Быйылкы жыл кургакчыл келип, Кадамжай районунун аймагында марокко чегирткеси пайда болду. Бул чегирткелер коркунучтуу келип, 80 чакырым аралыкты токтобостон учуп өтүүгө жөндөмдүү болушат. Дагы бир коркунучтуу жагдай, чегиртке эгиндин кайсы түрү болбосун, ылгабай жей берет. Учурда Кадамжай районунун Ак-Турпак айылында 2100, Марказ айылында 600, Майдан айыл округунда 300 жана Орозбеков айылында 80 гектарга эгилген эгин аталган чегирткелердин айынан зыянга учураган. Жалпысынан 3080 гектар жердеги эгин зыянга учураган болсо, анын 1280 гектары дарыланууда. Жаан жааган учурда алардын уясы да суу болуп, чегирткелерди өлүмгө дуушар кылышмак дешүүдө адистер.
Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg