Баткен облусунун орто мектептеринде 6300гө жакын бүтүрүүчүнүн ичинен 3 гана окуучу артыкчылык аттестатына ээ болушту. Алар: Баткен облустук гимназия-жатак мектебинин окуучусу Айнура Ибраимова, Баткен шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Гүлкайыр Алиева жана Сүлүктү шаарындагы №8-мектептин окуучусу Айзат Муратова.
Артыкчылык аттестатына ээ болгон окуучулар республикадагы орто билим берүүчү окуу жайларга экзаменсиз, ал эми жогорку окуу жайларга негизги гана тесттен өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg