ИЗДЕЙМ СЕНИ

«ҮЙҮБҮЗДҮН МУРУНКУ КОЖОЮНУН ТАППАЙ ЖАТАБЫЗ»
– 2003-жылга чейин Тогуз-Торо районуна караштуу Казарман айылындагы Нур-Жайык кичи районунда 17-үйдүн 33-батиринде жашаган Ахмед Кудайбердиевди жана келинчеги Элмира эжени издейбиз. Себеби биз Ахмеддин бажасы Анарбектен жана анын келинчеги Гүлмирадан үй сатып алган элек. Үйдүн кожоюну Ахмед экен. Аны менен байланышалы деп таппай жатабыз. Себеби үйдү каттоодон өткөрүш керек болуп жатат. «Алар Орусияда иштеп жүрүшөт» деп угуп калабыз. Тааныгандар болсо бизге байланышат деп ишенебиз.

Бакыт, тел.: 0557 40-20-00, 0702 82-01-86

«АТАМДЫ НЕБЕРЕЛЕРИ МЕНЕН ТААНЫШТЫРГЫМ КЕЛЕТ»
– Атам Аралбаев Тилек (Аскер) Эсенович 1953-жылы 20-июнда туул­ган. 1988-жылы Орусияга иштегени кеткен. Акыркы жолу 1991-жылы «Якутияда иштеп жатам» деп кат жазган. Андан бери көп убакыт өтсө да, ошол боюнча кат-кабар жок.
Биз Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Кытай айылында жашайбыз. Үй-бүлөбүз, неберелери атамды күтүп жатабыз. Атам тууралуу маа­лы­ма­ты­ңар болсо бизге чалып, кабарлап кою­шу­ңуз­дарды суранабыз.

Уулу Иличбек Аралбаев,
тел.: 0771 86-25-21, 0773 39-55-81

«ГРУППАЛАШЫМДЫ ИЗДЕЙМ»
– Мен 2002-жылы БГУЭПтин, азыркы КЭУнун колледжинде (ТЭК) финансы жана кредит факультетинин банк иши адистиги боюнча 27-А тайпасында чогуу окуган группалашым Кыял Тилек кызын издейм. Кыял, сени издеп, социалдык түйүндөрдөн да таппай келем. Эгер ушул катты өзүң же сени таанып-билгендер окуп калса, мага сөзсүз байланышып койсоңор.

Алтынбек Беккулуев,
тел.: 0700 02-53-02 же аltyn.312@mаil.ru

«КУРБУМ НУРГҮЛ, КАЙДАСЫҢ?»
– Курбум Нургүл Эргешалы кызын издейм. Билишимче, Аксы районунун Кербен шаарындагы мектептердин биринде мугалим болуп иштейт. Өзүм Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарында жашайм. Нургүл, эгер бул катты окуп калсаң, мага байланыш.

Курбусу Мира,
тел.: 0554 91-20-28

«НЕБЕРЕМ МЕНЕН ЖҮЗ КӨРҮШКҮМ КЕЛЕТ»
– Уулум Жаныбек Кедеев 1991-жылы үйлөнүп, 1992-жылы Алмаз аттуу уулдуу болгон. Турмуш деген татаал нерсе да, пикир келишпес­тиктен 1995-жылы келиним Калбү Темирова менен ажырашууга аргасыз болушту. Неберемди энеси ээрчитип кетти. Көп өтпөй Калбү келиним башка күйөөгө чыгып, Алмазды агасы Кыяз Темировго берип жибериптир. Таякеси неберемди өз колуна алып, фамилиясын өзүнүкүнө которуп алыптыр деген кабар уктум. Алмазга ушу кезге чейин биз жөнүндө айтпай, бизге да жолугууга мүмкүнчүлүк беришкен жок. Неберемди көп жылдан бери издеп, таба албай жүрөбүз. Эгер табышып калсак, Алмазды биз алып албайбыз. Жүз көрүшүп, кайсы жерде жашап жатканын, эсен-соолугун билип турсак деген ой. Менин дарегим: Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Тоо айылы.

Чоң атасы Бадан Кедеев,
тел.: 0550 36-82-14, 0770 36-82-14

«КУРСТАШТАР, КАЙДАСЫҢАР? »
– 1973-жылы КУУнун тарых факультетин бүтүргөн курсташтарымды издейм. Жолугуп, студенттик күндөрдү эстейли.

Кыялбек Сасыкулов,
тел.: 0779 60-54-84

Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр­сөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 47-43-43

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 553, 7-июнь-13-июнь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан