27-май күнү Кызыл-Кыя шаарында спорттун түрлөрү боюнча мелдеш болуп өттү. Бул мелдешке шаардагы ишканалардын аскер кызматындагылардан түзүлгөн 5 команда катышты. Ар бир командада сегизден катышуучу болуп, алар волейбол, футбол, аркан тартыш жана башкалар боюнча мелдешишти. Жыйынтыгында Кызыл-Кыя шаарынын ички иштер бөлүмүнүн 4-аскер ротасы жеңип, кубок жана дипломдор менен сыйланышты.
Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg