ШЕКЕРБЕКОВ РЫСБЕК ТУРСУНБЕКОВИЧ
1983-жылы 23-мартта Жумгал районунун Чаек кыштагында төрөлгөн.
2005-жылы калыстыкты аркалай баштап, 2011-жылы ФИФАнын нормативин толтурган.
– Рысбек, акыркы кезде итиңиз чөп жеп жатат десек болобу?
– Андай деле эмес. Бизде КРнын Футбол федерациясынын астында калыстар боюнча иш алып барган департамент оюндарга бекитишет. Калыстын ойной турган командалар менен тааныштыгы, тажрыйбасы каралат.
– Суперфутбол тууралуу сүйлөшөлү. Мелдеш боюнча пикириңиз...
– Мелдеш жогорку деңгээлде өттү. Бул жолку мелдеш менен «Супер-Инфо» гезити өлкөдө футболду жайылтып чектелбей, кыз-келиндер футболуна да олуттуу кадамын көрсөттү.
– Сиздин футбол талаасында калыс болуп калууңуз кокустук эмеспи? Дегеним, бизде калыстарды даярдоочу жайлар эми ачыла баштабадыбы...
– Мен КРнын Дене тарбия жана спорт академиясынын футбол, регби жана теннис кафедрасында окугам. Кафедра башчысы Бинаретдин Султанбаев агай өлкөгө белгилүү калыстар Бахадыр Кочкоров менен Волковдун устаты болот. Ошол киши мени да ээрчитип, үйрөтүп жүрдү. Бул кесипти аркалай баштаган күндөн тарта билем, өтө түйшүктүү кесип. Утулганга да, утканга да жагыш кыйын. Ар бир оюнчунун мүнөзүн, оюнун түшүнүш керек. Эң негизгиси, чыдаш керек.
– Биздеги калыстардын деңгээли Кыргызстандын чемпиондугуна жараша дешет, кошуласызбы?
– Кыргыз калыстарына Азиянын Футбол конфедерациясы жакшы баа, мүмкүнчүлүк берет. Ошол себептүү биздикилер Олимпиада оюндарында, Дүйнө чемпиондуктарында, конфедерациялар Кубогунда, Клубдар аралык Дүйнө чемпиондугунда калыс болуп жүрөт. Эреже боюнча АФКнын калыстары УЕФАнын желеги астында өткөн мелдештерге чыга алышпайт. Азыр Кыргызстандын желегин футболчулары эмес, көбүрөөк калыстары чет жерде желбиретүүдө.
– Кирген голду эсептебей же калыс өзү катачылык кылса ФИФА кандай жаза карайт?
– Ал калысты командасы менен мелдештен четтетет. Ошондуктан калыс оюн жүрүшүн окуп, түрдүү кокустуктарга психологиялык жактан даяр болуш керек. Калыс да ката кетирет. Бирок жардамчы калыстар ага байланышта болуп, калыстарга гана тиешелүү болгон тил, дене тилдери менен айтчусун айтып турат.
– ФИФАнын калыстар курамына кирүүдө калыстар кандай эрежелер менен тандалат?
– Бул үчүн калыстар атайын теориялык, практикалык, психологиялык жана бир катар фитнес тесттерден өтөт. Практикамдан бөлүшсөм, мен жаш футболчулар менен көп иштешкем. Ошол жерде чоң оюндай эле эреже сакталат.
– Футбол калысты шаштырып, чечимди бат чыгарууну талап кылат. Оюндан кийин ойлоносузбу?
– Сөзсүз анализ кылып, сабак алам. Туура эмес чыккан айрым чечимдер кишини такшалтат. Негизи, карманып, психологиялык жактан сынбаш керек.
– Кээ бир калыстар оюнга жолтоо болбойт. Кээлери майданда баш каарман болуп алышат. Сизчи?
– Майданда бардык эреже сакталып жатса, калыстын көрүнүүсүнө кажет деле жок да. Мен жолтоо болбогонго аракет кылам.
– Дүйнөдө кайсы калысты өз милдетине так деп айта аласыз?
– Пьерлуижи Коллина, Ховард Уэбб, Массимо Бузакка, Равшан Ирматов сыяктуу калыстарды баалайм.
– Футболго видеокайталоону киргизүүгө кандай карайсыз?
– Калыс видеокайталоону карап анан чечим чыгарганын мен колдобойм. Майданда видеокайталоосуз эле калыстар жетиштүү.
– Кандай мелдешти же кандай беттешти алып барсам деп кыялданасыз?
– Кыял дейбизби же үмүт дейбизби, 2022-жылы Катарда өтүүчү мундиалга баруу үчүн кыргызстандык калыстардын мүмкүнчүлүгү бар. Негизи, калыстар үчүн бардык оюн, бардык мелдеш кызыктуу өтөт.
– Тарбиялануучуларыңыз барбы? Суперфутболдо сизге жардамдашып жүрүштү...
– Ал балдардын көбү Дене тарбия жана спорт академиясын аяктаган (төмөндөгү сүрөттөгү жигиттер). Учурдан пайдаланып, КРнын Футбол федерациясына, калыстар комитетинин башчысы Ерощенко Юрий Александровичке, кафедранын башчысы Кадыр Чыныбеков агайга ыраазычылык билдирем. Конфедерациялар Кубогуна кетип жаткан Бахадыр Кочкоровго ийгилик каалайм!
– Кыргызстанда атайын калыстарды даярдоочу ийрим ишке киргенин билебиз...
– Ооба, КРнын Футбол федерациясынын астында агайыбыз Бинаретдин Султанбаев атындагы калыстар мектеби ачылды. Быйыл 3-бүтүрүүчүлөрүн уядан учурду. Материалдар менен да Футбол федерациясы каржылайт. Негизи, Кыргызстанда футбол боюнча эл аралык мелдештер көбүрөөк өтө баштабадыбы. Мунун баары эле калыстардын өсүүсүнө салым кошот деген ойдомун.
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg