Роза Азимбаева «Министрдин кызынын махабаты», «Соолуган карек» сыяктуу бир нече тасмада актриса катары таанылган. Жакында эле «Роза арабга турмушка чыгыптыр» деген маалымат тарады. Тасма айдыңында чогуу иштешип жүргөн режиссёр Рустам Аташов «мен да Розанын турмушка чыкканын уктум. Сүрөттөрүн көрүп, башка улуттагы мырза экен деп калганбыз» деп, сөздөр жөн жеринен чыкпаганын айгинеледи. Роза Дубайга барып эс алып келгенин интернет баракчасындагы сүрөттөрүнөн көргөнбүз. Балким, Дубайга барганда болочок жолдошу менен таанышкандыр.