Айгүл Исаева, ырчы:«КОЛДОО ЖОК БОЛСО, САХНАГА ЧЫГА АЛБАЙСЫҢ»

«Өрүкзардын алтын үнү» атыккан ырчы, көптөгөн драмаларда ойногон ролдору менен Баткенге таанылган актриса Айгүл Исаева бүгүн бизде конокто. Баарлашуу учурунда өз жашоосу тууралуу кенен айтып берди.

ИСАЕВА АЙГҮЛ ЖОЛДОШАЛИЕВНА
Туулган жылы, күнү –
1978-жыл, 1-декабрь
Туулган жери – Баткен району
Билими – Ош облусунун Анашбек Мырзабеков атындагы Жогорку колледжинде музыка бөлүмүн, БатМУнун кыргыз тили жана адабияты факультетин аяктаган
Үй-бүлөлүк абалы – 1 уул, 1 кыздын мээримдүү апасы

– Сизге көптөн бери чыгармачыл адам катары кызыгып жүргөм. Алгачкы суроом: Табиятыңыздан кандай адамсыз?
– Мен сыртымдан көргөн адамга олуттуу көрүнүшүм мүмкүн. Чынында, ачык, шайыр жүргөн жанмын. Айланамдагы адамдар «орус­тайсың, оюңдагыны түз ай­та­сың» дешет. Чын эле оюмдагыны бетке айтып жиберсем, кээ бири капа болушат. Мүнөзүм ачык, по­зитивдүү жүргөн адаммын.

– Сахна даамын канча жашыңызда таттыңыз эле?
– 9-10-классымдан тарта ырдай баштагам. Сахна десең азыр бир окуя эсиме түшүп кетти. Бир жолу Баткен районун кыдырып, элет жерине концерт берип жүргөнбүз. Дара айыл өкмөтүнө караштуу Кан айылына бардык. Айылдын баары суудай агылып келген. Менин кезегим келип, шымымдын үстүнөн эле көйнөгүмдү кийип сахнага чыккам. Ырдап жатсам көрүүчүлөр каткырып күлүшөт. Түшүнбөй эле ырымды улантып ырдай бердим. Концертибиз бүткөндө айыл башчысы менен сүйлөшсөк, ал «кечиресиңер, ушундай ыңгайсыздык болуп калды» деди. Көрсө, биз ырдап жатканда сахнанын асты жабылбай, ал жакка жаш балдар кирип алып тешиктерден бизди карап отурушкан экен. Ошондо жакшы эле көйнөгүмдүн ичинен шымымды кийип алган экенмин дегем.

Жашоодо кандай ураан менен жүрөсүз?
– Элдин түшүнүгү ушак-айың кептер менен калыптанып калганы мени аябай өкүндүрөт. Кыргыз академиялык драма театрынын башкы режиссёру, КРнын Эл артисти Замирбек Сооронбаев Баткенге келип «Өксүгү күчтүү өмүр» аттуу драманы койгондо мага «чыгармачыл адамдарды дайыма ушак кептер ээрчип жүрөт. Ага көңүл буруп убактыңды, алыңды коротсоң, эч качан ийгиликке жете албайсың» деген сөзү чоң таасир берди. Ошондуктан учурда «ит үрө берет, кербен жүрө берет» деген ураан менен жашап калдым.

– Турмушта кыялыңыздагы мырзага жолуктуңузбу?
– Ойлоп көрсөм, «жолдошум мындай же тигиндей болсун» деп да кыялданган эмес экенмин. Мен таенем менен таятамдын колунда чоңоюп калдым. Андыктан «аял – үйдүн куту» деген түшүнүктү жан дүйнөмө сиңирип коюшкан. Алар тандап берген адамга эле турмушка чыккам. Миң «үйдүн кутун сактап калайын» дегениң менен, өзү айтып тургандай эле, турмуш экен. Эки жолу турмушка чыгып, жолум болбоду. Учурда жашоомдун мааниси болгон бир уул, бир кызым бар. Бактылуу энемин. Балдарым аталары менен жолугуп турушат, саламыбыз түз.

– Кечирилгис ката кетирип өкүнгөн учурларыңыз болгонбу?
– Андай учур болгон, бирок аны жалгыз өзүм гана билем. Башка эч ким билбейт.

– Келечектеги пландарыңыз тууралуу бөлүшө кетсеңиз...
– Буга чейин жалаң үй-бүлө деп жашачу элем, азыр чыгармачылыгымды өркүндөтүүгө умтулуп жатам. Биздин чыгармачылыгыбыздын аксаганынын дагы бир себеби – колдоо жок. Жергиликтүү ырчыларга, артисттерге колдоо жок болгондон кийин чоң сахнага чыгууга мүмкүнчүлүк аз болот экен.

– Жакында актрисалык өнөрүңүз үчүн сыйлыкка татыдыңыз. Бул эки кесиптин кайсынысы сиздин жан дүйнөңүзгө жакыныраак?
– Эки кесипти бөлбөйм. Биз ырдап жүргөн учурда Баткенде театр жок болчу. Минтип убакыт өтүп, бизде да театр ачылды. Театрда бир канча роль жаратып, актрисалыкка болгон кызыгуум күчөп барууда. Жакында эле «Өксүгү күчтүү өмүр» аттуу драмада роль аткаргам. Драманын ачылыш аземине 1 ай калганда биздин тообуз болгон атам кайтыш болуп кетти. Мындай учурда көңүлүңө эч нерсе сыйбай калат экен. «Эми спектакль эмне болот?» деп кабатырландым эле, Замирбек Сооронбаев «сени ушунча эл, кесиптештериң карап турушат, алар үчүн болсо да роль жаратышың керек. Бул нерсе менин да башыма келген. Бишкекте роль жаратып жатканда «атаң каза болду» деген кабар келген. Бирок мен ошол жерден таштап кетип калган эмесмин, өзүмдүн ишимди аягына чыгаргам» деп айтты.

Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Aizat.kg
2013-06-05 16:33:59
Чыгармачылыгыныз оркундой берсин.Балдарыныздын бактысына аман болунуз.Бакыт каалайм.
0
kanat4ik
2013-06-09 02:36:22
Бул эже коптон бери корунбой кеткен болчу, сизди ото терен сыйлайбыз, жок болуп кетпей бат-баттан жакшыы ырлардан чыгарып турунуз
0
Саби
2013-06-09 11:46:38
Эмнегедир ырчы деген коп болуп кетти.Кайсынысын эстеп каларынды да билбейсин.Бирок жакшы ыр озу эле мээнде калып калат.
0
admin_superstan
2013-06-10 09:24:46
prezent, далили жок жалаа жабууга тыюу салынган.
Азырынча эскертүү!
0
№ 552, 31-май-6-июнь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан