Кубаныч, ыза, толкуп-ташкан эмоциянын баары 26-май күнү өткөн «Тамашоу» Жогорку Лигасынын 5-сезонунда болду. «Тамашоунун» карт бойдокторуна айланган көзүрлөрдүн тиреши катуу өткөнүн айтпасак деле белгилүүдүр.
ЖЫГЫЛГАН КҮРӨШКӨ ТОЙБОЙТ...
4-сезондун финалы эсиңиздердеби? «Моника Беллуччи» командасынын жигиттери көзүнө жаш алып, «эми ойнобойбуз» деп коркутушкан. А бирок «тамашоучулардын» кумарына айланып калган оюндан баш тартып коюу оңой эмес. «Жыгылган күрөшкө тойбойт» демекчи, команда 5-сезонго кайра катуу күч топтоп катышып, атаандаштары «Ак кеме», «No name», «Тамадалар» командасын артка таштады.
Жалпысынан финалчылар «Саламдашуу», «СТЕМ», «Ким тапан?», «Видеосынак», «Музыкалык үй тапшырма» номерлери менен күч сынашты.
Жыйынтыгында «Ак кеме» командасы 4-орунга татып, 3-орун «No name», 2-орун «Тамадаларга» буюруп, 5-сезондун талашсыз чемпиондору деп «Моника Беллуччи» аталды. Ии, баса, «сулуулукту туу туткан» жигиттердин айрымдары жеңишин көз жаш менен жуушту. Акыркы кездерде коштошуу сөздөрүсүз сезон аяктабай калбадыбы, бул ирет «No name» командасынын «эмки сезондо көрүшөбүзбү, көрүшпөйбүзбү, ал белгисиз» деп күйөрмандарына жагымсыз кабар айтканы жаман болду.
РОЗА ОТУНБАЕВА – СЫЙЛУУ КОНОК
Мындан эки жыл мурун 3-сезондун финалына экс-президент Роза Отунбаева чакырылып, келбей калган эле. Бул ирет Роза Исаковна «тамашоучуларды» чын дилинен колдогонун билдирип, маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев менен чогуу конок болушту. Ошондой эле «No name» командасы жалгызсырап калбасын деген окшойт, алыстан ат арытып Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков да келиптир.
ТАМАШАЛАР
Бүтүрүүчүлөр эстеликке сүрөткө түшүп жатышат.
– Улан, сен ким болсом дейсиң?
– Мен мыйзамдарды жакшы көрөм.
– Аа, юрист болот турбайсыңбы.
– Айбек, сенчи?
– Мен китеп таратканды жакшы көрөм.
– Аа, баптист болот экенсиң да...
(«Ак кеме»)
2013-жылдын сулуулар сынагынын финалы. Жеңилип калган кыздар сүйлөшүп жатышат.
– Хм, стерва! 25 миң сомго атайын платье сатып алсам өтпөй калдым...
– Ха-ха, ал платьени өзүң алган жоксуң да. Аны сага спонсоруң сатып берди. Ии, баса, спонсоруң канча жашта?
– Сенин спонсоруңдан 10 жашка кичүү.
– Эмне, 64төбү?
Музыкалык сынак.
Өзүн карабаган модель кызга арналат (Аваз Акимовдун «Айганыш» ырына пародия)
Сулуу, сулуу, сулуу Айганыш,
Жаш жүрөгүм сага байланыш.
Жок дегенде бир жумада бир,
Башың жууп койчу, Айганыш.
Алдыгы чачың слишком
майланыш.
«Арык күйөөнүн ыры» (Гүлнур Сатылганованын «Сени эстеп» ырына пародия)
Сени эстеп бүгүн түнү ойгоо жаттым,
Оодарылса басып калат деп
коркуп жаттым.
Ошентип түнү бою уктабастан,
Кошунаныкына барып
норма-ально жаттым.
Жаңы конуштарга арналган ыр (Т.Казаковдун «Жамгыр төктү» ырына пародия)
Жамгыр төктү эч басылбай,
Көчөлөр ылай, машинелер ылай.
Адамдар ыла-аай, бардыгы ылай,
Ак-Ордодо жашоо ушундай.
Күн суук болуп, кар да жаады,
Бүт айлана акка айланды.
А бирок Ак-Ордо баягыдай ыла-аай,
Ак-Ордодо кыш ушундай.
Жылдар учуп, кырк жыл өттү,
Жаңы конуштар бүт өнүктү,
А бирок Ак-Ордо баягыдай ыла-ай...
(«Тамадалар»)
«Кара далылар» коому:
– Келечекке кандай пландар бар? Эртерээк күйөөгө тийүү тууралуу ой барбы?
– Ансыз деле бизди «отуруп калган кары кыз» деп жатышат. Күйөөгө тийиш керек го батыраак.
– Жинди, антпе, «карысы бардын ырысы бар» деген сөз бар. Биз отура беребиз, зато ырыс алып келебиз.
(«No name»)
КИМ ТАПАН?
Замира Молдошева:
– Аялдар модасы ар түрдүү болсо, эркектердики чектелүү. Бул биздин демократиялык коомдо гендердик теңсиздик эмеспи?
– Жок, баары эле нормальный, бизде деле мода өнүгөт. Просто, силер, кыздар, байкабайсыңар да, эркектерде ич кийим мода болот. («Ак кеме»)
– Биздин деле мода өнүкмөк, эгер Замирбек Молдошев болсо. («Тамадалар»)
– Эми кыздар биздин шымдарыбызды кийип алышса эмне кылалы? («Моника Беллуччи»)
– Эже, генден башка суроо жокпу?.. («No name»)
Эрнест Абдыжапаров:
– Кыргызда «ак-кара эриш-аркак жүрөт» деген сөз бар. Силер өзүңөрдүн ак-караңарды айтып коёсуңарбы?
– Анысын билбейм, сиздин кашыңыз кара, бирок чачыңыз... («No name»)
Омар:
– Кал, калыңдан, калыңдан. Кайкалап бүткөн далыңдан... Уланткыла калганын.
– Ай, Омар, сенин жаныңдан... («No name»)
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg