Жакында эле парламентте «Адамдардын органдарын же ткандарын трансплантациялоо жөнүндө» мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу мыйзам долбоору угузулуп баштады. Бул мыйзам өлкөбүзгө канчалык пайда, зыян алып келерин иликтеп көрүүнү чечтик.
ОРГАН АЛМАШТЫРУУ УКУГУН ЖЕКЕ МЕНЧИК ООРУКАНАЛАРГА БЕРИШ КЕРЕКПИ?
Бул мыйзам долбоорун иштеп чыккан эл өкүлү Игорь Гусаровдун айтымында, Кыргызстандагы Адам органдарын трансплантациялоо институтунун негизделгенине 10 жылга чукул убакыт өтсө да, бул аралыкта бөйрөктү алмаштыруу боюнча болгону 8 гана операция жасалган. ИГОРЬ ГУСАРОВ парламент жыйынында буларга токтолду:
– Адамдын денесиндеги кандайдыр бир орган жетишпеген учурда аны алмаштыруу туура чечим болот. Мисалы, бөйрөктү алмаштырбаса бейтап өлөт же болбосо өмүр бою гемодиализге (бөйрөктүн ордуна 1 жумада 3 ирет 4 саатка атайын медициналык аппарат аркылуу адамдын канын тазалап туруу) муктаж болуп калат.
Учурда 260 адам өлкө бюджетинин эсебинен бекер гемодиализ алып турат. Мындан тышкары дагы 740 адам кезек күтүүдө. Бөйрөк алмаштыруу операцияларын жасоого бүгүнкү күндө мамлекет техникалык жактан даяр эмес. Ал эми гемодиализ алуунун баасы өтө кымбат. Ошондуктан адам органдарын которууга жеке менчик ооруканаларга уруксат беришибиз зарыл. Донор болууга макулдугун берген туугандардын тектештигин паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк аркылуу оңой эле билүүгө болот. Биз мындан коркпошубуз керек, бул органдарды трансплантациялоого муктаж оорулуулар үчүн маанилүү.
«БАРА-БАРА БУЛ ЖОЛ КРИМИНАЛДАШЫП КЕТҮҮСҮ МҮМКҮН»
Эл өкүлүнүн бул демилгесине Саламаттыкты сактоо министрлиги кошулбайт. Себебин Жүрөк хирургия жана органдарды алмаштыруу илимий изилдөө институтунун трансплантация бөлүмүнүн башчысы, медицина илиминин доктору ЖАМАЛБЕК АШИМОВ мындайча түшүндүрдү:
– Биз адамдардын органдарын алмаштыруу боюнча жеке клиникаларга уруксат берүүгө такыр эле каршы эмеспиз. Бирок азыр эрте, анткени коркунучтуу жагдайлар бар. Биринчиден, органдарды алмаштыруу өкмөттүн көзөмөлүндө болуп, мындай операциялар акысыз жасалышы керек. Анткени бөйрөк оорусу менен ооругандардын басымдуу бөлүгү колунда жок адамдар. Бирок биздин мамлекеттин бюджетинде акча таңсык болгондуктан, ооруган адамдар өзүнүн эсебинен 417 700 сомдун тегерегинде акча төлөп, операция жолу менен бөйрөгүн алмаштырат. Бул акча биздин операция жасаган акыбызга же айлыгыбызга кетпейт, болгону оорулуунун операциясына жумшалуучу дары-дармекке, керектүү наркоздорго гана жумшалат. Жогорудагы минималдык суммадагы бааны монополияга каршы комитет менен бирге бекиттик.
Экинчиден, бир мүчө берүүчү ошондой эле алуучу киши экөө генетикалык жактан айкашуусу же тууган болушу зарыл. Аны тактоо аябай татаал, ал үчүн көптөгөн лабораториялык изилдөөлөр керек. Бара-бара бул жол криминалдашып кетүүсү мүмкүн. Бирөөлөрдү коркутуп-үркүтүп, тууган-урук деп документтерин жасатуу коркунучтары бар. Өзүңүздөр билгендей, биздин өлкөдө паспорт маселеси деген бар. Мисалы, чет өлкөдө деле кыргыз паспорту менен кармалгандар кездешет. Мындан тышкары дагы бир чоң маселе: бизде азыр орган которуу боюнча 2 гана мекеме иштеп жатат, адистер жетиштүү эмес. Эгер жеке ооруканаларга органдарды которууга уруксат бериле турган болсо, анда адистер жеке ооруканаларга кетип калышы мүмкүн. Болбосо жеке ооруканалар чет өлкөдөн адистерди чакырып, операция жасатышы ыктымал. Эгерде чет өлкөдөн жогорку билимдүү, тажрыйбалуу адистер келип, бизди үйрөтүп кетсе жакшы. Бирок тажрыйбасы аз же адам органдарын бул жактан чет өлкөгө сатуу ою бар адистер да келиши мүмкүн. Мындай болбойт деген кепилдик жок.
«Жүрөк хирургия жана органдарды алмаштыруу илимий изилдөө институтунда 10 жыл аралыгында болгону 8 гана орган алмаштыруу операциясы жасалган» деген туура эмес маалыматтар кетип жатат. Биз 10 жылдан бери 8 операция жасаган эмеспиз. 10 жылдан бери даярдык көрүп келдик. Анткени өкмөттө акча жок, жетишпеген жабдыктарды өзүбүз демөөрчү издеп, кошумча каржылоо булактарын таап, адистерди чет өлкөлөрдөн даярдап келип, 2012-жылдан тартып операция жасап баштаганбыз. Ошентип, 1 жылга жетпеген мөөнөттө 8 операция жасалган.
«ЖЕКЕ МЕНЧИК ООРУКАНАЛАР ӨЗ КЫЗЫКЧЫЛЫГЫН ОЙЛОП ЖАТЫШАТ»
Жүрөк хирургия жана органдарды алмаштыруу илимий изилдөө институтунун башкы дарыгери АРТУР ЖУМАНАЗАРОВ буларды кошумчалай кетти:
– Бизге жапжаш балдар «каалаган суммадагы акча берсеңер, бир бөйрөгүмдү сатам» деп көп кайрылышат. Кредит алып, төлөй албай калган кары кишилер да келишет. Ал байкуштар ошого мажбур. Эгерде органдарды которууга жеке менчик клиникаларга уруксат берилсе, ошолорду аз акча үчүн алдап макулдугун алып, жасалма документ менен тууган-туушканы кылып органдарын албайт деп ким кепилдик берет?! Мисалы, азыр гинекологияны алалы. Бизде аборт жасатууга уруксат жок деп жатат. Ал эми жеке клиникаларда канчалаган аборттор жасалууда. Аны ким көзөмөлдөп жатат? Ошол сыяктуу биз бөйрөк же башка органдарды сатканга бүт дүйнөгө база болуп калбайбызбы? Бул өтө коркунучтуу.
«Башка дарыгерлер келип операция жасайт, анан бизге пайда түшпөй калат» деп корккон жокпуз. Мекендештерибиздин келечегин ойлоп жатабыз. Бизге келип, «эптеп менин бөйрөгүмдү сатып бергиле» дегендер да бар. «Андай мыйзам жок» деп айтабыз, себеби бизди өкмөт көзөмөлдөйт. Түнкүсүн операция жасап жаткан жеке клиникалар бар. Ошолорду ким карайт?! Паспорт жасоону жакшылап көзөмөлдөй албаган өкмөттүк органдар ошол жеке клиникаларды көзөмөлдөй алабы? Жеке ооруканалар орган алмаштырууга эмнеге кызыгып жатат? Себеби мындан пайда түшөт. Медицина жактан кайсы тармагынан пайда түшсө, ошону алар талашат. Мисалы, стоматология, гинекология – кирешелүү иш да, ээ? Караңыздарчы, азыр жадакалса бир базарда эле 20-30 жеке стоматология бар. Булардан киреше көп түшкөн үчүн жеке клиника ачууга кызыкдар. А эмнеге жүрөккө операция кылууну талашпайт? Себеби аларга көп дары-дармек кетет, чыгашасы көп. Ал эми бөйрөктү алмаштыргандан кийин ага бирөө жооп бериш керек да. Мындайда эми жеке ооруканалар жооп береби? Чет өлкөдөн келген адистер кымбат баада операция жасайт да, акчасынын жарымын өзү алып, жарымын жеке ооруканага таштап, кайра кетип калат. Анан кайра эле өкмөт дарысын алып бериш керек.
Муну чындыгында жеке клиникасы бар ишкерлер ушул маселени көтөргөн депутаттар аркылуу өз кызыкчылыгын көздөп жатышат. Эгерде милиция, прокуратура сыяктуу органдарыбыз таза иштесе, мыйзам таза иштесе, анда бир жөн эле. Ошонун баарын таразага салып, туурабы же туура эмеспи, элдин ал-акыбалына жараша чечим кабыл алыш керек. Эгер бүгүн бул мыйзамга уруксат берсе, анда жанагы көчөдө кредитинен кутулам деп бөйрөгүн сатмакчы болгон аялдардын бардыгы эртеңки күнү эле ыйлап чыгышат. Жеке оорукананы бирөө бекер операция жасайм деп ачмак беле? Эгер чындап эле патриот, билими жогору адистер болсо келсин, бизге жардам берип, биз алган айлыкты алып иштешсин! Эгер чындап эли үчүн күйсө.
Бул маселе чындыгында эле элибиздин келечеги, ден соолугу үчүн олуттуу. Мындан сырткары, кинолордо көрүп жүргөндөй, адамдарды уурдап кетип, денесинин бир мүчөсүн алып, таштап кетсечи... Мындайда жети өлчөп, бир кесиш керек.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg