25-майда Нарын шаарындагы Муратбек Рыскулов атындагы музыкалык драма театрда Эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Ал Нарын шаарынын негизделишинин 145 жылдыгына жана Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин 17 жылдыгына арналды.
Алгач келген конокторго Нарын шаарынын тарыхы жөнүндө документалдык фильм көрсөтүлдү. Конференциянын жүрүшүндө Нарын шаарынын негизделишине зор салым кошкон улуу инсандар Турдуке баатыр менен Карымшак хандын эмгектери да айтылды.
Эскерте кетсек, 2013-жылдын сентябрь айында Нарын шаарынын 145 жылдыгы, Турдуке баатыр менен хан Карымшактын 200 жылдыгы белгиленгени турат.
Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg