмүн. Азыр балык уулоого көп чыгып калдым, токтолуп калганымдын белгиси окшойт.
– Балалыгың тууралуу кеп салып берсең...
-Нарын шаарында төрөлгөм. Бала кезимде бир кызды жакшы көрчүмүн. Кошуналарым ошол кызга тийиш десе, мен башына сөөк менен бир чаап, башы канап кеткен эле. Үйгө качып барып керебеттин алдына жашынып алгам. Анан апасы келип ызы-чуу салганы эсимде. Кичинемде мени «Китайский ниндзя» деген кличкам менен чакырышчу. Бала кезде абдан тентек экенмин. Карындашым кур менен мени аябай сабачу, ал сабаса каткырып эле туруп берчүмүн.
– Бир нече сыйлыктарга көрсөтүлүп келесиң, сен үчүн сыйлык алуу маанилүүбү?
-Бизде сыйлык берилет, бирок анын сүрү жок. Алсаң деле «ии, баланча ушундай сыйлык алыптыр» деген баркы жок, баалуулугу жок. Албасаң деле ичиң ачышпайт. Тескерисинче, «мен ошол сыйлыкка жетишим керек, алышым керек» деп жан талашчудай болсо кана...
Лунара Бекиева
(Айрым сүрөттөр актёрдун өздүк архивинен алынды)
star@super.kg