МЫЙЗАМСЫЗ САКТАЛГАН КУРАЛ ТАБЫЛДЫ

2013-жылдын 5 ай ичинде «Арсенал» операциясынын жү­рү­шүндө Кадамжай районунун аймагында мыйзамсыз сакталган 6 даана ок атуучу курал табылды.
Баткен ОИИБинин маалымат катчысынын айтымында, аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Ал эми атайын каттоодо турган мыйзамсыз ок атуучу куралы бар 118 жаран текшерилип, 28 жаранга административдик тартипте протокол түзүлүп, чара көрүлгөн. 33 жаран ок атуучу куралын мыйзамдаштырып берүүнү суранып, өз ыктыяры менен милиция бөлүмүнө тапшырышкан.
2010-жылдын ап­рель жана июнь айларында жоголгон мыйзамсыз ок атуучу курал-жарак, жардыргыч заттарды сактап жүргөн жарандарды аныктоо жана кайтарып алуу максатында Кадамжай районунда түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
manas1987
2013-06-03 20:17:15
ошентип озбектерди текшербейсинерби Автоматтар чыгат. бир кыргызды кармап жар салбай.
0
jasmin81
2013-06-03 23:40:32
Туура айтасын 1987 былтыр менин атамдын куралын бар экенин бироо ментергесатып койуп атамды 5ай чуркаты акыры акча алышып жандары тынды атам кимди атмак эле жайлоодо ит кушту коркутканга керек эле пенсианер болсо.
0
jasmin81
2013-06-03 23:49:16
Биздин центирде озбектер коп иним тун бирмаала озбектин магазинине барып кыйкырып чакырса ал уйунон сага не керек деп афтаматын которуп чыгыптыр бирок центирдеги озбектерде бардыгында куралдары бар экен аларга унчыгышпайт акча берсе биздин милитциялар алданып калаберишет.
0
zarlyk2211
2013-06-04 07:33:14
Акча берсе алданып кала беришетда.карапайым бироолорду кармашат.
0
admin_media
2013-06-04 09:24:21
toxa-90-kg,
Сизге эскертүү!
Улутуна, динине жараша бөлүп жарууга тыюу салынат! Билдирүүңүз өчүрүлдү!
0
admin_media
2013-06-04 11:10:18
baxa1980,
Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
Биз эрежеге таянып жазалайбыз! Эске алып коюңуз.
0
№ 552, 31-май-6-июнь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан