Талас районунун Талас-Тараз автожолунда 27-май күнү саат 15:20 чамасында жеңил автоунаа өрттөнүп кеткен. Бул тууралуу облустук ӨКМКБнын өрттүн алдын алуу боюнча бөлүмчөсүнүн улук инспектору У.Тамабаев билдирди. Маалыматка ылайык, өрттөнгөн Ауди үлгүсүндөгү унаа Кара-Буура районунун жашоочусу Айдар Масалбековго таандык. Өрт өз учурунда өчүрүлүп, бактыга жараша жабыркагандар жок жана анын келип чыгыш себептери иликтенип жатат.
Гүлназ Атантаева
talas@super.kg