Таласта 2-июнь күнү «Манас Ордо» комплекси менен Кыргыз-Түрк «Манас» университети биргеликте илимий экспедициялык иш жүргүзүшөт. Бул тууралуу Талас шаарындагы «Манас эпосу» музейинин директору Асанкул Жунушалиев билдирди. Маалыматка ылайык, экспедиция Талас–Куру-Бакайыр өзөнүндө өтөт. Экспедицияны тарых илимдеринин кандидаты, профессор Кубат Табалдиев жетектеп, анын курамын түрколог, котормочу Таалай Абдиев жана башкалар толукташат. Иш-чаранын максаты – аталган жайдагы казуу иштеринде табылган таш эстеликтерди чогултуп, «Манас эпосу» музейине өткөрүп берүү.
Гүлназ Атантаева
talas@super.kg