КӨЧМӨН

«КӨЧМӨН» – тээ 18-кылымдагы эли-жери, мекени үчүн кызмат кылган Абулхаир хан, Аблай хан, Төлө бий сыяктуу чыгаан тарыхый баатырлардын жашоосунун негизинде тартылган тарыхый драмалык голливуд-казак фильми болуп эсептелет. Фильм­де мекенге болгон сүйүү жогорку деңгээлде чагылдырылып берилет. Мындан сырткары казак баатырларынын укмуш өнөлөрү, эрдиктери да камтылат.

Режиссёрлору – Сергей Бодров, Иван Пассер, Талгат Теменов Сценарийин жазган – Рустам Ибрагимбеков. Продюсерлери – Рэм Бергман, Павел Дувидзон, Милош Форман. Башкы ролдордо: Мансур – Куно Беккер, Шариш – Марк Дакаскос, Эрали – Жей Хернандез, Гаухар – Аянат Эсмагамбетова.

ФИЛЬМДИН МАЗМУНУ
18-кылым. Тээ илгерки күч­түү­лөрдүн күнү тууп, алсыздардын шору куруп турган мезгил. Кытай, Россия жана Тибет менен чектешкен казак элине жоолашкан жуңгарлар улам кол салып, малын талап, жерин басып алып турат. Казак баатыры Ораз жакын арада казак элинде баатыр туулаарын, ал казак элин, жерин душмандардан коргоп, ар жакта чачылып, өз ара жоолошуп жүргөн казак урууларын бириктирээрин алдын ала айтат. Айткандай эле казак ханы Вали Мансур аттуу уулдуу болот. Бул жөнүндө кабар алган жуңгар эли өз­дө­рүнүн баатыры Шаришти баланы өлтү­рүү үчүн жөнөтөт. Бирок, Ораз баланы сактап калып, аны атасынан сурап алат. Баланы өз колуна алган Ораз ага кошуп дагы бир топ казак баланы казак элинин келечеги үчүн күчтүү, эч нер­седен тайманбас баатыр кылып тарбиялайт. Ал жакта Мансур менен кошо карапайым койчунун баласы Эрали чогуу тарбияланат. Ал экөө күч жагынан да, акыл жагынан да, айла жагынан да деңгээлдери бирдей болуп, бирге өсүп чоңоюшат. Со­гуш сырларын, ай­ла-амалдарын үйрө­нүп эр жетишкен эки жигит ченемсиз сулуу, акылгөй Гаухарды сүйүп калышат. Бирок, экөө тең достугун кыя албагандыктан, сезимдерин ал сулууга билдире алышпайт. Ошентип, экөө сезимин билдире албай жүргөн маалда жуңгар эли казак элине согуш ачат да, Шариш баатыр Гаухар сулууну онунчу аялдыкка алуу үчүн туткунга алат. Аны куткарууга жөнөгөн Эралини кармап алышат да, андан көп өтпөй ыйык даракка сыйынып жаткан жеринен кармалган Мансур менен жекеме-жеке урушка чыгарышат. Мансур болсо аны тааныбай жуңгар деп ойлойт да, өлтүрүп салат. Жуңгар элине өзүнүн ченемсиз айлакерлигин, баатырдык өнөрүн көрсөткөн Мансурду акыры уу берип өлтүрмөк болушканда ошол эле жакта туткунда жүргөн Гаухар куткарып чыгат. Аягында Мансур өз элин душмандардан коргоп, жерине тынчтык орнотуп, бардык казак урууларын бириктирет.

ФИЛЬМДИН ФИЛОСОФИЯСЫ
Фильмдин максаты биринчиден, учурда бүткүл дүйнө жүзүн тумоо сыяктуу каптап келе жаткан глобализациядан сактоо, өз элинин тээ ата-бабадан бери улан­тылып, укумдан тукумга өтүп келе жаткан маданият, каада-салт, үрп-адатын унутпоо. Экинчиден, улут жарандарынын, өзгө­чө жаштардын патриоттуулук сезимин ойготуу, чыгаан тарыхый инсандар сыяктуу эли-жер, мекен үчүн кызмат кылууга үндөө болгон.

ФИЛЬМДИН ТАРТЫЛЫШЫ
Казак элинин тарыхы жөнүндө фильм тартуу идеясы Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев тарабынан жаралган. Ал Рустам Ибрагимбековду өзүнө чакырып, сценарий жазууну сунуштайт. Сценарий даяр болгондон кийин президенттин өзү фильмдин бюджетине 34 миллион доллар бөлүп, голливуд актёрлорун фильмге тартылууну сунуштайт.
Фильмди алгач америкалык режиссёр Иван Пассер казак режиссёру Талгат Теменов менен биргеликте тарта баштаган. Бирок, бул өтө чоң долбоорлуу фильм болгондуктан, съёмка маалында татаал маселелер чыгат. Аны менен бирге кар жаап кирет да, режиссёр минип турган ат жыгылып кетет. Араң турган режиссёр фильмди мындан ары тарта албасын айтып, жумушун жарымынан таштап кетет. Кийинчерээк америкалык режиссёрлор уюмунан мындай татаал шартта америкалык режиссёрлордун иштей албастыгы тууралуу кат келет. Ошентип, фильм тартуу жарымынан токтоп калат. Кийинки жылы мындай татаал шартка көнгөн орус режиссёрун – Сергей Бодровду («Брат» фильминдеги Сергей Бодровдун атасы) чакырышат да, фильм тарткан топтун курамын өзгөр­тү­шөт. Бактыга жараша, фильм ийгиликтүү тартылып бүтөт. Сергей Бодров үчүн бул фильмди тартуу кыйынчылык туудурбайт. Себеби, ал аз убакыттан кийин «Монгол» аттуу фильм тартканга даярданып жүрөт жана ал фильм сюжети боюнча «Көч­мөнгө» окшоп кетет.

ӨЗ ОБРАЗЫН ЖАКТЫРГАН МАРК ДАКАСКОС
Жуңгар элинин баатыры, фильмдеги терс каарман Шариштин ролун белгилүү америкалык актёр Марк Дакаскос аткарган. Шариштин ролу эң оор, эң кызыктуу ролдордун бири. Бул жөнүндө Марк Дакаскос өзү: «Менин аткарган ролум өзү­мө абдан жакты. Көпчүлүк Шаришти терс каарман, начар адам катары карашат. Бирок, ал өз элине пайда келтиргенден, эли үчүн кызмат кылгандан башка эч нерсе деле кылган жок да. Себеби, Шариш катылбаганга өзү эле тийишпеген адам» деген оюн билдирген.

Даярдаган Айым Сариева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 204, 29-сентябрь-5-октябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан