1-Июнь – Балдарды коргоо күнү. Ушул майрамды утурлай, анан да Энелер күнүнүн урматына Нарын районунун Жан-Булак айылындагы А.Жутакеев атындагы орто мектебинде «Мини Мисс-2013» кароо-сынагы болуп өттү. Кичинекейлердин өнөрү ата-энелерди да, көрүүчүлөрдү да кубантты.
«АПАМ ЭКӨӨБҮЗДҮН ФАНТАЗИЯБЫЗ»
Кичинекей кыздар арасында өткөрүлгөн сулуулар сынагы адаттагыдан башкача болду. 10 катышуучу башталгыч класстардын арасынан тандалгандар. Анан да ар бир тапшырмада апаларын даңазалап жатышты. Бул энелерге өзгөчө белек болду десем жаңылышпайм. Айрыкча айыл жергесинде энелер күнүмдүк түйшүк менен алышып жүрүп балдарына түзүк көңүл бура албай калышат. Же мындай таланттары бар экенин этибар албай баланын жөндөмүн бекер өчүрүп алгандар канча.
Өзүн тааныштыруу, улуттук кийимдердин көргөзмөсү, бий өнөрүн көрсөтүү, «Эне жөнүндө баллада» темасындагы көркөм окуу, «Апам экөөбүздүн фантазиябыз» аттуу чыгармачылык менен тигилген көйнөктөрдүн көргөзмөсү жана кичинекей кыздардын колунан келген алгачкы аракеттер – ийне саптап, топчу кадоо тапшырмалары болду.
«Апам экөөбүздүн фантазиябыз» аттуу көйнөктөрдүн көргөзмөсү чоң кызыгуу жаратты. Кыздар түстүү кагаздардан, гүлдөрдөн, картадан, жылтырак баштыктардан, салфетка жана түстүү скотчтордон жасалган көйнөктөрдүн түрлөрүн кийип чыгышып, жылмаюу тартуулашты.
КЫЗДАРГА БУЛ СЫНАК САБАК БОЛОТ
Таймаш деген таймаш, андыктан алардын арасынан бири жеңет, бири жеңилет. Айрым жеңишке жетпей калган кыздардын апалары калыстарды кайра саноого аргасыз кылып, талаш жаралды. Ал эми жеңишке жетишип, белектерин кучактаган бөбөктөр мага ар түрдүү көйнөктөрү менен сүрөткө түшүп берип жатышты. Алардын ичинен баш байгени 3-класстын окуучусу Мээрим Чолпонбек кызы жеңип, «Мини Мисс» аталды. 1-орунду 2-класстын окуучусу Баяна Алтынбек кызы, 2-орунду 2-класстын окуучусу Аманда Марс кызы, ал эми 3-орунду 3-класстын окуучусу Аймаанай Тилек кызы жеңип алды.
Аталган мектептин башталгыч класстар секциясынын жетекчиси АСТРА АСАНКОЖОЕВА төмөндөгүлөргө токтолду:
– Мындай кароо-сынакты өткөрүү көптөн бери эле оюмда жүргөн. Азыр 7 жаштан 11 жашка чейинки кыздар апасына кол кабыш кылып, жаңыдан эмгекке, үй тиричилигиндеги түйшүккө аралашып келе жаткан чагы болот эмеспи. Маселени жеңилдетүү үчүн ушул сыяктуу сынактарды өткөрүп, башка окуучуларга үлгү катары бир нече окуучуну «типтүү каарман» кылып алганыбыз эффективдүү болот.
«Балдар – биздин келечегибиз» деген ураан көп айтылары чындык. Бирок алар кандай тарбияланып, кандай чоңоюп келе жатканына жараша келечектеги коомду мүнөздөөгө болот. Майрамыңар менен, бөбөктөр!
Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg