Жанры – мелодрама, романтика
Режиссёру – Ли Чжэ Дон
Сценарийин жазган – Мун Хи-Жо
Башкы ролдордо – Пак Ючхон, Юн Ын Хе, Ю Сын Хо жана башкалар
Сериясы – 21
Сериялардын узактыгы – 60 мүнөт
Тарткан өлкө – Түштүк Корея
Чыккан жылы – 2012
АЙТЫЛБАЙ КАЛГАН БАЛАЛЫК СҮЙҮҮ
Су Ён жакыр үй-бүлөдө өскөн өспүрүм кыз. Классташтары аны ыңгайы келсе кайсы жерде болбосун кемсинткенге даяр турушат. Анткени Су Ён мектепте «адам өлтүргүчтүн кызы» атка конгон. Чынында, кыздын атасы күн-түн дебей ичип, үй-бүлөсүнө зомбулук көрсөткөн кызыл камчы эле. Анан да «жашы жете элек өспүрүмдү өлтүргөн» деп шектелип, кылмышкер атка конгон. Атасы каза болгондо Су Ён сүйүнгөнүнөн көз жашын көлдөтө ыйлайт. Себеби апасы экөөнө кордук көрсөткөн аракеч атасы эч качан кайрылып келбесине биротоло көзү жетет.
Курбу-досу жок, дайыма сулуу жүзүн узун чачына жашырып адамдын көзүнө тике карай албаган Су Ён бир мектепте окуган Чжон Унун көңүлүнө түшүп калат. Чжон У Кореядагы эң ири компания башчысынын уулу эле. Жалгыз Чжон У гана Су Ёнго кол сунуп достугун сунуштап, өзгөчө мамиле кыла баштайт. Ал күндөр аралыгында Чжон Унун атасынын душмандары буйрук менен аны уурдап кетишет. Досун уурдап баратканын көргөн Су Ён аларды ээрчип унаасына отуруп алат. Уурдаган адамдар кызды сабап, зордуктап, Чжон У бошонуп, коркконунан качып кетет. Су Ёнду зордуктаган адам аны өлтүрүп салганын мойнуна алат. А бирок өлтүрүлбөй эле Су Ёнду жолдо качып бараткан жеринен досу Кан Хен Чжун (Гарри Боррисон) сактап калган эле. Ошол окуядан кийин Чжон У менен Су Ёндун сүйүүсү айтылбаган бойдон кала берет.
Арадан жылдар алмашып отуруп 14 жыл өтөт. Чжон У Түштүк Кореянын эң престиждүү деп эсептелген Каннамгу районунда детектив болуп иштейт. Полиция кызматкери болуп иштегенинин да жөнү бар, анткени ал Су Ёндун өлүмүнө такыр ишенчү эмес. Ал эми Су Ён келечектен көптү үмүттөндүргөн башталгыч дизайнер, АКШда иштеп, жигити Гарри Боррисон менен жашайт. Тагдыр жолу Чжон У менен Су Ёнду кайра табыштырып, сериалдын жүрүшүндө чиеленген окуялар, өкүнүч, таарыныч, сүйүнүч баары биригип фильмдин «хеппи энд» менен бүтүшүнө көмөктөшөт. Андыктан сериалды көрүп баштаган болсоңуз, жүз аарчыңызды даярдап алыңыз.
АКТЁРДУК КУРАМДАН КЫЙНАЛЫШКАН
Чү дегенде эле сериалдын жаратуучуларына актёрдук курамды түзүү кыйынга турган. Себеби сценарийдеги жазылган персонажга туура келген белгилүү корей жылдыздары бошобой же шарты туура келбей, көпчүлүгү баш тартып коюшкан. Учурдагы тартылгандар да Кореянын эң алдыңкы актёр, актриса, ырчы, моделдери. Ошол себептен сериал элге бат кабыл алынган. Түштүк кореялык көрүүчүлөр тасманы «сюжети татаал, сиңирүүгө кыйын» дешсе, чет өлкөлүктөр «көз жашсыз корей сериалдары кызыксыз» деп корейлердин талуу жерин чымчып өтүшкөн.
КЫЗЫКТУУ МААЛЫМАТТАР
СЕРИАЛДАГЫ БАШКЫ КААРМАНДАР
Толук аты – Пак Ючхон (детектив Чжон Унун ролунда)
Туулган жери – Түштүк Корея, Сеул
Туулган жылы, күнү – 1986-жыл, 4-июнь
Лакап аты – Микки Ючон
Кесиби – ырчы, рэпер, композитор, модель, актёр жана популярдуу үч жигиттен турган «JYJ» тобунун мүчөсү.
Бою – 180 сантиметр
Фортепиано, гитара, клавишалуу аспаптарда ойнойт. 6-классынан баштап АКШда жашаган. Үй-бүлөдө эки бир тууган, иниси да актёр. Сеулдагы заңгыраган вилланын жана 1 миллион долларлык яхтанын ээси.
Толук аты – Юн Ын Хе
Туулган жери – Түштүк Корея, Сеул
Туулган жылы, күнү – 1984-жыл, 3-октябрь
Кесиби – актриса, ырчы, модель
Бою – 168 сантиметр
15 жашында кыздардан түзүлгөн популярдуу «Baby VOX» тобуна кабыл алынган. 2005-жылы жеке карьерасын улантууну каалап топтон кетет. 2006-жылы тартылган «Сарай» сериалында баш каарман Син Чхе Гёндун ролун аткарган актриса. Журналисттердин «Сени сагынам» сериалындагы ролу тууралуу «атактуу Пак Ючхон менен Ю Сын Хонун сүйүүсүн кантип бөлүшүп жаттыңыз?» деген суроосуна актриса «өнөктөштөрүмдүн тажрыйбалуулугу 100 пайыз ролумду берилип аткарышыма жардам берди. Экран артындагы сүйүү мамилесине жол берген жокпуз» дейт.
Толук аты – Ю Сын Хо
Туулган жери – Түштүк Корея, Сеул
Туулган жылы, күнү – 1993-жыл, 17-август
Кесиби – актёр, модель
Бою – 175 сантиметр
Ю Сын Хо аталган сериалдагы ролу жөнүндө «Кан Хён Чжун айымдарга кылган мамилеси жагынан абдан өзүмө окшош. Юн Ын Хеден 9 жаш кичүү болгонума карабай сериалда өз каарманымдын сүйүүсүн жеткиликтүү бере алдым деп ойлойм. Анан да Ын Хе экөөбүз тасма талаасында жакшы тил табышып жаттык» дейт.
Лунара Бекиева
star@super.kg