Жалал-Абад шаарындагы Кыргызстан эл аралык университетинин окутуучусу пара алып жаткан жеринен кармалды. Маалыматка ылайык, аталган окуу жайдын И.Э. аттуу 3-курсунун студенти арыз менен кайрылган. Арызда аталган университеттин Жыргал аттуу окутуучусу жайкы сессиясын тапшыруу үчүн мыйзамсыз түрдө 5 миң сом талап кылып жаткандыгы жазылган. Тергөө бөлүмү тарабынан бул факт боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 225-беренеси (Кызматчылар тарабынан мыйзамсыз түрдө акча алуу) менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg