Баткен аймактык милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду бейтаптарга жеңилдетилген дары-дармектерди пайдалануунун эрежелерин маалымдоо максатында кеңешме өткөрдү.
Баткен аймактык ММК фондунун директору Камчы уулу Курбанбек элге керектүү бул маалыматтарды айтты. Облустун аймагында келишимдик негизде иштеп жаткан 5 дарыканадан орто эсеп менен 3000ден ашуун оорулуулар жеңилдетилген нарктагы дары-дармектерди алып турушат.Баткен облусунун алыскы айылдарынын тургундары жана чек ара айылдарынын элинин көбү жеңилдетилген дары-дармектерди алуунун эрежелерин биле беришпейт. Андыктан жергиликтүү маалымат каражаттарынын жардамы менен түшүндүрүү иштеринин зарылдыгын белгиледи.
Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg