КРнын Футбол федерациясынын демилгеси менен быйыл да Легендалар Кубогу уюшулду. 29-майда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо бул жолку Кубок үчүн «Алай»- «Абдыш-Ата» футбол командалары оюн өткөрүштү. Беттештин кадырлуу коногу легендарлуу француз футболчусу Кристиан Карамбё болду.
Кристиан Лали Карамбё
Туулган жылы, күнү – 1970-жыл, 3-декабрь
Туулган жери – Лифу шаары, Франция
Амплуасы – Жарым коргоочу
Жетишкендиктери – Мадриддик «Реалдын» курамында УЕФАнын ЧЛсынын 2 жолку жеңүүчүсү , Франциянын курамында Дүйнөнүн (1998) жана Европанын (2000) чемпиону
Карамбё «Реалдан» тышкары франциялык «Нант», италиялык «Сампдория», англиялык «Мидлсбро» жана грециялык «Олимпиакос» клубдарында топ тоголоткон. Аны «дүйнөдө жеңиш үчүн жанын да, атаандашын да аябаган оюнчу» деп билишет. 1998-жылы словакиялык супермодель Адриана Скленарикова баш кошуп, 2011-жылы ажырашкан. Бул нике да футболчуга кошумча атак алып келген.
Учурда УЕФАнын ыйгарымдуу элчиси.
ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНУ КЫРГЫЗСТАНДА!
Эсиңиздерде болсо, Легендалар Кубогу былтыр УЕФАнын президенти Мишель Платининин катышуусунда тушоосун кескен. Быйылкы конок атак жагынан Платиниге жетпесе да, футбол дүйнөсүндө бир топ аброю бар Кристиан Карамбё болду. Ал сыйлуу конок катары оюнга трибунадан көз салуунун ордуна, Кубок үчүн ат салышкан «Алай» (Ош шаары) менен «Абдыш-Ата» (Кант шаары) командаларынын курамында 15 мүнөттөн оюн көрсөттү. «Бөрү карыса да бир койлук алы бар» дегендей, Карамбё футболдук карьерасын эчак жыйынтыктаса да, чеберчилиги али сакталуу экендиги байкалды. Оюнда канттыктар 2:0 эсебинде жеңип, 2013-жылкы Легендалар Кубогунун ээси болду. Өткөн жылы Мишель Платининин колунан дал ушул Кубокту алган «Алай» наамын тарттырып жиберди. Кубокту ушул күндүн каарманы, легендарлуу футболчу Кристиан Карамбё тапшырды. Бул күнү биздикилер Карамбёдон ала тургандын баарын алышты. Футболчулар Дүйнө жана Европа чемпионунун чеберчилигинен сабак алышса, сүрөткө түшүп, кол тамга алгысы келгендер да максаттарына жетишти.
«КЫРГЫЗДЫН НАНЫ ЖАКТЫ»
30-майда Кристиан Карамбё атайын журналисттер менен жолугушуу өткөрдү. Бир катар суроолордун ичинен таасир калтырганы, Кыргызстандын жаратылышы жана тамактары боюнча айткан жообу болду. «Кыргызстан Щвейцария сыяктуу тоолуу, кооз өлкө экен. Улуттук байлыкты сактап жашаганына баа бердим. Кыргыздын нанынан тарта бешбармак, шишкебегинен ооз тийдим. Эмдиги келишимде да элди ушундай март, тамактарын даамдуу жолуктурам деп ишенем»,- деп билдирди. Футбол жаатында болсо таланттардын көптүгүнө токтолуп: «Талант менен алыс барыш кыйын, көбүрөөк эмгек керек»,- деп толуктады кебин.
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg