Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында көп эле чиновниктер коррупцияга айыпталып, камакка алынып келген. Алардын дээрлик 90 пайызы соттон кутулуп чыгат. Анча-мынча соттолгону революциялардын шары менен акталып кетет, «саясий туткун» аталып.
Бишкек шаардык соту мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировду 5 жылга эркинен ажыраткан эле. Бул аптада экс-министрдин арызын караган Жогорку Сот шаардык соттун өкүмүн күчүндө калтырды. Равшан Сабиров эми Жогорку Соттун чечимин кайра карап чыгууну талап кылып, кургак ачкачылык жарыялап, суу ичүүдөн баш тартты. Абалы жакшы эмес экенин Акыйкатчы институту, анын жактоочусу И.Айткулов кабарлады.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg