Нурлан, Асел:«ДОСТУКТАН СҮЙҮҮГӨ БИР КАДАМ»

Бул ирет биз менен маектешкен «Супер-Инфонун» тандоосу боюнча «2012-жылдын супер ырчы мырзасы» наамын алган Нурлан Насип жана назик ырчы Асел Кадырбекова болду. Эки жаш аларды ээрчиген түркүн кептерге чекит коюшмакчы.

– Салам, Нурлан! Такыр тааныш эмес адамдын сага болгон сынына кандай карайсың?
-Андай учур көп болот, бирок сынды укчу адамдардан гана кабыл алам. Ар кимдин табити ар кандай да, бирине менин кийингеним жакпайт, экинчисине өзүм жакпайм. Кээде интернеттеги баракчамда күйөрмандарым урушуп да кетишет. Алардын баарын окуп жетишпейм. Учурдан пайдаланып, кыздарга жеке баракчаңардан урушкула, менин талкууларымды көбөйтпөй демекмин (күлүп).

– Эгер бир күнгө кызга айлануу мүмкүнчүлүгүн алсаң, эмне кылмаксың?
-Ой, мен эгер сулуу, өң-келбетим келишкен кыз болсом, кыздардын аң-сезимин билгенге аракет жасамакмын. Алардын негизги сырлары кандай, жигиттер менен таанышуудагы «фишкасы» эмне экенин билгим келет. «Подружкаларды» таап алып жигиттерди сындырмакмын, ха-ха.

– Сен үчүн өбүшүү – бул...
-Мен ар кайсы кыз менен эле өбүшө бербейм. Өбүшүүнү жан дүйнөмө жакын кызга ичимдеги сезимимди, ага болгон жылуу мамилемди чагылдыруучу күзгү деп эсептейм. «Улуу сөздө уят жок» демекчи, адамдар ар кандай болушат. Балдар бар, убактылуу кызыкчылык үчүн түркүн нерселерге барышат. Менин жан дүйнөм ага жол бербейт.

– «Айта албайм» деген ырыңды Аселдин туулган күнүнө арнап, көчөдө ырдап куттуктаган экенсиң...
-Кудай сактасын, башка ырды ырдагам, ха-ха. Андай болгон эмес. Өзүмдү анчалык романтик деп ойлобогон экем, андай да колдон келет бекен? Таң каларлык... Эч нерсе дей албайм, муну угуп оозум ачылып калды.

– Бир учурда «Асел менен чогуу жашайт» деген сөз тараган эле...
-Бул кеп бизге жабышты да калды. Мындай кеп ата-энеме өзгөчө катуу тийди. Андан кийин үйдө чоң чогулуш болуп, тарбия-таалим боюнча «лекция» окулган. Менден да Асел кыз бала, ага кыйыныраак болду окшойт. Ал экөөбүз аябай жакын доспуз.

– Асел менен доспуз деп жүрүп сүйүүгө өтүп кетпейсиңерби?
-Чынын айтсам, Кудай билет, ай, ким билет, ким билет?.. Балким, тагдырым ага байлангандыр?.. Экөөбүздүн турмуш жолубуз бирдир, азыр бир нерсе деш кыйын. Элдеги жүрөк менде да бар, мага жар болчу айым чын эле Аселби, баарын убакыттын сынына койдум. Балким, чын эле жарашып, жанашып каларбыз, ээ (күлүп)?

– Кыз-жигит мамилесиндеги негизги нерсе эмне?
-Баарынан мурда сый болуш керек. Азыр жигитин башкарган кыйын кыздар көбөйдү. Ага менин көз карашым терс, кыз бала назик, ийкемдүү жан болушу керек. Мусулманчылыкта эркек кишини башкарган аялзаты катуу талкууга алынат. Бизди сыйлаган кыздарга андан өткөн сый кайтарабыз. Ошондуктан, карындаштар, антпегиле демекчимин.

– Принципиалдуу жана пунктуалдуу адамсыңбы?
-Анчалык эмес, мисалы, тишимди сөзсүз 2 жолу жуушум керек деп өлүп баратсам да жуубайм, кол тийгенде дебейинби (күлүп). Пунктуалдуулук боюнча айтсам, мурда өз убагында келүү деген мага өлүм болчу, азыр чоңойдумбу, бир топ жоопкерчиликтүү боло түштүм.

– Асел, айтсаң, Нурлан экөөң тууралуу «сүйүшкөндөр» деген сөздөр чыкты...
-Ырчылыкка аралашкандан бери ушул сөз мага жабышып алды. Ооба, чын эле бирге көп жүрөбүз. Экөөбүздүн табитибиз дал келет, ошондуктан досум катары аны ээрчитип алам. Нурланга кийим тандашам. Ал менин эң жакын досум, бул сүйүүдөн да бийик турган сезим. Азырынча элге кыйратып атым деле чыга элек. Бирок кептер айтылса, демек, эл мени тааный баштады, мен жөнүндө сүйлөп жатат, ошого кубанам.

– Нурланга болгон сезим сүйүүдөн да бийик турса, «достуктан сүйүүгө бир кадам» дегенге кандай карайсың?
-Азыр бир нерсе деп айтуу кыйын. Андай болушу деле мүмкүн же такыр тескерисинен чыгып калар. Кана эми досуңдан сүйүктүүңдү тапсаң? Анда келишкен түгөй болуп эле жарашып калабыз го...

– Өзүң айтпадыңбы «элге анча атым чыга элек» деп. Нурлан экөөңөргө тиешелүү бул кеп сага пиар болуп жатат деп ойлойсуңбу?
-Чынын айтсам, ушинтип жарнамаланбай эле койсом жакшы болмок. Себеби элге таза, назик кыз катары таанылгым келет. «Нурлан менен Асел никесиз жашап алышыптыр» деген кеп мага пайда алып келбеди.

– Биринчи өбүшүүнү ар бир адам эстеп калат дешет. Сен да унутпагандырсың...
-Ооба, андай нерсе унутулбайт го. 9-классты бүткөндө жигитим менен өбүшкөм (күлүп). Азыркыдай ар кандай түрлөрү болот экенин деле билбепмин анда. Эптеп үйрөнгөнбүз иши кылса :)

– Акыркы жолу качан ыйладың?
–Аябай жашыкмын, ошондуктан болор-болбос сөзгө көзүмдө жаш даяр турат. Бир ай мурун катуу ыйладым. Буга жеке жашоомдогу маселелер себеп болду.

– Өзүңдү маңдайга жазылганы болот деп өзүн тобокелге салган адам деп эсептейсиңби?
-Мен аябай жалкоомун, ошого кээде «болгону болот да» деп койгон учурлар кездешет. Бирок өзгөрүүгө умтулуп, өзүмдүн кемчиликтерим менен дайыма күрөшүп келем.

– Матриархатты тандайсыңбы же патриархаттыбы?
-Экөө тең мага өөн учурайт, болочокто менин үй-бүлөмдө теңчилик болсо дейм. Теңсиздикке жөн карап тура албайм. Себеби эркек киши менен аялзатынын укуктары бирдей. Эч бир эркекке мени басынтып, багынтып алуусуна жол бербейм.

– Маегиңерге рахмат!

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Нурлан & Асел: "Достуктан сүйүүгө бир кадам"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (46)
Aisuluu7
2013-06-12 16:17:46
Суйуу жаралып келе жаткан экен,аны эми улантасынарбы жокпу экоон гана чечесинер.
0
Zemlyanin
2013-06-12 21:28:00
oooo kyrgyzy men'we zavesti I nenavisti k dryg drygy)))) Asel chynynda da tatynakai waardyk kyz eken tobo Nyrlan menen jyrgonyno ichenbeim piayr dep ele oiloim. Nyrlanda popylayrnost' ele bar artynda kyiratkan nersesi dele jok. Emne Aseldi ailga alparyp otyrgyzaby? Baikyw ech kozym jetpeit. Dos ele boiuncha kalychkany on. Aselge kolynda bar adam kerek Nyrlanga jonokoi ele kyz tyyra kelet dep esepteim.
0
Baltuwka
2013-06-12 21:47:44
Бири бирин чынында суйуп калышса Асел айылга чыдайт Нурлан шаардык кыздын жооруктарына макул болот.Экоо тен жонокой адамдар.
0
cosmopolit
2013-06-12 23:30:06
Тишин ондотуп алса абдан сонун болмок экен...
0
jaynak
2013-06-13 00:51:55
бактылуу бол нурик.
0
Marinka
2013-06-13 03:11:06
Асел, имиджин жакты, жасалма деген сыяктуу создорго: ичин куйсо туз жала, жата калып муз жала деп кой да конул бурба...
0
Suluu Jigit
2013-06-13 10:25:59
Эгер кыз бала уй-булоодо тендин болушун каалайм деп айткан болсо анда ал уй-булосун башкаргысы келип жатканынын белгиси Асел Нурланды башкаргысы келген окшойт
0
Atamdynkyzymyn
2013-06-15 01:05:59
Mm.Маек жакшы болуптур.Кызык Нурлан !А неге кечээ Киев кочосундо Караван соода борборунун жанында экоо эки башка кетип баратасын?Нурлан 10 метр алдыда.Артында шашпай жай басып Асел.Повод бербей.:).Ушак ээрчибесин дегенсинер го.Туура кылыпсынар.
0
Atamdynkyzymyn
2013-06-15 01:10:40
Гезит саткан дукондун сыртында биздин СУПЕР ИНФО илинип туруптур.(сайтка катталгандан бери гезит сатып ала элекмин).Карап отуп баратып капыстан сол жакты карасам Нурлан келатат.Так ушул кийимчен.Кызык азыр эле гезиттен кордум эле деп ойлогуча мандайымда Асел келатат.Ал да ушул койнокчон экен.Экоо тен коз айнечен.Бирок тааныласынар,баары бир.:) :) :) :)
0
shuma94
2013-06-15 01:16:19
суйлогон созунордон эле билинип турат бирок чындыгында суйуу бардай го
0
jyldyzay
2013-06-15 04:31:38
Талантынарга ийгилик! Ар ким мандайына жазылганын коротда.
0
aminali
2013-06-16 19:34:12
Ayabai jawy korom uwul balany dagy kyzdy dagy!
0
aizish
2013-06-17 05:53:01
Ушу кыз эмнегедир жакпайт жээ мурда озубектердин каналында, озбектер менен иштегенгеби билбейм. А сулуулугунда соз жок.
0
diana.12
2013-08-06 04:25:49
Нурлан весельчак,Асель умная приятная
0
ernispatriot
2013-10-13 10:57:57
cosmopolist""''nurlandyn tiwi mn iwin bolbosun ok kudaidyn buiurgany da
0
№ 553, 7-июнь-13-июнь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан